Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:38

Баткендиктер Сохко түз жол ачылышына каршы


Быйыл жыл башындагы чатактан кийин сохтуктар Өзбекстандын негизги аймагына Кадамжай шаары аркылуу айланып каттап калган. (Сүрөттө: Кадамжайдагы чек ара бекети, 25-январь, 2013.)
Быйыл жыл башындагы чатактан кийин сохтуктар Өзбекстандын негизги аймагына Кадамжай шаары аркылуу айланып каттап калган. (Сүрөттө: Кадамжайдагы чек ара бекети, 25-январь, 2013.)

Баткен эли Сох анклавы менен Өзбекстандын Риштан аймагын байланыштырган жолдогу чек ара тосмосу ачылышына макул эмес.

Демилгечи топ өкмөт “Газпром”, “Апкан” жана “Кайтпас” чек ара өткөрмө бекеттерин ачуу боюнча Өзбекстан менен сүйлөшүүгө бара турган болсо, эл кайрадан жол тосо турганын жарыялап чыгышты.

Чек ара кызматынын төрагасы Токон Мамытов өткөрмө бекеттерди ачууга уруксат берилди деген маалыматты четке кагып, маселе өкмөттүк деңгээлде чечиле турганын билдирди.

Өзөгү чечилбеген өткөрмө бекеттер

Жыл башында Баткендин Чарбагына Өзбекстандын Хушяр айылынын тургундары бастырып кирген окуядан кийин Кыргызстан Сохту Өзбекстан менен байланыштырган “Газпром”, “Апкан” жана “Кайтпас” чек ара өткөрмө бекеттерин жаап салган. Ага жергиликтүү кыргыз жарандарынын талабы негиз болгон.

Учурда Баткенде кыргыз өкмөтү мына ошол чек ара капкаларын ачып берүүгө Өзбекстанга макулдук бериптир деген маалымат тарады. Буга тынчсызданган жергиликтүү тургун Соурбай Шамуратов өткөн жылы коюлган талаптар аткарылмайын капкаларды ачууга жол берилбестигин айтты:

- Бүгүн мен Чарбак менен байланышсам, чек ара линиясын тоскондор болгону 2 чакырым жерге эле мамыларды орнотуп коюп кетип калышыптыр. Чек арага тикенек зымдар тартылганы менен бекемделбей калыптыр. Анан ушундай учурда тигил жактагы чек ара бекеттерин ачып беребиз дей турган болсо, эл көтөрүлүп кетет. Бул бийлик элди алдап койсо болот экен деп ойлобосун. Чек ара коопсуздугу жөнгө салынмайынча биз бул коридор аркылуу өзбек жарандарынын өтүшүнө жол бербейбиз.

Март айынын аягында Ташкен шаарында кыргыз-өзбек чек арасын тактоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги жыйыны болгон. Бирок анын жыйынтыгы тууралуу Ташкенден кайтып келген кыргыз өкүлчүлүгү коомчулукка маалымат бере элек. Болгону жакында өкмөттө чек ара өткөрмө бекеттерин ачуу маселеси жабык талкууланганы боюнча маалымат тараган.

Өкмөт үн ката элек

Чек ара кызматынын төрагасы Токон Мамытов аталган чек ара бекеттерин ачуу боюнча өкмөт бир чечимге келе электигин белгиледи:

- “Кайтпас”, “Газпром” жана “Апкан” чек ара өткөрмө бекеттери ачылат экен деген болбогон сөз. Өзбек тарап Кыргызстандын Барак эксклавына “Ак-Таш” аркылуу жол бериш үчүн жогорудагы өткөрмө бекеттерди ачууну сунуштаган. Биз ага учурунда макул болгон эмеспиз. Бул маселе азыр өкмөттө каралып жатат. Өкмөт уруксат береби, же бербейби азырынча белгисиз.

Сох анклавынын тургундары Өзбекстан менен катташуу үчүн Кыргызстандын Кадамжай районундагы “Кайтпас” жана “Газпром” чек ара бекеттеринен өтүшчү. Ошондой эле “Өзбектрансгаз” ишканасы Кыргызстандын аймагындагы Бүргөндү мунай газ массивине да мына ошол жол аркылуу байланышып турган. Кийин ал жол жабылганда өзбекстандыктар "Вуадил" өткөрмө бекети менен гана каттап калышкан.

Актурпак айыл аймагынын башчысы Алтынбай Имаров жергиликтүү калктын калган өткөрмө капкаларын жабык бойдон калтыруу талабы күчүндө турганына токтолду:

- Мына ошол өткөрмө бекеттерди жаап салуу жана чек араны жөнгө салуу боюнча Баткенден бери адамдар келип, ушул жерде бир айга чукул турушкан. Анан өзбекстандыктар бул жак менен каттоону токтотуп, тиги "Вуадил" аркылуу эле байланышсын деген талап ошол боюнча күчүндө турат. Чек ара такталмайынча мына ошол бекеттерди ачууга жергиликтүү эл каршы.

Ошол эле кезде жергиликтүү тургундардын баамында, аймактагы чек ара маселеси татаал бойдон калууда.

XS
SM
MD
LG