Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:51

“Балабызды аткандарды жазалап бергиле”


Кадамжай районунун акими Акрам Мадымаров чек арачылардын колунан ажал тапкан Бакыт Тагаевдин жакындары менен жолугушууда. 20-июнь, 2013.
Кадамжай районунун акими Акрам Мадымаров чек арачылардын колунан ажал тапкан Бакыт Тагаевдин жакындары менен жолугушууда. 20-июнь, 2013.

Өзбек чек арачылары Кыргызстандын аймагына өтүп келип, бир жаранды атып кеткен окуя боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.

Бирок өзбек тарап чек арачыларынын аракетинде мыйзам бузуу жок экенин билдирүүдө. Чек арачылардын огунан ажал тапкан жарандын жакындары болсо кылмыш жасагандар жазага тартылуусун талап кылып, бийликке он күн мөөнөт чектешти.

Бул каргаша 20-июнга караган түнү Кадамжайдын Марказ айыл округундагы кыргыз-өзбек чегинде жайгашкан Сары-Алтын айылында болгон. Өзбек чек арачылары Кыргызстандын аймагына бастырып кирип, 37 жаштагы тургунду атып кетишкен. Каза болгон Бакыт Тагаевдин жакындары болсо кыргыз бийликтерине ок аткан чек арачыны жазага тартуу талабы менен кайрылышкан.

Маркум Бакыттын энеси Темиржан апа уулунун канына забын болгондор жазасыз калбайт деген үмүттө. Күйүткө баткан эне эгер андай болбосо кыргыз бийлигинин жүзү дайын болоорун, андан ары өзү колунан келгенин жасоого аргасыз болоорун айтат:

- Биздин колдон эмне келмек эле эми... Эгер тийиштүү жазасын албай калса ошол уулумду аткандардын алдына барып, мени да аткыла дейм да. Андан башка менин колумдан эмне келмек...

Каза болгон Бакыт Тагаев чек аралаш аймакта өзүнүн жеңил автоунаасы менен бирөөлөрдүн жүгүн ташып, бала-чакасын бакчу экен. Артында беш баласы жетим, аялы жесир калды. Эң кенжеси эми эле бир жашка чыгыптыр..

24-июнда аталган айылга келген акыйкатчы Турсунбек Акун маркумдун жакындары жана жердештери менен жолугуп, арыз-муңун укту. Акыйкатчы аларга чек арадагы бул жана башка окуялар боюнча жакында Ташкенге бараарын билдирди:

- Өзбекстандын чек арачылары, жарандары тарабынан биздин аймакта жасалган кылмыш иштери Кыргызстан тарабынан тийешелүү баасын албай жатат. Бир кылмыш жасап, эч нерсе болбой кала берсе ал кийин дагы улантат. Ошондуктан биз БУУга чейин кайрылып, Өзбекстанга басым жасай алсак, экинчи кайталабай калышат. Бакыт Тагаевдин иши боюнча Кадамжайдан бир өкүлдү кошуп алып, Ташкенге барабыз. Ким кандай жаза алып жатканын иликтейбиз...

Окуя болгон аймакта чек ара такталган. Бирок кыргыз чек арачылары бул жерди такай көзөмөлдөп турууга чамасы чак. Ошондуктан азырынча такталган чек араларда аң казуу иштери башталганы турат.

Өзбек чек арачыларынын мыйзамдан сырт жасаган бул иши боюнча Кадамжай райондук ички иштер бөлүмү өзгөчө мыкаачылык менен адам өлтүрүү беренеси менен кылмыш ишин козгогон.

Кадамжай районунун акими Акрам Мадымаров аймакта абал туруктуу экенин айтып, ок атуу боюнча тергөө тобу иштеп жатканын айтат:

- Аймакта абал туруктуу. Жол каттамдары ачылды. Күч кызматтары бул окуя боюнча иликтөө иштерин жүргүзүп жатышат. Эл кылмышкерлер тиешелүү жазасын алуусун талап кылууда.

Бул арада Баткен облусунун аймактарындагы жаштардын демилгелүү топтору өлкө жетекчилигине чек ара маселесине олуттуу кароо тууралуу кайрылуу жасап жатышат.

Тасмада: Эненин күйүтү

Кандуу чек ара: эненин күйүтү
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:11 0:00

XS
SM
MD
LG