Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:59

Мыкты мушкерлердин курамы аныкталды


52 кг.салмакка чейинки мушкерлердин финалдык таймашы. Солдон оңго: Ноорузбек Насирдинов (күмүш) жана Жаныбек Мусаев (алтын).
52 кг.салмакка чейинки мушкерлердин финалдык таймашы. Солдон оңго: Ноорузбек Насирдинов (күмүш) жана Жаныбек Мусаев (алтын).

Бишкекте кыз келиндер жана эркектер арасында бокс боюнча Кыргызстандын чемпиондугу аяктады. 19-ноябрда башталган мелдештер төрт күнгө созулуп, Кыргызстандын улуттук курамасына кире турган спортчулардын тизмелери аныкталды.

Бокс боюнча Кыргызстандын чемпиондугунда 10 салмак ченинде байгелер ойнотулуп, ага 100дөн ашуун мушкер катышты. Эркектер арасында эң жеңил салмак деп бааланган 49 кило салмакка чейинкилер арасында күч сынашкан 17 жаштагы Сыргак Жансейитовдун мелдеште жылдызы жанды.

Ал чейрек финалда Нурсултан Абдылазиз уулун, жарым финалда быйылкы Азия чемпиондугунун катышуучусу Рахманкул Аватовду жеңип финалга жолдомо алды. Алтын байге үчүн беттеште жаш мушкер 2014-жылдагы Азия оюндарынын коло байгесинин ээси Турат Осмонов менен таймашты. Бирок Жансейитов ал беттеште таамай соккуларды узатып, жеңишке жетүүгө болгон күч аракетин жумшаганы менен упайлардын айырмасында тажрыйбалуу мушкер Осмоновго жеңилип, күмүш байгенин ээси болду.

Уюштуруучулардын айтымында, чоңдор арасындагы чемпиондукка быйыл алгачкы жолу өспүрүмдөр арасында биринчиликти уткандар да рингге чыгууга мүмкүнчүлүк алышкан.

52 кило салмакка чейинкилер арасында Азия чемпиондугунун коло жана алтын байгесинин ээси Азат Үсөналиев ден соолугуна байланыштуу катыша алган жок. Бул салмакта Жаныбек Мусаев чемпион аталды. Ал финалда Ноорузбек Насирдиновду жеңип алтын байгени алды.

Кыргызстандын чемпиону аталган чүйлүк Жаныбек Мусаев жеңиш талыкпаган эмгектин натыйжасында келгенин айтты:

- Жеңишке жетүү оңой болгон жок. Ар бир таймаштан тажрыйба топтодум. Бул чемпиондукта атаандаштарым абдан күчтүү болду. Өзгөчө алтын байге үчүн таймаш мен үчүн кыйын болду. Анткени финалда биринчи раундда сол колумду оорутуп алдым. Анан оң кол менен гана көбүнчө соккуларды жасоого туура келди. Ошого карабай жеңишке жеткениме кубанычтамын.

49 кило салмакка чейинкилер арасында байге ээлери. Солдон оңго: Сыргак Жансейитов, Турат Осмонов жана Рахманкул Аватов. 22-ноябрь, 2015-ж. Бишкек.
49 кило салмакка чейинкилер арасында байге ээлери. Солдон оңго: Сыргак Жансейитов, Турат Осмонов жана Рахманкул Аватов. 22-ноябрь, 2015-ж. Бишкек.

56 кило салмакка чейинкилер арасында финалда Чүй облусунун өкүлү Өмүрбек Малабеков менен Жалал-Абад облусунан келген Сирожидин Абдуллаев таймашты.

Биринчи раундда Малабеков атаандашына таамай соккуларды узатып алдыга чыккан. Экинчи раундда Абдуллаев каршылашына удаасы менен таамай соккуну узатып упай алууга жетишти. Чечүүчү үчүнчү раундда Өмүрбек Малабеков кайрадан демилгени колго алып, жеңишке жетишүү менен бирге чемпиондуктун мыкты мушкери наамынын дагы ээси болду.

60 кг. салмакка чейинкилер арасында Ысык-Көл облусунун өкүлү Медер Мамакеев кайрадан чемпион аталды. Ал финалда Баткен облусунун өкүлү Акжол Сулайманбек уулун жеңип алды.

64 кг. салмакта Эрмек Сакенов жеңүүчү аталса, күмүш байге Данияр Дамирдин уулуна буюрду.

