Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:03

Кыргыз боксунун атасы - Юрий Чижов


Бокс боюнча Кыргызстандын эмгек сиңирген машыктыруучусу Юрий Чижовдун элесине арналган мелдештин катышуучулары. 25-февраль, 2015-ж. Бишкек.
Бокс боюнча Кыргызстандын эмгек сиңирген машыктыруучусу Юрий Чижовдун элесине арналган мелдештин катышуучулары. 25-февраль, 2015-ж. Бишкек.

Бишкектеги Мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясында бокс боюнча Кыргызстандын эмгек сиңирген машыктыруучусу, кыргыз боксун негиздегендердин бири Юрий Чижовдун элесине арналган мелдеш өттү. Ага Бишкек жана Кант шаарынан 100гө жакын мушкер катышты.

18 жаштагы Бектур Жалилбеков учурда Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде юриспруденция адистиги боюнча билим алат. Юрий Чижовдун элесине арналган турнирде 69 кг. салмакта күч сынашууга чыгып, алгачкы атаандашын утуп алды.

- Мелдеш жакшы өтүп жатат. Атаандаштар күчтүү деп айтсам болот. Биринчи атаандашты уттум. Эми финалга чейин жетип, бул турнирдин жеңүүчүсү болгум келет. Өзүм жаштар арасында Кыргызстандын чемпиону болом. Чоңдор арасында таймашка алгачкы жолу чыктым. Учурда Кант шаарында СССРдин эмгек сиңирген машыктыруучусу Геннадий Федорович Аноприевдин жетекчилигинде машыгып жүрөм.

Профессионалдар арасында бокс боюнча дүйнөнүн 7 жолку чемпиону Орзубек Назаров Мамлекеттик дене тарбия институтунда окуган кезде Юрий Чижовдон сабак алган.

Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген машыктыруучусу, Бүткүл союздук категориядагы бокс калысы Юрий Чижов.
Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген машыктыруучусу, Бүткүл союздук категориядагы бокс калысы Юрий Чижов.

Ал Юрий Чижовдун баа жеткис кеңештери менен бир топ ийгиликтерге жетишкенин, устаты кыргыз боксун негиздегендердин көч башында болгонун белгиледи.

- Юрий Константинович Чижов убагында көптөгөн бокс адистеринин мугалими болгон. Мага да кеңештерин айтып, көп нерселерди үйрөткөн. Ал биздин бокстун чоң атасы деп айтсак да болот. Даңазалуу устатыбыздын элесине арналган турнирдин алгачкы жолу өткөрүлүп жатканына кубанычтамын. Бул мелдештин катышуучулары келечекте эл аралык мелдештерде өлкө намысын коргогон мыкты мушкерлерден болот деп ишенем. Бул бокс залынан бир нече чемпиондор, машыктыруучулар тарбияланып чыккан. Ринг мушкерлердин жашоосундагы даңгыр жол болушуна тилектешмин.

Орзубек Назаровду алгач СССРдин эмгек сиңирген машыктыруучусу Геннадий Аноприев машыктырган. Геннадий Аноприев болсо Юрий Чижовдун шакирти болчу.

Чижов Юрий Константинович Казак Мамлекеттик дене тарбия институтун актагандан кийин 1956-жылдан 1993-жылга чейин Кыргыз Мамлекеттик дене тарбия институтунда бокс боюнча окутуучу жана жеке кармаш түрлөрү боюнча кафедранын жетекчиси болуп эмгектенген.

Кыргыз Мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын ректору Токтобек Иманалиев ошол кезде институтту аяктаган бокс машыктыруучулары Юрий Чижовдон тарбия алышкандыгын айтты:

- Алгач биздин институтка келгенден кийин эле бокс кафедрасын негиздеген. “Өспүрүм мушкерди финттерге үйрөтүү” темасында кандидаттык диссертациясын жактаган. Доцент илимий даражасына ээ болуп, бир катар усулдук колдонмолорду жазып, баа жеткис эмгектерди калтырып кеткен. Анын окуучулары Кыргызстанда гана эмес, дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө да эмгектенип жүрүшөт.

Бокс боюнча СССРдин эмгек сиңирген машыктыруучулары Михаил Федорович Гашлама (солдо), Геннадий Федорович Аноприев. 25-февраль, 2015-ж. Бишкек.
Бокс боюнча СССРдин эмгек сиңирген машыктыруучулары Михаил Федорович Гашлама (солдо), Геннадий Федорович Аноприев. 25-февраль, 2015-ж. Бишкек.

Юрий Чижов эмгектенген бокс кафедрасынан СССРдин эмгек сиңирген машыктыруучулары Михаил Федорович Гашлама, Геннадий Федорович Аноприев, 100дөн ашуун СССРдин бокс чеберлери, дүйнө чемпиону, 1989-жылдагы дүйнөнүн мыкты мушкери Андрей Курнявка, профессионалдар арасында дүйнөнүн жети жолку чемпиону Орзубек Назаров өңдүү бир нече таланттуу мушкерлер тарбияланган.

Алардын бири учурда Мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын бокс жана оор атлетика кафедрасынын окутуучусу болуп эмгектенген, СССРдин спорт чебери Орозбек Евгачев устатынан талыкпаган эмгегинин натыйжасында көптөгөн жетишкендиктерге ээ болгонун айтып берди:

- Алгач окуу жайга тапшыргандан баштап эле Юрий Константинович баа жеткис тажрыйбалары менен бөлүшүп, бизди мыктылардын катарында тарбиялады. СССРдин спорт чебери болуп, Кыргыз Мамлекеттик дене тарбия институтунда иште деп алып калды. Андан сабак алгандар бир катар ийгиликтерге жетишкен.

Юрий Чижов кыргыз боксуна кошкон салымы үчүн Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген машыктыруучусу, Бүткүл союздук категориядагы бокс калысы наамдарына ээ болгон.

1993-жылы ардактуу эс алууга чыккандан кийин Орусиянын Москва облусунун Зарайский районундагы Ярново айылына көчүп барып, өмүрүнүн акырына чейин жашаган. Көзү тирүү болсо, быйыл 85 жашка чыкмак.

Кыргыз Мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясында быйыл алгачкы жолу уюшулган Ю.К.Чижовдун элесине арналган турнирди окуу жайдын жетекчилиги жыл сайын өткөрүүнү пландап жатат. Быйылкы турнирге Бишкек жана Кант шаарларынан 100гө жакын мушкер катышып, 10 салмак ченинде күч сынашты. Жеңүүчүлөргө диплом, медалдар жана кызыктыруучу сыйлыктар тапшырылды.

  • 16x9 Image

    Эмилбек Чекиров

    2009-жылы К.И.Скрябин атындагы Кыргыз агрардык университетинин агрономия факультетин аяктаган. 2007-жылы УТРКнын алдындагы “ТВ Академия” эксперименталдык чыгармачылык борборунан оператор- режиссер курсун бүткөн.

XS
SM
MD
LG