Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:24

Бир айда ала качууну токтотуу мүмкүнбү?


Кыргызстанда 2012-жылды кыз ала качуу жана зордук-зомбулуктун бардык түрүнө каршы күрөшүү жылы деп жарыялоо демилгесин акыйкатчы Турсунбек Акун Бишкекте өткөн жыйында сунуштады.

21 жаштагы Гүлшат Кенжебекованы үстүдөгү жылдын март айында кошуна айылына ала качып кетишкен. Кетем дегенине карабай тууган, кошуна-колоңдор ортого түшүп, “таш түшкөн жеринде оор”, “сүйүү никеден кийин” деп, Гүлшатты араң көндүрүшөт. Бирок бул нике аны бактылуу кыла алган жок.

- Менин каршы болгонума карабай алып качып кетишкен. Ала качкандар биздин кошуна айылдан болгондуктан, ата-энелерибиз бири-бирин тааныгандыктан, "бул салт" деп отуруп калгам. Бирок он күндөн кийин "Орусияда башка үй-бүлөм бар эле" деп кетип калды.

Гүлшат күйөө болчу жигитти жактырып, же жакындан тааныбаса да сыртынан көрүп жүрчү экен. Бирок анын мурда үй-бүлөсү бар экенин билген эмес.

- "Анда эмнеге мага үйлөндүң" десем, “менин ал жакта үй-бүлөм бар экенин ата-энем билбейт. Ошондуктан алар үчүн сага үйлөндүм”, - деп айтты. Ошол бойдон мыйзам чегинде жоопко тартылган жок, адам катары деле менден эч кечирим сураган жок. Ата-энелери деле менин ата-энемди адам катары көрбөй, эч нерсе болбогондой жүрүшөт.

Гүлшат бул окуянын негизинде тартип коргоо органдарына кайрылып, оң жооп ала албаптыр. Алар “он күн жашап коюптурсуң, бул зордук-зомбулук катары эсептелбейт. Башында отурбай кетип калбайт белең”, - деп жооп беришкен.

Жоопкерчилик жок

Ала качуунун курмандыгы болуп, ара жолдо калган жалгыз эле Гүлшат эмес. Акыйкатчы Турсунбек Акун атайын иликтөөгө таянып айтканына караганда, жылына бери дегенде 15 миң ала качуу фактысы катталат. Маалыматка ылайык, алардын жарымынан көбү ажырашат. Ал эми анын айынан өз жанын кыйган кыз-келиндердин саны да өсүп жатканын адистер белгилеп жатышат.

Кыз ала качууга каршы акция, 18-май, 2011-жыл
Кыз ала качууга каршы акция, 18-май, 2011-жыл
Мисалы, Ысык-Көл облусунун тургуну Венера Касымалиева өз жанын кыйгандардын бири. Аны өткөн жылдын декабрь айында өз эркине каршы ала качып кетишкен. Беш күн жашаган соң Бишкекке качып келип, өз жанына кол салган. Маркумдун эжеси Чынара Касымалиева буга ала качуу себеп болду деп эсептейт. Бирок ал адам өмүрүн алган окуяга себепкер адамдар деле жоопкерчиликке тартылбай жатканына нааразы.

- Ала качуунун айынан сиңдим өз өмүрүнө кол салды. Кыз өзүнүн макулдугун берген эмес. Мен жогорку жактагы байке, эжелерден кыз ала качууга тыюу салуусун суранат элем. Кыздарды мал уурдагандай эле уурдап жатышат. Сиңдимдин иши Ак-Суу прокуратурасына өткөн экен. Бирок бир жыл ичинде эч жыйынтык жок. Октябрь айында сот болду, бирок ага баланын атасы келип, баласы жок экенин билдирип койду.

Адистер бул көрүнүшкө менен күрөшүүдө тартип коргоо органдары жана коомчулуктун кайдыгер мамилесин сынга алышууда. Ички иштер министринин кеңешчиси Асел Осмонованын айтымында, жашы жете элек убакта никелик мамилелерге мажбурлоо беренеси боюнча (154-берене) 2011-жылдын он айында 9, ал эми аялды никеге турууга жана чогуу жашоого мажбурлоо, эркине каршы ала качуу беренеси боюнча 16 гана факт катталган.

Акыйкатчы Турсунбек Акун 2012-жылды ала качуу жана зордук-зомбулукка каршы күрөшүү жылы деп жарыялоону сунуштоодо. Ал жогорку даражалуу мамлекет жетекчилерин да буга каршы чогуу күрөшүүгө үндөөдө. Ошону менен бирге мыйзамды катаалдаштыруу жолдору караштырылып жатат.

- Саламаттыкты сактоо, Билим берүү министрликтери менен биргелешип, аракеттерди көрүп жатабыз. Азыр 154-155-беренелер иштебей жатат. Кыз ала качууну адам уурдоо беренеси менен бириктирип жатабыз. Андай учурда 8 жылдан 15 жылга чейин жоопкерчиликке тартыла турган катуу мыйзам болот. Жакынкы жылдарда бул көйгөйдүн аягына чыгып, буйруса биротоло жоготобуз.

Кылмыш-жаза кодексинин 154-155-беренелери боюнча, эсептик көрсөткүчтүн 100 же 200гө чейинки өлчөмүнүн тегерегинде айып пул салынат же эки жылдан жети жылга чейин эркинен ажыратылат. Бирок ар кандай себептерден улам жоопкерчиликке тартылганы жокко эсе.

Бул иш-чара Бириккен Улуттар уюмунун гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк өнөктүгүнүн жана Акыйкатчы институту жарыялаган бир айлыктын алкагында өтүп жатат.

XS
SM
MD
LG