69 кг. салмакта Бакыт Жигиталиев чемпион аталды. Ал финалда Ильяс Муканбетовду жеңип алгачкы жолу өлкө чемпиону болуп калды. Буга чейин бул салмакта Кыргызстандын улуттук курама командасынын көч башын жетектеп келген Эркин Болотбек уулу бул сапар коло медаль тагынды.

Баткен облусунун атынан мелдешке катышып, алтын байге тагынган Бакыт Жигиталиев өлкө чемпиондугуна катышып эки жолу утулганын, талыкпаган машыгуулардын натыйжасында максатына жеткенин айтты.

- Буга чейин эки жолу утулгам. Ошондон кийин бар күчүмдү салып аракет жасап биринчиликке жетиштим. Ушул ийгиликке жетүүгө себепкер болгон эта-энеме ыраазычылык билдирем. Элибиз биримдикте болсун, мамлекетибиз өнүгө берсин! Ынтымак бар жерде ырыс болот!

75 кило салмакка чейинкилер арасында Каныбек уулу Азамат, 81 кг. салмакка чейинкилерден Адылбек уулу Эркин, 91 кг. салмак даражасында Чыңгыз Борбашев жана 91 кг. салмактан жогоркулар арасында Шермахамад Хакимов жеңүүчү болуп алтын байгелерди тагынышты.

Кыз-келиндер арасында 51 кило салмак даражасында Альбина Мамбетова финалда Бактыгүл Абдусаламованы жеңип чемпион болду.

57 кг. салмакка чейинкилер арасында Бурулкан Калыбай кызы алтын медалды тагынды. Ал финалда Гүлзат Муканбетованы жеңип алды.

Кыз-келиндер арасында 60 килого чейинки салмакта жеңүүчү Үмүтай Айтиева. 22-ноябрь, 2015-ж.
Кыз-келиндер арасында 60 килого чейинки салмакта жеңүүчү Үмүтай Айтиева. 22-ноябрь, 2015-ж.

60 кило салмакка чейинкилер арасында Үмүтай Айтиева чемпиондук наамга ээ болду. Алтын байге үчүн беттеште ал Алина Мамасадык кызын утуп алган. Чемпион болуп улуттук курама команданын катарына кошулган Үмүтай Айтиева олимп оюндарына катышууну кыялданып жүргөнүн айтып берди.

- Менин жеңишке жетишиме чоң салым кошкон машыктыруучум Акжол Ажибеков агай болду. Машыгууларымды көзөмөлдөп, талыкпай эмгектенүүнүн натыйжасында ушундай деңгээлге жеттим. Өлкө намысын коргоп эл аралык мелдештерде утуп, олимпиада оюндарына катышкым келет. Буюрса ошол максаттарга жетиш үчүн аракет кылып жүрөбүз.

Бокс боюнча Кыргызстандын чемпиондугунун жыйынтыгы менен Кыргызстандын бокс боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү аныкталат. Кыргызстандын Бокс боюнча федерациясынын президенти Абдыбакыт Халмурзаев:

- Улуттук курама команданын катарына кирген мушкерлердин арасында Олимп оюндарына катышууга жолдомо алууга мүмкүнчүлүгү бар мушкерлерибиз бар. Ал мушкерлерди жогорку деңгээлде даярдоо үчүн машыктыруучулар иш алып барууда.

Бразилиянын Рио-де-Жанейро шаарында боло турган Олимп оюндарына бокс боюнча жолдомолор быйыл дүйнө чемпиондугунда берилди. Кийинки жолдомолор 2016-жылы 23-марттан 2-апрелге чейин Кытайдын Цаньан шаарында Азия жана Океания аймагы үчүн 3-орунга чейин ээ болгондорго берилет. Ошондой эле дүйнө спортчулары үчүн июнь айында Азербайжанда эл аралык лицензиялык мелдеш өткөрүлүп биринчи орундан бешинчи орунга чейин ээ болгондор олимпиадага катышууга мүмкүнчүлүк алышат.

  • 16x9 Image

    Эмилбек Чекиров

    2009-жылы К.И.Скрябин атындагы Кыргыз агрардык университетинин агрономия факультетин аяктаган. 2007-жылы УТРКнын алдындагы “ТВ Академия” эксперименталдык чыгармачылык борборунан оператор- режиссер курсун бүткөн.

XS
SM
MD
LG