Жума, Май 25, 2012 Бишкек убакыты: 03:32

Коопсуздук

Баткендиктер тажик милициясына нааразы

26-декабрда Баткендин Тажикстан менен чектеш Ак-Татыр айылынын 150 чакты тургуну облустук бийликке даттанып келди.

Чек арадагы чыр-чатактан улам топтолгон эл. Баткендеги кыргыз-тажик чек арасы, 2011-жылдын апрель айы.
Текст көлөмү - +
Алар облус бийлигине кошуна Тажикстандын милиция кызматкерлери чек арадан кыргыз жарандарын себепсиз эле кармап, жасалма айып тагып жатканын айтып, абалды тез арада жөнгө салуу талабын койду.


Жалган жалаабы же курдооматпы?


Актатырлыктардын айтымында, мындай учурлар соңку кезде көп кайталанып жатыптыр. Маселен өткөн жумада бул айылдын 35 жаштагы Абдилла Назаров аттуу тургуну дайынсыз жоголуп кеткен. Жакындары издеген жери калбай, айласы кетип турганда, 22-декабрда кошуна тажик милициясынан анын кармалып турганы тууралуу кабар келет. Көрсө аны Баткен районунун Үч-Дөбө айылы менен Тажикстандын Хожъалоо айылынын чектешкен аймагынан кошуна өлкөнүн милиция кызматкерлери кармап кеткен экен.

Анын агасы Исламидин Назаровдун айтымында, тажик милиционерлери эптеп акча өндүрүү амалында ушундай ишке барышы мүмкүн:

- 27 грамм гашиш жана 0,3 грамм героин менен кармалды деп жалган жалаа тагыптыр иниме. Буга чейин алар сабап, кыйнап моюнга алдырышты да. Тергөөчүсү болсо инимди чын дилден күнөөсүн моюндады деп жатат. Мындай болушу мүмкүн эмес да. Бир жумадай болуп жатат. Мындай окуялар көп болуп жатат. Биздин бийлик да өздөрүнө жараша мамиле кылышы керек болчу. Чек аралаш аймакта каалаганын кылып жатат алар...

  Чек арадагы абалга нааразы болуп келген эл менен губернатор жана облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы жолугушту. Даттанып келгендер кошуна өлкөнүн түндүк аймагы соңку кезде күйүүчү май менен Кыргызстан аркылуу камсыздалып, кошуналар Орусия менен Кытайга чыгуу үчүн да Баткен облусунун аймагынан өтүүгө аргасыз экенин эске салышты. Алардын пикиринче, болгону ушинтип эки элдин өз ара алакасы менен өтүп жаткан жай турмушка тажик милиция кызматкерлери кийлигишип, эптеп акча өөнө амалында кыргыз жарандарын ар кандай шылотоолор менен кармап жатыптыр.


Тараптар тил табышабы?


Чогулгандардын датын уккан облус губернатору Арзыбек Бурканов бул маселе боюнча тийиштүү кызматтар иш алып бараарын, өзү да Тажикстандын Согди облусунун төрагасы менен сүйлөшөөрүн билдирди:

- Эгер маселе чечилбесе Согди облусунун жетекчиси менен сүйлөшөм. Маселе оң жагына чечилишине көмөктөшөбүз. Бизе берилген ыйгарым-укуктук негизде жардам беребиз. Муну эми дипломатиялык жол менен мыйзамга таянып чечишибиз керек. Эгер чындап эле кошуна милициялар жалган жалаа менен кармап жатса ага ылайык мамиле кылабыз. Андайга жол койбойбуз.

Эки өлкөнүнүн чек ара аймактарында болгон мындай иштерде ким туура, ким натуура экенин кесе айтуу кыйын. Анткени буга чейин да чек аралаш аймактарда мыйзамсыз соода жүргүзүп, же маңзат ташып, уурулук жасап, ар кандай жат аракеттери менен күч кызматтары тарабынан кармалгандар эки тараптан тең көп эле кездешкен.

Баткен райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Арстан Усанов болсо эки өлкө бири-биринин ички мыйзамдарына кийгилише албастыгын, жогорудагы окуя боюнча тажикстандык кесиптештери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнүн айтат:

- Өткөн жумада мен тажик кесиптештер менен жолугуштум. Биздин кармалып турган жаранды туугандары менен жолуктурууга макул болушту. Тажикстандын кылмыш жаза кодекси боюнча 201-берене коюлуптур. Ошону жеңилдетип, жардам беребиз дешти. Эгер андай болчу болсо жазана төлөп чыгат ал бала. Дагы сүйлөшүүлөрдү жүргүзөбүз. Баары мыйзамдык негизде болот.

Баткен облусунун аймагында али тактала элек чек ара тилкеси калктуу аймактарда арбын. Мындай талаштуу маселе жаралган учурда ар бир тарап биздики туура деп чыгышат. Кээде талаштуу маселе бир тараптуу чечилип калган учурлар да бар.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: Аты-жөнү жазылбаган
05.01.2012 17:06
Кыргыз бийлигинин эл аралык денгээлде эч кандай авторитети жок. Муну бийлик мойнуна алышы керек. Авторитети жок олконун граждандарына,башка олколорду мамилеси мына ушундай болот. Жада калса тажиктерден да мындай иштерди коруп жатышса,анда Кыргызстандын буткону десек болот.

кимден: ТИМУР
03.01.2012 14:59
Качан болсо бироолор бизди тебелешет!!! Эй!!! Ойгончу кыргызым!!! Жон гана куйуп куйуп кетесин!!!

кимден: Алмаз каяктан: Москва
02.01.2012 20:33
Урматтуу Азаттык ушу созду президентибизге жеткирип койгулачы.Урматуу Алмазбек Атамбаевич сизден сураныч биринчи орунда чек ара маселесин тактап алсаныз жакшы болот,канчалаган кыргыздын жерлерин коншу олколор алып койуп жатат коруп туруп коргунор келбейт.Чек алганда биринчи чекти тосотко. Озунордун капчыгынарды ойлой бербей.

кимден: НАМЫС каяктан: Ала Тоо
28.12.2011 00:57
Чек арасы жок такталбаган мамлекетти мамлекет десе болобу? Эгемендуулук жонундо айтпай эле койолу...Озунчо саясат жургузо албай бири орусиянын,бири американын,бири турциянын алдына тизелеп акча сурап дубана кейпин кийип алардын "саясат бийин" бийлеп журсо...УЯТ!!! Оз жарандарынын кызыкчылыгын коргой албаган,мудоо-талаптарын угуп аткарбаган (аткара албаган),кара курсактын айынан эли тентип безип жатса ,элдин эсебинен жылуу-жумшак-жарык особнякта чардап кымбат джиптерде кайкалагандарды элдин депутаты же элдин президенти десе болобу? УЯТ!!!!!!!!!!

кимден: жок каяктан: рассия
27.12.2011 22:42
талашпаган тажиктер калды биздин бийликтегилер оздорунун козун ойуп жатат айнанайын кыргыз элим артка кайтмай жок биздин чондордун журок и арнамыз жок екен

кимден: мекенчил каяктан: жалалабат
27.12.2011 22:40
менин атам жана алты камазистер 1997-жылы тажикистанга жардам кылып,куйуучу май , буудай, ун алып эки камаз тажикистанга кирет да дайынсыз жоголот. атамдын жана бир айдоочунун соогун тажикистандын горно бадахшан деген жеринен тапптык. калган тортоо дайынсыз бугунку кунго чейин олугу да тириги да жок. бул тажик милициясынын колунан менин атам 37 жашында куноосуз сегиз ок менен каза болгон.бул бир чекеси тажиктер кыргыздарды тоготпойт и тоготкон дагы эмес биз дагы ошол мезгилдеги жалалабат облусунун губернаторуна кайрылганбыз эч кандай жардам бере алган эмес. анда мен он уч жашар бала элем. уйдун эн чону катары менин эсимде ошол мезгил....... журогумдо так калды.....................................

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
27.12.2011 22:37
алар адам эмес тажик менен да бир чечишип алыш керек!

кимден: Максаталы каяктан: Бишкек
27.12.2011 21:13
Биздин чек-ара маселеси, тилеке каршы эч бир жогорку органдарда (Жогоркукеңеш,өкмөт) чечкиндүү мамиле болбой жатат. Ал кайдыгерликти биздин кошуналар өз кызыкчылыгына пайдаланууда.
Эң алдыда кыргыз деп күйгөн патриот депутат же өкүмөт мүчөсү жок санда, аларды шайлаган өзүбүздө да кайдыгерлик болгон.

кимден: alai каяктан: alai
27.12.2011 21:03
Tzyr Tajikter otto ele naglyi bolup alyshty, Batken jaty bilbeim. Alai Arkyluu Tajikterdin Juk tashychuu Kamazdary Kytaidan juk alyp ketishet. Alar bizdin joldo jurushot. 2010. 06. 25. de Bir tajik aidoochusu Sary tash aiylynda 28 Jashtagy bir jigitti mashina menen urup ketken, al bala Orukanada kaza bolgon. al urup ketken aidoochu emne boldu bilbeim. ( Akcha menen boshonup ketti dep ukkam). Emi karanyzdar kimge paida kimge zyian?
Bashka turgundarga tigizgen zalaly da koop alardyn.
1- Bizdin jany salyngan jol 1 jyl bolo elek buzula bashtady.
2- Bizdin Aidoochular ishsiz kalyshty, sebebi tajikterdin mashinalary choon koop juk batat.
3- alar beker kattashat, eger alar jol uchun akcha toloso da al akcha elge jetpeit.
EEEIII: KURSAGY CHOOON BIILIKTEGI ADAMDAR KOZUNORDU ACHKYLA; BUNDAI BOLSONOR ERTEGE NEBERENER CHEBERENER TAJIKTERDIN KULU BOLUP KALAT. AMERIKAGA JE GERMANIGA BOLSOK DAGY MEILI: BUL TAJIKTERGE KUL BOLUSH
OTTO CHOOOOOOOON UIAT:

кимден: Эрхан каяктан: Кыргызстан
27.12.2011 19:50
Кыргызстандын бийлигинин алсыздыгы мына минтип эле корунуп турбайбы. Тажиктер бийликтин алсыздыгынан калааган нерселерин кылып жатат. Ошон учун Россияга окшоп мамиле жасаш керек. Ошо биздин жолдор аркылуу кетип жаткан куйуучу майларды бир кунго эле бууп койсонор тажиктер кантип келерин билесинер. Ошондой эле биздин бийликтин чабаал иштегени да болуп жатат. Чек ара маселени биринчи орунда караш керек Жогорку кенеште, а биздин депуттар болсо кайдагы болбогон мыйзамдарды карап жатышат.
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине