Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:24

"Мегакомго" кызыккан кардар жок...


"Мегаком" уюлдук байланышынын сим-карталары
"Мегаком" уюлдук байланышынын сим-карталары

“Мегаком” деген аталыш менен таанымал “Альфа-Телеком” жабык акционердик коомдун баасын өкмөт 300 миллион долларга жакын деп баалаган. “Мегакомду” сатып, анын акчасын “Балыкчы-Корумду” жолун куруу, ооруканаларды оңдоо өндүү долбоорго жумшамак.

“Мегаком” уюлдук компаниясын сатуу үзгүлтүккө учурады. Бир дагы инвестордон сунуш түшпөгөндүктөн 11-майдагы аукцион өтпөй калды.

Компанияны сатуу боюнча мекемелер аралык комиссия азырынча кандайдыр бир чечим кабыл ала элек. Айрым талдоочулардын баамында, өкмөт мамлекеттик мүлктөрдү, айрыкча стратегиялык мааниси бар объекттерди сатуудагы каталарын бул ирет да кайталап жатат.

“Мегаком” компаниясы боюнча аукцион негизи 4-майда эле өтмөк, бирок майрамдарга туш келип калды деген шылтоо менен 11-майга жылган. Бирок анын алдында эле жаңы дайындалган өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңеште компанияны сатып алчу инвестор чыкпай жатканын билдирген.

“Мегакомду” сатуу боюнча түзүлгөн мекемелер аралык комиссиянын мүчөсү, парламенттеги “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Сайдулла Нышанов кайрадан сатыкка коюлабы же жокпу деген маселе карала электигин “Азаттыкка” билдирди. Анын ынандырышынча, компаниянын баасын арзандатып мүмкүн болушунча тезирээк сатып жиберүү керек:

- Мыйзамды карап көрүү керек. Мыйзамдарда биринчи аукционго коюлган баадан 15 же 25 пайыз арзандатып, кайра сатыкка чыгарса болот деген жобо бар. Эми муну комиссия карап, чечим чыгарат. Башында мен “Мегакомдун“ сатылышына, каршы болуп жаткам. Бирок WhatsApp өндүү бекер байланышуу мүмкүнчүлүктөрү көбөйүп жаткандыктан, уюлдук компаниянын кирешеси эми жылдан жылга азая берет. Эгерде келген инвестор үч же беш жыл ичинде салган акчасын пайда менен кошо чыгарып албаса, анда кызыкпайт экен. Биз муну тезирээк сатышыбыз керек, бирок азыркы биз сунуштаган баада аны эч ким албайт.

Өкмөттүн өзүнүн саткандарын буга чейин көрдүк. Кирешелүү болду, пайда таптык, ийгиликтүү болду деген бир дагы үлгү жок, бир дагы долбоорду көрсөтө албайт. Ошол каталарды кайталоонун кажети барбы?
Руслан Акматбек

“Мегаком” деген аталыш менен таанымал “Альфа-Телеком” жабык акционердик коомдун баасын өкмөт 300 миллион долларга жакын деп баалаган. Сатууга жооптуу делген Мамлекеттик мүлк фонду дооматтар боюнча азырынча комментарий берүүдөн баш тартып жатат.

Ал арада коомчулукта аукцион өткөрүүгө жооптуу аткаминерлер сатып алууга кызыкдар кардарлар менен жең ичинен сүйлөшүп алган, биринчи аукционду атайылап үзгүлтүккө учуратып, баасын төмөндөткөнү жатат деген да жоромолдор айтыла баштады.

Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Равшан Жээнбеков телекоммуникация тармагындагы компаниялардын кирешеси азайып, инвесторлорго кызык болбой жатат деген пикирлерди четке какты:

- Азыркы учурда телекоммуникациянын баасы жалпысынан жакшы эле. Инвесторлордун сунуштары да көп болот. Анткени мындай компаниялар бир эле уюлдук байланышты эмес, интернет, телевидение, дагы башка көптөгөн жаңы кызматтарды көрсөтүп жатат. Ошондуктан инвесторлордун табылбай калышы мүмкүн эмес. Бул жерде баасын атайын эле төмөндөтүү саясаты турушу мүмкүн.

Равшан Жээнбековдун баамында, мындай саясатка бийлик өкүлдөрү, таасирлүү аткаминерлер аралашуусу толук ыктымал:

Равшан Жээнбеков
Равшан Жээнбеков

- Авторитардык мамлекеттерде мындай нерселерди көзөмөлдөө аябай жеңил. Стратегиялык мааниси бар объекттер ири суммага сатылганы жатканда аны көзөмөлдөп, өздөрү каалаган кишиге сатуу, жакындарына берүү же болбосо инвесторлор менен алдын ала келишип алып баасын түшүрүүгө даярдануу толугу менен мүмкүн. Айрыкча Орусиядан, Казакстан жана Түркиядан келген инвесторлор менен алдын ала, жең ичинен сүйлөшүлүп алып жасалышы мүмкүн.

Жаш ишкерлер ассоциацияснын аткаруучу директору Руслан Акматбек өкмөттүн стратегиялык объекттерди сатуу боюнча дээрлик бардык аракетинен түзүк майнап чыкпай келгенин белгиледи. Мындан улам эл аралык консалтинг компанияларды тартууну сунуштады:

- Биз баягы эски жолго эле кайра түшүп алдык. Мисалы көп компаниялар кардар табылбай калды, муну тезирээк колдон чыгарбасак болбойт деп эле итбекер арзан баада эле сатылып кетти. Өлкө деле пайда жок, иттен жок, же ит байлаган жиптен жок болуп эле эч ким пайда көрбөй калып жатат. Ал эми кээ бир кийин кайра кымбат сатуу үчүн арзан сатып алып, ортомчу да болуп жатышпайбы. Ошондуктан өкмөт буга чейинки кылгандарынан сабак алып эле, тендер аркылуу эл аралык консалтинг компанияларды тартып, сатууну ошолорго тапшырып, өкмөт ошолор менен чогуу иш алып барышы керек. Өкмөттүн өзүнүн саткандарын буга чейин көрдүк. Кирешелүү болду, пайда таптык, ийгиликтүү болду деген бир дагы үлгү жок, бир дагы долбоорду көрсөтө албайт. Анан ошол каталарды кайра эле кайталоонун кажети барбы?

Өкмөт “Мегакомду” сатып, анын акчасын “Балыкчы-Корумду” жолун куруу, ооруканаларды оңдоо өндүү социалдык долбоорго жумшаганы жаткан болчу. Апрель ыңкылабынан кийин келген бийлик алгач “Мегаком” жеке менчик компаниясынын 49 пайыз акциясын улутташтырган жана 2012-жылы өзүнө таандык үлүштү 4 миллиард сомго сата албай койгон. Кийин бир топ ызы-чуулардан кийин сот аркылуу компания толугу менен мамлекетке өткөн. Азыр “Мегакомдун” 2,5 миллиондон ашык кардары бар.

XS
SM
MD
LG