Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:15

Айылдык депутатты ким атты?


2-августтун түнүндө белгисиз адамдар атып кеткен Бостери айылдык кеңешинин депутаты Чынаркүл Молдошеванын абалы оор бойдон калууда.

Облустук ички иштер бөлүмү кылмышкерлер дагы деле кармала электигин маалымдады. Молдошева бийликтеги КСДП партиясынын мүчөсү болуп саналат.

66 жаштагы Чынаркүл Молдошевадан кабар алуу үчүн Улуттук госпиталга бардык. Депутат жаткан нейротравматология бөлүмүнөн автоматчан коопсуздук кызматкери тосуп алды. Ал бейтапка кирүүгө азырынча болбостугун айтып, жолубузду тороду. Аңгыча палатадан Молдошеванын кызы чыгып, апасынын абалы оор экенин, азырынча журналисттерге маалымат бере албастыгын айтты. Жабырлануучунун кызы Бишкекте жашагандыктан окуянын чоо-жайын билбей тургандыгын кошумчалады.

Депутатты дарылап жаткан врач, нейротравматологиянын бөлүм башчысы Бектемир Мамбетөмүров жабырлануучунун абалы тууралуу буларды билдирди:

- Молдошева 3-августта Чолпон-Ата ооруканасынан бул жерге оор абалда жеткирилген. Бул жерден текшерүү жүргүзүп, ок бетинен кирип, омурткаларды аралап кеткен деп диагноз койгонбуз. Операция жасалып, ок алынган. Ок экинчи моюн омурткага барып такалып калган, ага чейинки органдарын бүт талкалап кеткен. Бүгүнкү күндө ал реанимацияга которулган. Бирок абалы кайрадан оорлоп баратат. Кыскасы абалы оор эле.

Бектемир Мамбетөмүров
Бектемир Мамбетөмүров
Мамбетөмүров бейтап бүгүн да толук текшерүүдөн өтөрүн айтып, ок тийген жерлери шишип баратканын кошумчалады. Молдошевага 3-августта шашылыш операция жасалып, башынан көлөмү 2 см ок алынган. Операция 3 саатка созулган.

Мындан туура бир жума мурун болгон окуянын шектүүлөрү тууралуу кабар алуу үчүн Ысык-Көл облустук ички иштер бөлүмүнүн маалымат катчысы Сталбек Усубакунов менен байланыштык.

- Азыркы тапта Чынаркүл Молдошеванын өмүрүнө кол салуу фактысы боюнча Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө бөлүмчөсү тарабынан кылмыш иши козголгон. Ыкчам иликтөө иштери жүрүп жатат. Күнөөлүүлөр азырынча табыла элек.

Молдошева жергиликтүү кеңешке КСДП партиясынан депутат жана айылдык активист болуп саналат. Партиянын лидери Чыныбай Турсунбеков окуяны партиялашынын саясий ишмердиги менен байланыштырат.

- Милициянын эки эле версиясы болуп жатат. Биринчиси - саясий ишмердигине, экинчиси - криминалдарга байланыштуу. Ал дайыма Бостеридеги мыйзамсыз жер сатууларды ачыкка чыгарып келген. Жергиликтүү криминал менен да мамилеси начар болгон. Криминалга, коррупцияга дайыма каршы туруп, тиешелүү органдарга арыз жазып турчу.

Бостери айылынын тургуну, айыл өкмөттө Молдошева менен бирге иштешкен курдашы Роза Токтобаева буларды айтты:

- Ал үйүндө жалгыз турчу. Абышкасы мындан 20 жылдай мурун эле каза болуп калган. Балдары Бишкекте турушат. Бир баласы Якутияда. Азыр жанына неберелери келген. Бирок ошол күнү алар пансионатка кетип калышкан окшойт. Кыскасы окуя болгон күнү жанында эч ким жок экен. Ошол күнү кечке жуук экөөбүз телефон менен жакшынакай эле сүйлөшкөнбүз.

Чынаркүл Молдошева октон жабыркаганда аны кошунасы, 22 жаштагы Арсен деген жигит көргөн. Арсен менен байланышууга мүмкүн болгон жок. Анын таекеси, жабырлануучунун бир тууган кайниси Темир Молдошев билгенин ортого салды:

- Окуя болгон күнү менин Арсен деген жээним короодо жеңем менен машинеге кийиз жүктөшүп жаткан экен. Түнкү он жарым болгондуктан каяктан, ким атканын көрбөптүр. Жеңем жерге кулаганда чалынып кетти го деп ойлоп барса эле кан ага баштаптыр. Эмне болгонун жеңем өзү да байкабай калган экен. Короонун артында дубал бар болчу. Анан ошол жактан шыбырт чыкканда ит экен деп карай койгондо атып кетип жатышпайбы.

КСДПнын активистине кол салууну анын ишмердигине байланыштыргандар басымдуу. 2002-2005-жылдары Бостеринин айыл өкмөт башчысы болуп иштеген Бакыт Ондокеев Молдошеванын атылышынан жергиликтүү криминалдын изин көрүүдө.

- Бул кишиге алыстан келип кол салган жок. Аткан киши өзүбүздүн эле арабызда деп ойлойм. Элдин баары эле ушундай ойдо. Ал эже мурдагы айыл өкмөттүн туура эмес иштерин айтып, далилдеп берем деп жүрчү. Криминалдардын бетине эле "туура эмес иш кылып жатасың" деп айтчу. Криминалга аралашкандарды, бюджетке кол салгандарды бетине эле тайманбай айтчу. Тиешелүү жерлерге арызданып да жүрчү.

Бакыт Ондокеев сөз кылып жаткан Бостери айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы Замир Үчкурткаев менен байланышууга болгон аракетибизден майнап чыккан жок.

Жергиликтүүлөрдүн айтымында, Молдошева айылда өткөн жыйындарда айыл өкмөттүн ишмердигин катуу сынга алып, “биздин айылды кылмыш дүйнөсү башкарып калды” деп нааразы болгон.
XS
SM
MD
LG