Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:08

Чарбакта чек ара тосуу токтоп калды


Чарбак айылын Сох анклавынан бөлүп турган чек ара тилкеси ушул тушта. 7-январь, 2013.
Чарбак айылын Сох анклавынан бөлүп турган чек ара тилкеси ушул тушта. 7-январь, 2013.

Сох анклавы менен чектеш Баткендин Чарбак айылынын эли январдагы чатактан соң башталган чек ара тосуу иштери токтоп калганына кабатыр.

Баткендин Чарбак айылындагы жаңжалдан бери эки ай убакыт өтсө да ошол учурда айтылган чек араны тосуу иши алиге жолго коюлбай келет. Ал арада айылдан үч үй-бүлө башка жакка көчүп кетти. Чек арада жыл башында чыккан жаңжал сохтуктардын Чарбак айылын аралап, кишилерди барымтага алуусу менен коштолгон эле.

Чарбактыктар четинен көчүп жатабы?

Биз Чарбактын бүгүнкү абалынан кабар алуу үчүн барганыбызда Москвада иштеген кыргыздар топтогон акчаны айылга алып келип берип жаткан экен. Топтолгон 20 чакты кишиге мигранттардан жыйнаган жардамын атайын алып келген Москвадагы Бауман атындагы техникалык университеттин илимий кызматкери Маматжан Акжолов айылдыктардын абалын сурап жатыптыр:

- Албетте сиздердин айылда болгон окуя баарыбыздын көңүлүбүздү оорутту. Акчалай жардам берели деген Москвадагы кыргыздардын бири да жөн калбады. Колдон келгенин берип жатышты. Бул акча эми кем-карчыңыздардын баарын жаба албаса да биртике жардам болоор...

Жаңжалдан кийинки эки айдан бери 70 чакты түтүн жашаган Чарбакка ушинтип аз да болсо ар тараптан жардамдар келип жатат.

Бирок айылдыктардын айтымында, жашоо дагы деле мурдагы калыбына келе албай жатыптыр. Анткени ошол мезгилден бери чарбактыктардын койгон башкы талабы - чек араны тосуу али ишке аша элек. Бул арада коопсуздугунан тынчсызданган үч үй-бүлө башка жакка орун которуптур.

Гүлшахан Саматованын үйү Чарбак айылы менен Өзбекстанды бөлгөн чек аранын боюнда. Ал айылдаштарынын көчүп кетүүсүнө чек араны тосуу кечигип жатканы башкы себеп болду деген ойдо:

- Тирилик жаман эмес, өтүп жатат. Бирок ушу коопсуздук маселеси оор. Чек араны тосуп беребиз деп аны да аткарышкан жок. Мына ушундан улам үч үй-бүлө көчүп кетишти ар жака.

Бишкектен чоңдор келгенде эле кыймылдап калышат...

Чарбактагы окуядан кийин өкмөт атайын токтом кабыл алып, 357 млн. сом акча бөлүү менен чек арадагы социалдык-экономикалык абалды жакшыртуу маселесин койгон. Бирок ал акча бөлүнгөнү менен иш аткаруучуларга али жете элек окшойт. Анткени качан Жогорку Кеңеш төрагасы же өкмөттөн жогорку даражалуу бир өкүл келгенде гана пландалган иштер аткарууга алынгансып, анан эле токтоп калып жатыптыр.

Жергиликтүү тургандардын бири Бааридин Султанов айтылган убадалар эки айда эле унутулуп калганына кейийт:

- Качан борбордон бир чоң келгенде гана бул жактагылар иш жасагансып көрүнүшөт. Мына ЖК төрагасы келгенде жолго бир техника келген, ошо боюнча эч иш жасабай эле токтоп турат. Суу алып келебиз деп да бир чакырым жерди казган бойдон токтошту.

Жаңжалдын изи сууй электе мамлекет тарабынан убада кылынган иштердин тизмеси кыйла узун болчу. Бирок али толук аткарылганы жок.

Жергиликтүү бийлик болсо өкмөттөн бөлүнгөн каражаттын көлөмүнө жараша иштер аткарылып жатканын айтат. Баткен районунун акиминин орун басары Акмурза Тагаев эң оор маселе - чек араны тосуу көйгөйү жолго коюлбай жатканын, бирок калган убадалар боюнча иш башталганын айтат:

- Азыр Чарбак айылы үчүн ФАП, спорт зал куруу, суу алып келүү иштери башталды. Мына күн жылып, пландалган иштердин баары эми башталып жатат да. Анан эми чек ара маселеси чынында кыйын болуп жатат. Биз макулдашылган 2,5 чакырым чек араны тосмолоону баштаганбыз. Бирок кошуналар ага алымсынбай, чек арадан бери өтүп кеттиңер дегенсип жатышат. Ушул айдын аягында Ташкенде жолугушуу өтөт деп жатышат, ошондо тараптар бир пикирге келсе, анан чек араны тосмолоо башталат деп турабыз.

Сох анклавы менен чектеш Баткендин Чарбак айылында быйыл 6-январь күнү Өзбекстандын Ушар айылынын тургундары чек ара маселесинен улам жаңжал чыгарып, 30 дай кишини барымтага алган. Бул окуядан кийин кыргыз өкмөтү аймактагы чек араларды бекемдөө, суу, жол, электр энергиясын кошуналардан көз карандысыз кылып берүү жана айылга зарыл делген социалдык объектилерди куруу үчүн өлкө бюджетинен 357 млн. сом каражат бөлгөн.

XS
SM
MD
LG