Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:37

Француз устанын кыргыз боз үйү


Чарльз Лиз боз үйдү 19 жашында жасай баштаган.
Чарльз Лиз боз үйдү 19 жашында жасай баштаган.

Чарльз Лиз Францияда жашайт. Кесиби - жыгач уста. Учурда ал кыргыз боз үйүн жасап сатат.

Чарльз Лиз 35 жашта. Франциянын Люмо шаарында турат. Тоңдун Кызыл-Туу айылына мындан 8 жыл мурун да келип кеткен. Боз үй жасоо – бул Чарльздын хоббиси эле эмес, чакан бизнеси дагы. Бул ишти ал 19 жашында колго алган.

- Мен бул өнөрдү британиялык жарандан үйрөнгөм. Ал да убагында бирөөдөн үйрөнгөн экен. Биринчи жасаган боз үйүм анча жакшы болбой калган. Бара-бара оңолду. Баш-аягы элүүдөй боз үй жасадым. Албетте кыйынчылык тартасың. Эки колуң көтөрүлбөй, белиң уюп ооруйт.

Чарльздын айтымында, ал жасаган боз үй чыныгы кыргыз үйлөрүнөн кыйла айырмаланат. Алсак, анын боз үйлөрүнүн эки эшиги, электр жарыгы бар.

- Францияда боз үйдүн үзүк-туурдугу кийизден эмес, анын ордуна синтетикалык заттар кошулбаган кездемеден жасалат. Андан суу өтпөйт. Бизде жамгыр көп жаайт эмеспи. Францияда там салган өтө кымбат. Ал эми боз үй көчүп-конууга абдан ыңгайлуу. Ошол себептүү, ага кызыккандар көп.
Чарльз Лиз үй-бүлөсү менен 16-апрель, 2014-жыл
Чарльз Лиз үй-бүлөсү менен 16-апрель, 2014-жыл


​Чарльз жасаган боз үйлөр ар түрдүү. Кичинекей балдарга ылайык, үйдүн ичине баткыдай да кылып жасайт. Ал бул иште кардардын каалоосун аткарганга көнгөн:

- Үйүмдө төрт боз үй бар. Үч балам өз-өзүнчө боз үйдө жатат. Аялым экөөбүздүкү башка. Кээде аны короого тигип коем. Театрда иштегендер көп келишет. Боз үй аларга ар кандай тарыхый спектаклдерди койгондо керек болот. Атайын балдарына арнап, жасаткан байлар да бар.

Француз жигит балдары боз үйдү абдан жакшы көрөрүн, тун уулу боз үйдө төрөлгөнүн айтып берди:

- Балдарыма абдан жагат, 6 жыл мурун тун балам боз үйдө төрөлгөн. Кыргызстанга келгенимдин себеби да ушул, балама чыныгы боз үйдү, анын тигилишин, жасалгасын көрсөтөйүн дегем.

Чарльз сөз акырында кыргыз боз үйлөрү дагы суу өтпөгөн үзүк-туурдук менен жабылса деген тилегин билдирет.
  • 16x9 Image

    Мария Колесникова

    "Азаттыктын" Ысык-Көл облусундагы кабарчысы, журналист. К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл Мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG