Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:51

Кыргызстан чек арасын кайтарууну күчөтөт


Чек арадагы Чарбак айылы, Баткен.
Чек арадагы Чарбак айылы, Баткен.

Кыргыз өкмөтүнүн Коопсуздук жана укук тартиби кеңеши 9-январда Чарбак жаңжалын талкуулады.

Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев чек ара аймактагы чырды иликтөө үчүн мекемелер аралык комиссия түзүп, күнөөлүүлөрду жоопко тартууну тапшырды.

Жыйын соңунда тиешелүү министрлик-мекемелерге жана жергиликтүү бийликке чукул тапшырмалар берилди. Ага ылайык, кыргыз-өзбек чек арасын тактоо жанданат. Мамлекеттик чек араны кайтаруу күчөтүлөт жана эл арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт. Ошондой эле чек ара аймактардагы иш-аракеттер көзөмөлдөнөт. Чек ара боюнча мыйзамга өзгөртүү киргизилип, Сохту айланып өткөн Айгүл-Таш – Согмент – Чарбак – Таян унаа жолун куруу жанданат.

Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев бул чек ара жаңжалын жергиликтүү бийлик ишин так алып барбагынын кесепети деп баалады:

- Бул биринчи эле жолу болгон окуя эмес. Мурунку окуялардан улам биз чечим кабыл алып, болтурбай коё алган жокпуз. Жергиликтүү бийликке чек арадагы аймактардагы чыр-чатактуу маселелерди чечүү боюнча мындан бир жыл мурун тапшырма-план берилген болчу. Бул жерде биз кандайдыр бир шалаакылыктарды көрсөтүп жатабыз.

Жыйында Чек ара кызматынын кол башчысы Закир Тиленов жаңжал тууралуу кеңири маалымат берди. Кол башчынын маалымдашынча, өзбек тарап жаңжал кыргыз чек арачылары элге ок аткандан кийин тутанган деп жатат:

- Өзбекстандын чек ара аскерлигинин жетекчилигинин маалымдашынча, чогулган элдин андай аракетине өзбек жарандары арасында октон жаракат алгандардын болушу себеп болгон. 8-январда мен Баткендеги аскер прокурорун, тергөөчүнү алып Сохко бардым. Ал жерден бизге ок жеп ооруканага түшкөн беш адамды көрсөтүштү.

Жыйындан кийин өкмөттүн Баткендеги өкүлү Жеңиш Разаков маалымат жыйынын өткөрдү. Анда облус башчысы “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып, мындай жаңжал чек ара тилкелери толук такталып, тосулмайынча тутана берерин билдирип, жергиликтүү бийлик шалаакылык кылды, алдын алган жок деген дооматты четке какты:

- Өзбек жарандары илкерки мезгилден бери биздин жайыттарга чыгып, тообуздагы арча-кайыңды кыйып келген. “Чарбак” чек ара тозоту курулуп, эки жылдан бери мындай иштерге бөгөт коюлду. Жаңжалдын бирден-бир себеби ошол. Беш мамынын айынан ушундай чыр чыгат деп эч ким күткөн эмес. Жергиликтүү бийлик ал жерде алдын алуу иштерин жүргүзгөн эмес деген сөз ошол жердеги кырдаалды билбей айткандык болуп эсептелет. Делимитация ишин толук бүтүрүп, мамлекеттик чек араны тикенек зым менен тосуп, же болбосо аң казып бөлүш керек. Ошондон кийин мындай талаштар токтойт.

Разаковдун маалымдашынча, Сох анклавынын жака-белиндеги чек ара бекеттери кырдаал толук турукташмайынча ачылбайт:

- Баткен облусунун сегиз жеринде 100дөн, 300дөн эл топтолуп, адамдарды барымтага алып, ургандарды жоопко тартып, чыгымдарды төлөп бермейинче жолду ачпагыла деген талап койду. Ошондой жаңжал болду деген маалымат келгенден кийин биринчи өзбек тарап чек араны жапты, биз өзүбүз тараптан жаптык. Анткени ошол окуяга тиешеси жок эле адамдар жабыркап калбасын деп жаптык. Кечээ Фергана облусунун акими менен жолукканда да Сох анклавынын тургундарынын коопсуздугу үчүн эле жабылып турат, бизде башка маселе жок деп айттым. Эгер азыр Сохтон Өзбекстандын жараны чыгып, Бүргөндүдө, Айдаркенде кыргыз жарандарынын колуна түшүп калса жаңжал дагы кайталанышы мүмкүн. Ошон үчүн биз азырынча чек араны жабык кармап турабыз. Өзбек тарап чыгымды төлөп беребиз деп убада беришти. Бирок ал процесс азырынча баштала элек.

Бул арада Сохтогу чатакка жана чек ара бекеттери жабылганга байланыштуу өзбекстандык 87 жаран Сохко кайта албай, Риштан районунда отурушат. Бул жөнүндө “Азаттыктын” өзбек кызматы Өзбекстандын бейөкмөттүк адам укугун коргоочу уюмуна шилтеп кабарлады.

Сохтун атын атагысы келбеген тургуну “Азаттыктын” өзбек кызматына чек арадан эч ким өтө албай жаткандыгын билдирди:

- Үч күндөн бери Риштан тарапта турабыз. Чек ара жабык. Азыр эле үй (Сохтогу) менен сүйлөштүм, баары тынч .

Сох анклавындагы жаңжалдан жалпысынан Кыргызстандын 17 жараны жабыркаган. Алардын жетөө ооруканага оор жаракаттар менен түштү. Он бештей унаа талкаланды.

XS
SM
MD
LG