Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:28

Кадамжайлыктар Ферганада камалган жердешине кабатыр


Чектеш аймактарда чек арадан мыйзамсыз өткөндөр арбын. (Сүрөттө: Кыргыз-өзбек чек арасында турган жаран, Ош облусу, 1-май, 2012.)
Чектеш аймактарда чек арадан мыйзамсыз өткөндөр арбын. (Сүрөттө: Кыргыз-өзбек чек арасында турган жаран, Ош облусу, 1-май, 2012.)

Кадамжайдын Кызыл-Булак айылынын тургундары Өзбекстандын Фергана шаарында камалып турган айылдашы Кубанычбек Эралиевди тезинен бошотууну талап кылышууда.

Өткөн жекшемби күнү Эралиевдин туугандары аны бошотуу талабы менен Баткендеги өзбек анклавы - Шаймерденге кеткен жолду бир канча саат тосуп, сүйлөшүүлөрдөн кийин гана ачышкан. Кубанычбек Эралиев кошуна өлкөгө чек арадан мыйзамсыз өткөнү үчүн камалганы айтылууда.


Чек арадан түз эле түрмөгө...


Кадамжай районундагы Кызыл-Булак айылынын тургуну, 1973-жылы туулган Кубанычбек Эралиев 10 күндөн бери Өзбекстандын Фергана шаарында кармалып турат. Аны Өзбекстандын укук коргоо органдары чек араны мыйзамсыз кесип өткөн деп айыптап жатканын райондун акими Акрамжан Мадумаров “Азаттыкка” билдирди.

- Өзбек тарап ал кишиге чек араны мыйзамсыз бузуп кирген деп күнөө койгон. Азыр алар тергөө иштерин жүргүзүп жатат. Биз да бул ишти көзөмөлдөп жатабыз. Бул боюнча облустук укук коргоо органдарынын, баарынын маалыматы бар.


Өзбек чек арачыларынынын билдиришинче, Эралиев чек араны көзөмөл бекетинен эмес, башка жерден кесип өткөн. Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Анарбай Алимбеков билдиргендей, бул окуя боюнча өзбекстандык кесиптештери менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

- Соту бүгүн болушу керек болчу. Азырынча бизде маалымат жок. Эгер сотто каралса эле алар бизге билдире турган болушкан. Өзбек тарап аны чек ара бекетинен эмес, чек араны башка жерден бузуп кирген деп кармап турушат. Эгер иши каралса, сот айып пул салып бошотсо керек...


Буга чейин Кубанычбек Эралиевдин туугандары эгер аны соттон бошотпосо, кайрадан жол тосорун эскертишкен.

Кыргызстандын Өзбекстан менен чектешкен райондорунда жашаган адамдардын чек араны мыйзамсыз өткөн учурлары буга чейин деле болуп келген. Ошондуктан кошуна мамлекетке мыйзамдуу гана жол менен кирүүгө чакырып жатышканын Кадамдайдын акими Акрамжан Мадумаров кошумчалады:

- Бул эми Өзбек Республикасы, алардын өздөрүнүн мыйзамдары бар. Жергиликтүү элге, айыл өкмөттөрүнө чек араны бузуп, мыйзамсыз башка мамлекетке кирбегиле деп айтып жатабыз. Себеби бул биздин коомдук-саясий абалга, эки өлкөнүн мамилесине таасир этет. Ал эми мыйзам чегинде кирип чыккан адамдарга өзбек тарап эч нерсе деген жок.


Өзбекстандын абактарында 81 кыргыз жараны отурат


Ошол эле кезде кылмыш кылды деп Өзбекстанда соттолуп, абакта отурган кыргыз жарандары да жок эмес. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, учурда Өзбекстандын абактарында жазасын өтөп жаткан 81 кыргызстандык бар.

ТИМдин маалымат катчысы Турдакун Сыдыков буларды айтты:

- Чет мамлекеттерде соттолгон биздин жарандардын саны 2894 адам. Анын ичинен Өзбекстанда 81 киши соттолгон. Орусияда болсо 2414 адам абакта.


Өзбекстанда кыргыз жарандары кандай кылмыштар менен соттолгону боюнча так маалымат жок. Негизинен чет жерде абакта отургандар майда бейбаштыктан тарта чек араны мыйзамсыз өтүү, маңзат ташып, киши өлтүрүү, зордуктоо, каракчылык сыяктуу оор кылмыштар менен соттолгондор.

Бөтөн элде абакта отурган кыргыз жарандары 2012-жылы 2110 адам болсо, алардын саны бүгүн, жогоруда айтылгандай, 2894 кишиге жетти.

XS
SM
MD
LG