Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:12

Кумарпоздук - "жукса" айыкпаган илдет


Казино
Казино

Экономика министрлиги "Манас” аба майданынын аймагында чет өлкөлүктөр үчүн казино ачуу демилгесин былтыр жыл этегинде көтөрдү.

Кыргызстанда кумар оюндарына 2012-жылдын 1-январынан тарта тыюу салынганы жалпыга маалым. Кумар оюндарга чектөөлөр акыркы төрт жылда бул тармакта эмнени өзгөрттү? “Азаттыктын” кабарчылары апта темасы аркылуу коомчулукка эң кеңири тараган кумар оюндары жана аларга байланышкан мыйзамдуу, мыйзамсыз көрүнүштөр тууралуу айтып беришет.

Айыл жерлеринде бекерчиликти карта чаап өткөрүү айрыкча кыш күндөрү кадимки эле көрүнүш. Шеринеде же баткендиктер айткандай, жоро-жолдоштор, кошуналар гапка чогулганда дээрлик көпчүлүк учурда азыраак акча коюп карта ойношот. Карта чапмай эрмекпи же кумарбы? Баткенден кабарчыбыз Жеңиш Айдаров баяндайт.

please wait

No media source currently available

0:00 0:03:06 0:00
Түз линк

Учурда Ош шаарында кумарканалар кадимкидей иштеп жатат. Жаштар арасында кумар оюндарына берилип, сабагына, үй-бүлөсүнө карабай кеткен көрүнүш жоголо элек. Ош милициясы болсо шаарда кумар оюндарын токтотууга мүмкүн болбой жатканын моюнуна алат. Кененирээк аймактык кабарчыбыз Ыдырыс Исаковдун аудио макаласында.

please wait

No media source currently available

0:00 0:03:03 0:00
Түз линк

Жалал-Абаддын Сузак жана Базар-Коргон районунун тургундары кечкисин жашыруун жана ачык түрдө иштеген акча коюучу интернет оюндарына каттап турушат. Жергиликтүү калк аны жабуу керектигин айтышканы менен, интернет оюндары азырынча ишин токтото элек. Адистер бул жагдайды мыйзамдагы алешемдиктер менен байланыштырат. Теманы кабарчыбыз Руслан Калматов улантат.

please wait

No media source currently available

0:00 0:03:52 0:00
Түз линк

Кумар оюндарга азгырылуунун арты адамды оор тагдырга кирептер кыларын турмушта жолуккан көптөгөн көрүнүштөр далилдеп келатат. “Азаттыктын” кабарчысы жолуктурган жигит бала кезинен компьютердик оюнга азгырылып кетип, өзүнүн бекем эрки, ата-энесинин колдоосу аркылуу бул илдеттен кутулган. Белгилүү себептер менен ысымы өзгөртүлгөн Акжол жана анын атасы менен кабарчыбыз Зайырбек Ажыматов баарлашты.

please wait

No media source currently available

0:00 0:03:56 0:00
Түз линк

Анткен менен экономикалык кызыкчылыктарды эске алган өкмөт кумарканалардын ишмердигин кайрадан жандандыруу ниетин билдирүүдө. Кумарканалар кайра иштеп баштаса, миңдеген адамдар иш орду менен камсыз болмок дегендер да бар. Кумарканаларды кайра жандандыруу аракеттеринин күңгөй-тескейи тууралуу теманы Бактыгүл Чыныбаева улантат.

please wait

No media source currently available

0:00 0:04:46 0:00
Түз линк

XS
SM
MD
LG