Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:26

Сагынбаева: Кара тумоо коркунучу четтетилди


Ак-Суу райондук ооруканасы, 26-август, 2013-жыл
Ак-Суу райондук ооруканасы, 26-август, 2013-жыл

Ысык-Көлдүн Ак-Суу районунда чыккан кара тумоого байланышкан кырдаал тууралуу суроолорго саламаттыкты сактоо министри Динара Сагынбаева жооп берет.

"Азаттык": Динара айым, Ак-Сууда кара тумоого байланыштуу абал кандай болуп калды, ооруканага жаткандардын абалы дуруспу?

Сагынбаева: Учурда Ак-Суу районундагы абал туруктуу. 30-августта бул боюнча түзүлгөн облустук комиссиянын чечими менен ооруканада жаткан адамдар дагы бир жолу текшерүүдөн өткөн соң үйүнө чыгарылды. Азырынча ооруканада 10 адам жатат. Алар карантин жарыялангандан кийин ар кыл мөөнөттө келип түшкөн. Жакынкы күндөрү алар да чыгат.

Комиссиянын дагы бир чечимине ылайык, райондо жарыяланган карантин маркум өспүрүм жашаган Ичке-Жергез айылы жана райондук оорукананын жугуштуу оорулар бөлүмүнөн башка жайларда алынды. Жайлоолорго 5 пост коюлган. Булар да алынып, азыр карым-катнашка эч кандай чектөө жок. Ал эми Ичке-Жергез жана ооруканадагы карантин 4-сентябрда алынат.

"Азаттык": Буга чейин дарыгерлер район тургундарын медициналык кароодон өткөрүп, эмдөө иштерин жүргүзүп жаткан эле. Бул иштер дагы уланабы?

Сагынбаева: Бул иштер карантин мөөнөтү аяктаганга чейин уланат. 31-августта гана майрамга карата убактылуу токтотулду. Калган күндөрү 425 медициналык кызматкерден турган атайын топ үймө-үй кыдырып, дезинфекциялоо иштерин жүргүзүп жатышат. Бүгүнкү күнгө чейин Ак-Суу элинин 88 пайызы медициналык кароодон өттү.

"Азаттык": Мына акыркы күндөрү Орусия телекөрсөтүүлөрүнөн Кыргызстандагы кара тумоо боюнча абалды оор деп сыпаттаган берүүлөр кетти. Бул маалыматтар канчалык чындыкка жакын?

Сагынбаева: Бул маалыматтар толугу менен чындыкка жатпайт. Мисалы, бизге өткөн аптада Казакстандан дарыгерлер келип, абал менен таанышып кетишти. Алматыда Борбор Азия жана Кавказ өлкөлөрү боюнча өтө коркунучтуу жугуштуу ооруларды көзөмөлдөгөн борбор бар. Мына ошол борбордун, Казакстандын Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрү жана Жамбыл облусунун башкы санитардык дарыгери келип, ооруканаларда болуп, эч кандай коркунуч жок, бардык чаралар өз убагында көрүлгөн, эл аралык санитардык-медициналык эрежелер сакталган деген тыянак чыгарышты. Ошондуктан айрым маалымат булактары дүрбөлөң салгандай абал жок. Мындан күмөн санабаса болот.

"Азаттык": Ошол эле учурда бул ирет кара тумоо боюнча абалды көзөмөлдөөгө мүмкүн болду. Бирок Кыргызстанда илдет таралган бир нече табигый очок бар экени айтылып жатат. Аларда дезинфекциялоо иштери жүргүзүлөбү?

Сагынбаева: Кыргызстанда кара тумоонун үч очогу бар. Алар: Тянь-Шань, Алай жана Талас аймактары деп бөлүнөт. Мисалы, Тянь-Шань очогу Ак-Суу районундагы Эңилчек, Сары-Жаз жайлоолору андан ары Ат-Башы аймагына чейин кетет. Бул аймактарда негизи бизде жаз алды менен дезинфекцияоо иштери жүргүзүлүп эле келчү. Бул боюнча министрликтин алдында атайын кара тумоого каршы үч бөлүм бар. Алардан эпидемиологиялык отряддары жайлоолорго барып, алдын-алуу иштерин жүргүзчү. Бирок табигый очок болгондуктан ушул эле иштер жетиштүү деп айтуу кыйын. Ошондуктан аталган жайлоого барчу кишилерге эмдөө иштери жүргүзүлмөйүнчө барбашы керек. Мындай иштерди мындан ары күчөтөбүз. Бул жолку окуя бизге чоң сабак болду.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG