Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:30

Чек арадагы жайлоолор талашка түштү


Тажикстан менен чектешкен Чоң-Алайдын жайлоолору талашка түштү.
Тажикстан менен чектешкен Чоң-Алайдын жайлоолору талашка түштү.

Чоң-Алайда талашка түшкөн жайлоолор жана тактала элек чек аралар аймактары тууралуу эксперт, чек араны тактоо комиссиясынын мурдагы жетекчиси Саламат Аламанов “Азаттыкка” ой бөлүштү.

- Чоң-Алай аймагында төрт жайлоо Тажикстанга өтүп кетти деп жергиликтүү эл, бийлик билдирип жатат. Маселенин чоо-жайы кандай? Сиз комиссияны жетектеп турганда жайлоолор кимге тиешелүү эле?

- Маселенин чоо-жай тээ тереңге кетет. Чоң-Алай районунун Тажикстан менен чектеш чек арасында эки жердин маселеси чечилбей келет. Биринчиси, Алтын-Дара суусунун жээгиндеги Алтын-Мазар деген жер. Бул жер Кыргызстанга тиешелүү. Советтер Союзу кезинде бул жерге Тажикстандын метеостанциясы курулуп калган.

Экинчиси, Унжу-Булактын алабы. Документтерге кайрылсак, Унжу-Булак Тажикстандын жери болуп турат. Бирок эзелтеден биздин эл ошол жерде жайлап келиптир.

Райондогу Кара-Тейит, Карамык айылдарынын тургундары, 15-20 үй-бүлө ошол жерде барып жайлачу экен. Аркы Жерге-Талдын айылдарынан келип, жайлап жүргөнүн да биз барып көргөнбүз. Мына ушул эки жер азырынча чечиле элек.

Менин оюмча, мунун чечилиши өтө көпкө созулчудай. Алтын-Дара суусунун башындагы жерди эл биздики экенин билет дагы "ошону биз алып калышыбыз керек, бизден кайра кайтарып алышкан" деп маселе коюп жатышкан.

Экинчиси, жергиликтүү эл Унжу-Булактагы эзелтеден пайдаланылып келе жаткан жерлерди да алышыбыз керек, себеби ата-бабабыздын жерлери” деген ойлорун айтышат.

Биз ушул маселе чечилбей калганда Дароот-Коргонго барып, ал жактагы элдер менен сүйлөшүп, ушул маселени ачыгынан койгонбуз. Коңшу тараптын позициясын айтканбыз. Тажикстан тарап эгерде Алтын-Мазарды алсаңар, анда биз Унжу-Булак алабыз, эгерде метеостанция жайгашкан Алтын-Мазардагы жерди бизге калтырсаңар, анда Унжу-Булакты силерге беребиз деп билдирген.

- Жергиликтүү эл тажик тарап беш жылдан бери жайлоого уруксат бербей жатат дешет. Эгерде кайсы бир аймак талаштуу бойдон турса, тактала элек болсо Тажикстандын элди жайлоого киргизбей жатышы канчалык туура кадам?

- Эми бул жерде жогорку деңгээлде сүйлөшүү болушу керек. Тажик тараптын эли да биздикине окшоп эле бардык нерсеге көз салып турат да. Ал жерде да билермандар бар да. “Ай, биздин жерди булар эзелтен бери пайдаланып келе жатат. Эмне үчүн уруксат берип жатасыңар? Азыр өзүнчө мамлекет болуп калбадыкпы”,-деп алар да бийликти мындай кадам жасоого мажбур кылат. Ошондуктан жергиликтүү элдин чек ара маселелерине аралашып жатканы маселени көпкө чейин созуп коюшу мүмкүн.

Азыр бул жерлер али тактала элек. Бирок бир жайлоо административдик, расмий чек ара карталары боюнча тигилерге таандык болуп турат. Ошондуктан алар бул картага таянып жатышат. Эгерде эки ортодо мамиле жакшы болсо, чек ара такталганга чейин ал жердеги жашоо-тиричиликти мурдагы калыбынан бузбай жашай берүү керек болчу. Бул эми жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөргө байланыштуу болот.

- Чоң-Алайдагы бул жайлоолордон башка Кыргызстандын Тажикстан жана Өзбекстан менен чектешкен аймактарында дале талаштуу, тактала элек жерлер калууда. Сиз талаштуу жерлердин тагдырын чечүү үчүн саясий эрк керек деп айтып келесиз. Саясий эрк деген саясий чечим кабыл алып, мунаса келүүбү же жерди алмашуубу?

- Саясий эрк деген эки тараптын саясий чек араны чечүүгө конституциялык укугу бар деңгээлдеги адамдар же уюмдар сүйлөшүп туруп, бир чечимге келиши. Эксперттерди "барып чечип кел" деп кыйнай бербей, “биз мындай чечтик, мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн ушул керек, мамлекеттин чек арасын ушуну менен бүткөрүү керек”, - деп саясий бийлик директива бериши керек.

Башкача айтканда тапшырма берүү абзел. Ошондо эксперттер ошол тапшырма боюнча иш алып барат. Мындай маселени эксперттер өздөрү чече албайт.

XS
SM
MD
LG