Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:05

Чек арадагы эл мамлекеттен колдоо күтөт


Чек арадагы Ак-Сай айылы менен Тажикстандын Ворух анклавынын ортосундагы жол, Баткен облусу.
Чек арадагы Ак-Сай айылы менен Тажикстандын Ворух анклавынын ортосундагы жол, Баткен облусу.

Баткендеги чек ара айылдарынын тургундары ээндеген жерлерге коңшулардын жарандары отурукташып жатканына кабатыр.

Болгону эки миң жашоочусу бар Ак-Сай айылы Баткен районунун четинде жайгашып, бир жагынан Тажикстандын Ворух анклавы, бир жагынан бул өлкөнүн Кожо-Ало айылы менен курчалып калган. Союз тушунда Ак-Сай айылындагы кыргыздардын баарын башка жакка көчүрүп, ал жерди Тажикстандын карамагына өткөрүп берүү аракети да болгон.
Ушул жерди 1975-жылы Тажикстанга “маданий жайыт” деп бергени калганда кыргыз-тажик тополоңу чыккан. Ошентип бул жерди сактап калганбыз...


Бирок ошол заманда эле жергиликтүү кыргыздар Москванын чечимине каршы туруп, натыйжада эки улуттан кан төгүлгөнүн ошондогу нааразылык толкунунун башында турган Насирдин Дубанаев мындайча эскерди:

- Бул жерди ата-бабабыз жердеп келген. Ушул жерди 1975-жылы Тажикстанга “маданий жайыт” деп бергени калганда кыргыз-тажик тополоңу чыккан. Мен ошондо 21 жашта, жаңы үйлөнгөн жигит элем. Тополоңду баштады деп мени он беш жыл эркимен ажыраткан, бирок эки элдин ортосунда карама-каршылык күчөбөсүн деп үч жылга шарттуу кести. Ошентип бул жерди сактап калганбыз, ансыз деле ага чейин Баткендин 1800 гектар суулуу жери “маданий жайыт” деген негиз менен Тажикстанга берилип кеткен.

Насирдин Дубанаев бул айылдарда калкты кармап калуу үчүн эми кыргыз бийликтери чек ара конуштарына өзгөчө макам берип, социалдык-экономикалык колдоо көрсөтүүгө тийиш деп эсептейт:

- Ар кимдин өзүнүн туулган жери ыйык, кымбат. Ошондуктан бизге мамлекет социалдык жактан колдоо көрсөтүп, салыктан жеңилдик бериши керек. Биздин жаштарга там тургузууга жер берсе жакшы болмок.

Союз кулагандан кийин Тажикстандан Баткен жергесине акырындан ооп келгендер көбөйүп, ондогон гектар суулуу жерлер коңшу өлкөнүн карамагына өтүп калганына жергиликтүү тургундардын ичи күйүп турган чагы.

Ак-Сай жана Кожо-Ало айылынын ортосундагы такталбаган тилке деп эсептелген жер эзелтен эле кыргыздарга, биздин ата-бабабызга таандык дейт 82 жаштагы карыя Ниязбек Орозакунов. Ал бул жерге там тургузуп, бак тигүүгө жасаган аракетине тажик чек арачылары дайыма бөгөт коюп келатканын белгилейт:

- Бул жерде менин ата-бабам 200-300 жылдан бери жашап келген, мен ушул жерде туулуп-өскөнмүн. Бул жерге биз тирүүлөй чеп болуп бергенге да даярбыз. Мен куруп жаткан үйүмдү жылда тажиктер келип бузуп кетишет. Быйыл да баштаган болчумун. Бир күнү керебетте жаткан элем, тажик чек арачылары: бир капитан менен төрт жоокер келип, машинага салып алып кетишти.

Тажик чек арачылары Ниязбек аксакалдын ылайдан курган тамын бузуп, өзүн кармап кетишкенде Ак-Сай айылынын тургундары Тажикстандын Ворух анклавына кеткен жолду жаап салышкан. Ошондон кийин жергиликтүү тажик бийлигинин өкүлдөрү келип, кечирим суроого аргасыз болушкан экен.

Тажикстан тараптан жылма экспансияга бөгөт коюу максатында кыргыз өкмөтү атайын программа кабыл алып, 10 млн. сом бөлгөн, ага ылайык чек арада жайгашкан айылдардагы үйлөрдү, жерлерди тажик тургундарынан мамлекет сатып алып, милиция бөлүмү, мектеп, бала бакча тургузулган.

Өкмөт мындан көрө чек ара конуштарын бекемдесе жемиштүү болмок деген пикирин “Эл аралык толеранттуулук үчүн” коомдук уюмунун Баткендеги өкүлү Хаит Айкынов “Азаттыкка” билдирди:

- Өкмөт ар бир жаранга татыктуу жашоого шарт түзүп бериши керек. Ушул чек арадагы он-он беш сотых жерин чек арачы катары кармап, ушул жерде жашап турганы үчүн атайын жөлөкпул төлөсө да болот. Мындан тышкары мамлекет чек ара аймактарында жашаган элге “мамлекеттик буйрутма” берип, жашылча-жемиш болобу, жер айдоого керектүү шаймандар болобу, өндүртүп, аны сатып алуучу болсо, ар кимиси колунан келген эмгегин жасап, өкмөт жөн эле акча бербей, кылган ишине акысын төлөп, элди чек арада кармоого болот.

Мамлекеттен колдоо күтүп отурбай жергиликтүү тургундар эл аралык уюмдар менен бирдикте айылга жаштарды алып калуу аракетин көрүп жатышыптыр. Бул максатта Ак-Сай айлындагы орто мектептин спорт залы ПРООНдун “Тынчтык жана өнүгүү” программасы тарабынан капиталдык ремонттон өткөрүлүп, жаңы спорт жабдыктары менен жабдылган, ошондой эле жергиликтүү кыз-келиндер үчүн кондитердик цех ачылган.

Бул тууралуу программанын жергиликтүү ыктыярчысы Таалай Ибраимов кеп салып берди:

- Улуттар уюмунан бизге көп пайда болуп атат. Көп программаларынын алкагында бир топ жардамдарды беришти. Алгач “Өнүктүрүү программасынын” ичинде көп иш жасаса, кийинчерээк “Чектеш аймактарды өнүктүрүү” программасынын негизинде иштештик, азыр “Тынчтык жана өнүгүү” деп биздин спорт залыбызды жаңылоо жана шириндиктерди жасаган кондитердик цехти куруу боюнча долбоорлорду каржылап беришти.

ПРООНдун “Тынчтык жана өнүгүү” программасы чектеш коңшулар араздашууга кириптер болбосун үчүн ар тараптуу амалдарды издеп жатат. Аталган программа биринчи кезекте тараптарды чыр-чатактан алакчылоо максатын көздөйт.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG