Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:51

Анклав маселесине үчүнчү тарап аралашабы?


Сохтун жанындагы Баткендин Бөжөй айылына гумжардам барды.17-январь, 2013.
Сохтун жанындагы Баткендин Бөжөй айылына гумжардам барды.17-январь, 2013.

Кыргызстан менен Өзбекстан Сох, Шаймерден, Барак анклавдарына жол ачууну макулдашты. Бирок анклавдардын маселесин түбөлүктүү чечүүнүн жолдору аныктала элек. Орус эксперттери бул маселени Орусия, АКШ, Казакстандын катышуусу менен чечүүнү сунуштоодо. Кыргызстандык адистердин буга көз карашы кандай?

Январь айында Сох анклавында чыккан жаңжал региондогу кырдаал канчалык татаал жана опурталдуу экенин көрсөттү.

Экөөлөп чечпегенди, бешөөлөп чечеби?

Кыргызстан менен Өзбекстан 20 жылдан ашуун убакыттан бери мына ушул анклавдар маселесин чече албай келатат. Жалпы чек араны аныктоо боюнча сүйлөшүүлөр да өтө кыйынчылыктар менен жүрүп жатканы маалым.

Өзбекстан Сох анклавына коридор ачууга кызыкдар. Бул маселени чечүүнүн формуласын Ташкен кезинде сунуштап, атайын меморандумга 2001-жылы эки өлкөнүн өкмөт башчылары кол койгон. Ага ылайык, Кыргызстан Сохко коридор ачып, ал эми Өзбектстан ошого тете жер бермекчи болгон.

Бирок Сохко коридор ачылуусу менен Кыргызстандын Баткен, Лейлек райондору, Сүлүктү шаары толугу менен анклав болуп калаарын кыргыз бийлиги меморандумга кол койгондон кийин түшүнүп, коомчулуктун басымы менен ал документтен баш тарткан.

Мына ошондон бери анклавдардын тагдырын кандай жол менен чечүүнүн жаңы формуласы табыла элек. Чек ара маселелери боюнча орус адиси Александр Собянин Сох маселесин чечүүдө беш тараптуу комиссия түзүлүш керек дейт. Ал комиссияга Кыргызстан менен Өзбекстандан сырткары АКШ, Орусия жана Казакстан кириши зарылдыгын белгилеген.

Чек ара маселелери боюнча кыргызстандык адис Саламат Аламанов болсо Кыргызстан менен Өзбекстан өздөрү анклавдар маселесин чечүүгө жөндөмдүү деп эсептеп, ага үчүнчү тарапты аралаштырууну туура көрбөйт.

- Чек ара эки мамлекеттин тиешеси бар иш. Эч убакта үчүнчү тарап катышканга болбойт. Эгерде үчүнчү тарап катыша турган болсо, анда эки тарап өтө катуу убадасын бериш керек, биз үчүнчү тараптын айтканын сөзсүз аткарабыз деп. Андай милдеттенме алган соң, андан кийинкиси өтө опурталдуу болуп калат. Себеби маселе кимдин пайдасына чечилери белгисиз. Ошондуктан бул өтө оор маселе.

База болсо эле баары чечилеби?

Орус эксперти Александр Собянин Кыргызстандын түштүгүнө Орусиянын аскердик базасын ачуу да региондогу бир катар маселелерди чечет деп эсептейт. Анын айтымында, база гидроэнергетика жана тоо-кен тармагына салынган орус-кыргыз инвестициясын коргоодо, Фергана өрөөнүндө халифатты курууга каршы турууда, улуттар аралык жаңжалдарга жол бербөөдө негизги ролду ойнойт. Өзбекстан да Кыргызстанга карата коркутууларын токтотот. (Ислам Каримов суу маселеси региондо согушка чыгарыш мүмкүндүгүн айтып келет).

Генерал Артур Медетбеков Кыргызстанда чет өлкөлүк базалар жетиштүү, ошондуктан дагы бирөөсүн ачуу максатка ылайыктуу эмес дейт. Ал ошондой эле анклавдар маселесин чечүүдө Орусия, Казакстандын кеңешин угууга болот, бирок аларды аралаштыруу туура эмес деп эсептейт.

Коопсуздук маселелери боюнча эксперт Имамберди Жалилов да чек ара, анклавдар боюнча маселени Кыргызстан менен Өзбекстан өзү чечиш керек деген пикирде. Ал орус эксперттеринин сунушун саясий оюн катары баалап, андайга жол берилбеш керек деп эсептейт:

- Аскердик базаны бир беткей карабаш керек. Анын алдына кеңири милдеттер коюлуш керек. Бүгүнкү күндө Өзбекстандын же Тажикстандын, Кыргызстандын же бир гана Орусиянын кызыкчылыгына эмес, жалпы адамзаттын кызыкчылыгына каршы келген эл аралык көрүнүштөр бар. Булар баңгизаттарын мыйзамсыз ташуу, адам уурдоо, зордукчулук дегендер. Буларга каршы биргелешип аракет кылса, натыйжа болот. Базаны курууда мына ушундай максат коюлуш керек.

Иманберди Жалилов 2014-жылы АКШнын күчтөрү Ооганстандан чыгарылгандан кийин Ооганстан, Пакистандагы белгисиз топтордун регион тынчтыгына бүлгүн салуу коркунучу бар экенин, мына ошого каршы туруу үчүн база болсо болорун кошумчалады.

Кыргызстандын аймагында азыр Өзбекстандын Сох, Шаймерден, Тажикстандын Ворух эксклавы бар. Бул үч анклав тең Баткен облусунун ичинде. Аталган анклавдардын айланасында жер-суу талаштарынан улам дамамат чыр-чатактар чыгып турат. Анын эң соңкусу - өткөн айдын башындагы Чарбак чатагы болду. Бул окуяда өзбек жарандары кыргыз айылына бастырып кирип, кыргыз жарандарын барымтага алышы жана андан кийин бир айдай жолдордун жабык турушу аймактагы кырдаалдын канчалык татаал экенин дагы бир ирет айгинелеп койду.

Ошол эле учурда Өзбекстандын аймагында Кыргызстандын Барак эксклавы бар. Оштун Кара-Суу районуна караган бул чакан айылдын эли да чек ара азабын тартып келет.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG