бейшемби, ноябрь 27, 2014 Бишкек убакыты: 15:08

Эркиндик

Кыз ала качуу: салтпы же жапайычылыкпы?

Эл аралык Equality Now укук коргоо уюму кыз ала качуу көрүнүшүнө бөгөт коюу чакырыгын кыргыз бийлигине жолдоду. Анткени Кыргызстанда жылына болжолдуу 16 миңге чейин кыз ала качууга кириптер болушат, алардын дээрлик жарымы өз эркине каршы күч менен никеге тургузуларын эл аралык изилдөө тастыктаган.

Бул сүрөт “Кыз коргон институтунан" алынды
Бул сүрөт “Кыз коргон институтунан" алынды
Кызды ой-боюна койбой ала качуу жөрөлгөсүн 21-кылымда кандай көрүнүш деп баалоо керек? Сиздин бойго жеткен кызыңызды ала качышса, мыйзамга таянып милицияга же прокуратурага кайрыласызбы, же салт ушул экен деп токтоп каласызбы?

Талкууга “Кыз коргон институтунун" негиздөөчүсү Газбүбү Бабаярова жана жаш тарыхчы Чыңгыз Амантур уулу катышты.





“Азаттык”: Дүйнө жүзү боюнча кыз ала качып, никеге турууга мажбурлоо 17 өлкөдө бар. Алардын ичине Кыргызстан да кирет. Иликтөөлөргө караганда айрым аймактарда үй-бүлөлөрдүн 80% ушундай жол менен куралган. Албетте алардын арасында бактысын таап кеткендер жок эмес. Алгач ушул түшүнүктү ажыратып алсак. Бул тарыхта салт катары каралабы, Чыңгыз мырза?

Чыңгыз Амантур уулу: Салт деген коомдо дайым болуп келген көрүнүштөрдүн кандайдыр бир иш-чаралардын болушуна элдин ар дайым болуп келген мамилесин айтабыз.

Биз тарыхыбызга кайрылсак, үй-бүлө куруу маселесинде кыргыздар бир нече баскычтан турган салттардын негизинде үй-бүлө курган. Башкача айтканда, куда түшүп, жуучу түшүү, кыз көрмөй, күйөөлөп бармай, жар көрүшүү деген бир нече салттардын негизинде үй-бүлө курушкан. Мындай үй-бүлөлөр бекем болгон.

Кыз ала качуу деген өтө чанда кездешкен көрүнүш болгон. Эгерде кыз менен жигит бири-бирине макул болуп, турмуш куралы дешсе, бирок кандайдыр бир себептер менен жигит кызды алганга тоскоолдуктар болгон учурда, кыз менен жигит качып кетишкен.

“Азаттык”: Сиз өзүңүздүн жубайыңызды ала качтыңыз беле?

Чыңгыз Амантур уулу: Жок, мен кыз ала качканга да катышкан эмесмин.

“Азаттык”: Филадельфия университетинин профессору, кыз ала качууну иликтеп жүргөн эксперт Рассел Клейнбах мунун бир канча себептерин иликтеген.

Рассел Клейнбах: Кыргызстанда жаштар үчүн кантип бири-бири менен таанышыш керек, достошуш керек деген жакшы салт жок. Айылдарда "анан кантип таанышып, кантип бири-бирибизди табалы" деп айтышат. Ошондуктан ушул багытта бир сунуш киргизиш керек деп ойлойм. Балким бир майрамдарды өткөрүш керек.

Биз 2008-жылы изилдөө жасаганыбызда ала качуу боюнча окутуу материалдарын ар бир облуска алып барганбыз. Ошондо өзүнүн эркине каршы, зордук менен ала качып үй-бүлө кургандар 51 пайызды түзөрүн сурамжылоо аркылуу аныктаганбыз.

Ал эми 2009-жылы ошол эле айылдарга барып, семинарларды өткөргөндө ала качуу аркылуу курулган үй-бүлөлөрдүн саны 27 пайызга түшүптүр. Бул абдан жакшы көрсөткүч. Эгер түшүндүрүү иштери жүргүзүлсө, ала качуунун пайызы кыскарат же жоголот.

Кыргыз жигиттери кыздарды ала качыш керек деген салт эч жерде жазылбаганын билиши керек. Кыргызстан эли бул мурдатан келаткан салт деп түшүнбөш керек. Себеби Ооганстан, Кытайга жана башка жакка көчүп кеткен этникалык кыргыздар көп салттарды сактап калган. Бирок алардын арасында ала качуу жок. Эч качан ала качып үй-бүлө курбайт.

“Азаттык”: Бир топ тарыхый китептерде деле бул салт экенин көрсөткөн жагдай жок экени көп эле айтылат. Ошого карабай кызды ой-боюна койбой ала качуу жөрөлгөсүн 21-кылымда кандай көрүнүш деп баалоо керек?

Газбүбү Бабаярова: 21-кылымда кыз ала качуу жапайы көрүнүш болуп эсептелет. Билимдүүлөр арасында да ушундайлар болуп атат. Бирок ар бирин байкасак, жапайы көрүнүшкө барып атканын өздөрү деле билбейт. Бул - адам укугун тепсегендик, бул салтка жатпайт, мындай нерсе исламда, “Манаста”, тарыхта жок. 21-кылымда ушунун кайра сүрүлүп өтүшү аябай уят, жат, жапайы көрүнүш деп эсептейм.

“Азаттык”: Эл аралык эксперттер иликтеп, ала качуунун бир нече себептерин белгилешкен. Ошонун ичинде кыз же ата-энеси макул болбой койсо, каражатты үнөмдөө деген жооптор айтылган. Себептери эле ушуга такалабы же башка да жагдайлары барбы?

Газбүбү Бабаярова: Биздин институттун изилдөөлөрүнө ылайык, экономикалык жана макулдук бербеген бул эки эле себеби. Андан башка да себептер бар. Мисалы, балдар барып колун сурагандан коркушат. Себеби макул болбой койсо, андан намыстанышат.

Кийинкиси, колун сурап баргандан кийин ала качып кетишет. Андан кийинкиси, ата-энеси өздөрү "келин керек, ала качышың керек" деп ошого түртүшөт. Эң аз пайызда кош бойлуу болуп калгандан кийин ала качышат.

“Азаттык”: Чыңгыз мырза, сиз деле муну тарыхта салт катары көрсөтүлгөн менен зордук-зомбулуксуз, кыздын макулдугу менен ишке ашканын белгиледиңиз. Ала качып алыш керек деген көз карашты кантип өзгөртүш керек?

Чыңгыз Амантур уулу: Америкалык изилдөөчү айым кыргыз жаштарында тааныша турган мүмкүндүк жок деп айтып атат. Бул үстүртөн көз караш болуп калат. Мисалы, 3 миң бала окуган мектептер бар, кантип ал жерден таанышканга болбойт?

Эң негизги себеп, ата-эненин тарбия берүүгө өтө көңүл кош мамиле жасагандыгында. Баласы кийин кандай үйлөнө тургандыгы тууралуу такыр сөз козгошпойт.

Кыргыздын салтына кайрылсак, балага кичинекейинен үй-бүлө мындай курулуш керек деп көндүргөн. Ошондо зордук-зомбулуксуз үйлөнүү деген түшүнүк болгон. Зордук-зомбулук менен ала качуунун себептерин санай берсе өтө көп.

Үй-бүлө жөнүндө ата-энеси кызына, уулуна сөз козгобой койгону үчүн болуп жатат ушул нерсе. Ата-эне бала эс тарта баштаган мезгилден баштап, "сен мындай үй-бүлө курушуң керек, болочок жубайыңды билишиң керек" дегендей тарбия болуш керек.

Газбүбү Бабаярова: Айылда таанышканга чындап эле мүмкүнчүлүк жок. 9-11-класстагы кыз менен бала сүйлөшсө, мугалимдер сабактан алып калып урушуп, уят кылат. Профессор Клейнбахтын сунуш кылып атканы, айылдардын ортосунда фестивалдар, ат жарыштар болсун дейт. Мен ага кошулам. Ошондо жаштар бири-бирин көрүп, таанышат. Мектептен кийин айылдарда балдар дүкөндөрдүн айланасында отурат, кыздар болсо сыртка чыкпайт.

“Азаттык”: Газбүбү, силердин изилдөөңөрдө сурамжылоого катышкан кыздардын 90% ала качууга каршы пикир айтышкан экен. Калган 10 пайызычы? Демек макул болгон кыздар да барбы?

Газбүбү Бабаярова: Кыргыз кыздары ата-энесин аябай сыйлашат, алардын сөзүнөн чыккысы келбейт. "Эгерде ата-энем отуруп кал десе, отуруп калам" деген кыздар ошонун көпчүлүгү. Анын арасында аз пайыз бар, "ала качып кеткенден кийин басып кетсем уят болом" деп өзү отуруп калгандар. Тилекке каршы ата-энелер ошого каршы чыга албай атат.

“Азаттык”: Кийинки 40-50 жыл аралыгында ала качуу дээрлик эки эсе өскөн экен. Азыр эми 21-кылым, заман башка деп айтылып атат. Маалымат каражаттары кайра-кайра чагылдырып, укук коргоочулар айтып чыкканы менен бул көрүнүш эмнеге өсүп атат?

Чыңгыз Амантур уулу: Мен азайып баратат деп ойлойм. Себеби биз кичинекей кезде айлана-чөйрөдө сүйлөшүп үйлөнгөндөр чанда эле болбосо, зордоп ала качып, кадимкидей "кыз издегени кеттик" деп кетишчү.

Азыр азайып барат деген ойдомун. Буга улуттук кайра жаралуу процессинин башталышы кайра таасир этип атса керек. Азыркы кезде кыргыздын жаштары салттарды туура түшүнгөнгө шарт түзүлүп жатпайбы. Балким ошол да таасир берсе керек. Кыргыздар эгерде ала качып барса, артынан жуучу келген, кыздын бир эле ооз сөзү керек болгон, "мен эрки жок келдим" десе, ал жигитти өлүм жазасына тартышкан.

“Азаттык”: Ала качкандан кийин жоопкерчиликке тартылган учурлар болдубу?

Газбүбү Бабаярова: Кылмыш жана жаза кодекси боюнча 3 жылга чейин камалыш керек, же айып салынат. Биз билгенден көпчүлүгү айып төлөп, сотко иши ашпай калат. Сотко иши ашкандан кийин ортодо коррупцияга айланып кетет, же кайтарма арыз жазып, кыздын ата-энесине акча төлөп берип кутулуп кетишет.

“Азаттык”: Ушул маселе көп көтөрүлсө да эмне үчүн көбөйүп атат деп ойлойсуз?

Газбүбү Бабаярова: Милициялар өз милдетин аткарбай атат. Ошонун артынан түшүп изилдесе болот, ата-энесинен арыз күтпөй. Эгерде милиция 1-2 жигитти ары-бери сүйрөп кыйнаса, кыз ала качуу токтомок.

“Азаттык”: Соңку учурда, айрыкча 91-жылдан бери коомдо аялдардын ролу өзгөрдү. Көбүрөөк иштеп, базарга чыккан, мигрант болуп кеткендер деле кыз-келиндер болуп атпайбы. Аял менен эркектин орду алмашты деп айтып атабыз. Ушул дагы бир себеби болушу мүмкүнбү?

Газбүбү Бабаярова: Коомдо мындай өзгөрүү болуп атат. Бирок ала качып баргандан кийин көпчүлүк учурда иштетпей, окутпай койгондор бар. Бул минуска тартат.

Чыңгыз Амантур уулу: Кээ бири 2-3 жолу ажырашып, үйлөнүп, бирок баарында тең ала качып алган фактылар бар. Же аптанын башында бирди ала качып, анысы кетип калса, экинчисин ала качып келгендер да бар. Буга тартип коргоо органдарын күнөөлөп койсо болот, үчүнчү жакты күнөөлөш оңой да. Бирок алар сырткы тарап болуп эсептелет. Эгер арыз жазышпаса, алар эч нерсе кыла алышпайт. Маселенин баары кыздын ата-энесинде.
21-кылымда кыз ала качуу жапайы көрүнүш болуп эсептелет. Билимдүүлөр арасында да ушундайлар болуп атат.

“Азаттык”: Кыздын түшкөн жери оор, уят деп, кур намыс кылбай ушул көз карашты кантип жоюуга болот?

Чыңгыз Амантур уулу: Биздин салтта жок деп түшүндүрүү иштерин жакшылап жүргүзүшүбүз керек. Комплекстүү караш керек, тартип коргоо тарабынан да, кызынын укугун учурунда коргобой койгону үчүн кыздын ата-энесине да жаза колдонуу рычагын караш керек. Кыздын да, баланын да ата-энеси жоопкерчиликке тартылса ала качуу азаймак.

Газбүбү Бабаярова: Биздин изилдөөлөр боюнча 92,5 пайыз кыз отуруп калып атат, 7,5 пайыз кетип калууда. Ошол 7,5 пайыз кыздардын жашоосуна көз салып көрүш керек, чындап эле каргыш жуктубу, жукпадыбы деп. Мен андай нерсеге ишенбейм. Андан көрө өз жашоосун сактап калыш керек. Жаман сөз, каргыштарды айткан адамдарды кудай жазаласа керек. Ошондуктан андай нерселерге ишенбеш керек.

“Азаттык”: Мисалы, кыз кетип калса үй-бүлөсүнө уят болот деп айтабыз. Эгер ошол кыз кетип калса, жигитке деле уят болот да?

Чыңгыз Амантур уулу: Албетте жигитке да уят болсо керек. Адамдын өзүнүн көз-карашынан болуш керек. Зордукчул ала качуунун булагы - жазасыз калууну көрүп атам.

“Азаттык”: Бул маселени кантип токтотуш керек?

Газбүбү Бабаярова: Бул жерде бир эле баланы күнөөлөбөш керек. Бул жерде баланын, кыздын ата-энесин, милиция кызматкерлерин, молдолордун баардыгына окутуу иштерин жүргүзүш керек.

“Азаттык”: Рахмат.

Канымгүл Элкеева

"Азаттыктын" Бишкектеги журналисти.

Макала боюнча пикир билдириңиз. Пикир редакцияланбайт, эрежеге шайкеш келбесе, сайтка чыгарылбайт. Бирөөнү жектеген, кемсинткен, жеке адамдар, топтор, улуттар ортосунда кастык жараткан пикирлер жарыяланбасын эскертебиз.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Нурел каяктан: Бишкек
27.11.2011 20:48
Умыкание девушек – дикость и самое настоящее преступление! Причем, преступление против свободы и прав человека – краеугольного понятия гуманизма и демократии. Занимаясь кражей девушек, молодые киргизы и их сообщники бросают тень на современную киргизскую нацию. Перед мировым сообществом мы выглядим как аборигены и пигмеи! Давайте, не позорить киргизскую нацию! Умыкание девушек – в истории киргизов, никогда не было традицией. Оно возникло где-то в 60 годов 20 века. До этого времени, особенно в феодальный период, такой позорный поступок очень жестоко карался, взывая не шуточный межродовой конфликт. Оправдываться кинофильмом «Боз салкын» никак нельзя. Это фильм восхваляет позорную явлению и показывает незрелость наших творческих личностей. Надо всем миром бороться против этого дикого явления, если хотим называться современной нацией!

кимден: тундук каяктан: туштук
16.11.2011 17:03
Бизде ото которуп айткыдай ала качуунун жапайы корунуштору азыр жок. Бул тема пайда табуунун аракетинде гана батышка сунушталгандай корунот. Озубузду озубуз жапайы кылбай туралы. азыр кондурбой туруп алып качуу жокко эсе. Кобунчо суйлошуп чогуу качышат.Илгери биз эле эмес баары жапайы болушкан. Ала-качуу коп элдерде бар.Алар да бул корунушту улут салты катары коруп жапайычылык деп эсептешпейт.Юморго айландыра билуу керек.

кимден: Nurjan каяктан: Jalalabat
16.11.2011 10:58
Кыз алакачуу эч кандай салт эмес ал жапайычылык. зордук зомбулук. Мен ала качууга тап такыр каршымын.
Жогоруда бул көрүнүш азайып калды деген сөздөрдү окуп айябай кубандым. Бардыгыңардын ой-пикириңерге кошулам. Азыр чындап эле алакачууга каршы ар кандай иш чаралар өтүп жатат. Мектепте окуп жүргөн кезде бизге НПОдон келип бизге кыз алкачууга каршы семинар өткөрүшкөн. Чындап эле жаш кезибиден баштап мындай нерселердин үйрөнсөк бул айябай пайдалуую Бул кылмыштын азайышына түрткү болот.

кимден: Austria каяктан: Austria
14.11.2011 16:51
Ala kachuunu toktotush kerek, al salt emes ele jaipaichylyk........

кимден: Амантур каяктан: Орусия
14.11.2011 15:41
Газбүбү эжеке оло толковая экен. ЖАсаган ишин билип, чындап ушул проблема учун куйгону билинип турат. Суйлогондо да тим эле цифралар менен суйлоп. Мындай кыздардын оюн кобуроок бериш керек.

кимден: Рай
14.11.2011 10:37
Аты жөнү жазылбаган пикирлешке кошулам. Үй бүлө "Эки жарым - бир бүтүн" болуп, эки жүрөктүн багыты, максаты, пикири бир болуп, түшүнүшүп жашашы - сүйүүнүн, сезимдердин ишке ашышы болот. Ошондуктан, адамдар, бардык жандуу нерселер түгөй болуп жашашат го деген чоркок ойдон алыс болушубуз керек. Чыныгы түгөйүңдү, жүрөгүңдүн теңин таап, жашоого аракет кылсаң, кийин түйшүк, проблема деген баш ооруткан маселелер азыраак болот эле. Ошондо бактылуу күндөр гана эмес, бактылуу жылдар да көбүрөөк болмок. Ал эми ала качуу деген бул адат. Илгертеден келе жаткан адатка айланып калган көрүнүш. "Үйрөнгөн адат калабы, уйга жүгөн салабы" деген макалдай да. Кыргыздарда адамды тарбиялоочу ушундай сонун накыл кептер ата-бабаларыбыздан калган, ошолордун маанисин туура түшүнүп, жашообузга колдоно билсек, бизден өткөн маданияттуу, ыймандуу, адилеттүү инсан жок болот.

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
13.11.2011 08:40
Чет олколуктордун тимеле акылдуу болуп бизге кенеш бергендерине кыжырым келет да, мисалы оздорунун эле АКШда ажырашуунун денгеели ен бийик, европада болсо никесиз жашагандар андан коп.Биринчи ошолордун сабатсыздыгын жоюп алсын,бизге батыштын кенешинин кереги жок,ансыз деле жаштарыбыз ошолорду туурайм деп,бузулуп баратат. Нукура кыргыз салтында алакачуу ото аз кездешкен,же кыздын макулдугу менен болгон.Озуно ишенбеген эркек кана ала качат,бул уурулук жана кылмыш...бироонун тагдырына,кээде махабатына балта чаап алышат,адамда сезим деген бар,мейли ала качтын,отурду,бирок алганын омур боюу ичинен сага нааразы болуп отушу мумкун,мындайда бакыт,ырыскы жок болот...
Пикирге жооп

кимден: Bakit каяктан: Bishkek
16.11.2011 10:20
ЭКИ ДУЙНО АДАМЫБЫЗ
(ала качып кеткен кыздын ыры)
Суй – дедин, суйом – дедим, суйо албадым,
Суйуунун кудуретин биле алабадым.
Суйлошуп бирге жашап жатсак дагы,
Сунулуп жан дуйноно кире албадым.

Ал – дедин, колун сундун, ала албадым,
Ачкычын журогумдун таба албадын.
Жайнаган алтын, бермет-шурулардын,
Жасанып, бирин дагы тага албадым.

Жур – дедин, жол корсоттун бара албадым,
Сен учун жылдыз болуп жана албадым.
Байлыктын дангыр жолун салсан дагы,
Суйуунун чыйыр жолун сала албадын.

Коз коруп, бирок ккорбой кокурогум,
Коп эле кыйнабачы, отуномун,
Алтындан жасап берген капасында,
Армандуу канча кунум отту менин.

Эми сен менден копту сурабагын,
Эркиме койчу мени, суранамын.
Экообуз эки дуйно адамыбыз,
Эп болор оз жолунду улаганын.
Пикирге жооп

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
15.11.2011 23:17
туура айтыныз.
Пикирге жооп

кимден: jan
16.11.2011 17:39
kachirilip ketken dizdin yry desenix da bolchuday. (kachip ketken kyzdin yry)

кимден: ali
12.11.2011 12:44
Myna ushul makalany Dastan aksakal okusa bir az akylyna kelipk kalaar (kaaryp kalsa da),sebebi kee bir japaiychyk nerseni bul bizdin salt, al ele bul ele dep joolup kelet!Kyz ala kachuu Islam dininde da chon kylmyshtardan dep eseptelinet!Azyrky chygyp jatkan Tenirchi soroilor ushunu jakshy tushunso.Biz musulmandardyn jakshy erejesi bar "Kaisyl kaada -salt Islamga karyshy kelse al nerse alynbait "Al emi Islam ech bir jakshy kaada-saltka karyshy kelbeit!Islam bul adamdyn chynygy adam boluusun uirotuuchu uluu din!

кимден: Кыргыз
12.11.2011 10:24
Мен дапдаана кыргызмын. Бирок ала качуугу туп тамырынан бери каршымын. Бул жапайычылык.
Пикирге жооп

кимден: Азамат каяктан: Бишкек
16.11.2011 16:57
Боз салкын киносун коргон болсонор, режиссер Эрнист Абдыжапаров озунун омур баянын тарткан. Жакшынакай эле жашап жатышат экен.Беш балалуу ынтымактуу уйбуло. Кыргыздардын 85 проценти ала качып эле уйлонушот. Бул биздин жакшынакай эле салтыбыз.
Пикирге жооп

кимден: Рахат каяктан: РФ
12.11.2011 21:18
Ата-бабасы алып качып уйлонуп жургон элбизда,Салтка 21-кылымдын эмне тийешеси бар.
Пикирге жооп

кимден: Калыс
13.11.2011 23:27
Ала качпай эле сойко салып кудалашып алышкан. Ала качып кыз алганы учун аябай чон айыпка жыгылышкан. Тарыхты окугула.

Онлайн шерине