Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:11

Кыргызстанда кайсы китептер өтүмдүү?


Мурза Гапаровдун "Экөө ээн бакта" деп аталган бир томдук жыйнагы.
Мурза Гапаровдун "Экөө ээн бакта" деп аталган бир томдук жыйнагы.

Кыргызстанда эң көп окулган китептер кайсылар? Кайсы китептер өтүмдүү? Өтүп бараткан жылда кайсы китептер чыкты? Китеп таркатуунун бүгүнкү абалы кандай болууда?

«Арай көз чарай” талкуусунун катышуучулары: "Турар" басмасынын башчысы – Тилек Мураталиев, "Бийиктик" ишканасынын жетекчиси, жазуучу – Жумадин Кадыров жана жазуучу-журналист – Абды Сатаров.

«Азаттык»: Абды мырза, сиз быйыл басмадан чыккан кайсы китептерди окудуңуз?

please wait

No media source currently available

0:00 0:14:16 0:00
Түз линк

Абды Сатаров: Кийики жылдарда көркөм адабият башатында турган кыргыз тили болуп эсептелет. Ушуга байланыштуу акыркы жылдарда жакшы окуя болду.

Азыркы кыргыз адабий тилинин чоң көлөмдөгү китеби Жээнбай Мукамбаевдин "Кыргыз тилинин диологтологиялык сөздүгү" чыкты. Буга кошумча "Кыргыз адабий тилинин түшүндүрмө сөздүгү" чыкты, эки чоң томдон турган. Ушуга улаш биздин бир топ алдыңкы муундагы акын- жазуучулардын китептери чыкты.

Мисалы, Сүйүнбай Эралиевдин, Сооронбай Жусуевдин китеби; Омор Султановдун кийинки жазган чыгармаларынан түзүлгөн бир китеп жарык көрдү; Кубат Жусубалиевдин "Конфуций" жана "Жети сөзү" чыкты. Алым Токтомушевдин "Эски дептер" деген мурдагы чыккан ырлары, котормолору чыкты.

Ошондой эле жаш акын Зайырбек Ажыматовдун мыкты жыйнагы жарык көрдү. Сүйөркул Тургунбаевдин ырлары чыкты. Абдан жакшы чыккан жыйнактардын бири Тургунбай Эргешовдун жыйнагы. Кийинки мезгилдерде Бактыгүл Чотурованын 2-3 китеби чыкты. Ушул сыяктуу бир топ жакшы китептер чыкты.

«Азаттык»: Тилек мырза, сиздердин "Турар" басмасынан быйыл канча китеп жана кимдин китептери чыкты?

Тилек Мураталиев: Кудайга шүгүр, көп китептер чыгып атат. Көркөм китептерден айына 5-6 китеп чыгат. Сүйүнбай Эралиевдин, Омор Султановдун китептери бизден чыккан. Андан башка олуттуу китептерден акыркы жылы "Манас" темасында көп китептер чыгып атат. Талантаалы Бакчиевдин "Семетейи" быйыл чыкты.

Көп эле проза, поэзия багытындагы котормолор чыгып атат. Өзгөчө швейцариялык жазуучу Элла Майердин Кыргызстан тууралуу кооздоп, көркөмдөп жазган китеби быйыл биринчи жолу кыргыз тилинде чыкты. Аны экинчи жолу швейцариялык окумуштуулардын жардамы менен чыгарып атышат. Орус сыйлыгы "Русская премиянын" лауреаты болгон Талип Ибраимовдун "Абышка" деген жыйнагы чыкты.

please wait

No media source currently available

0:00 0:10:33 0:00
Түз линк

«Азаттык»: Жумадин мырза, "Бийиктик" басмасынан быйыл канча китеп чыкты? Алардын көзгө карманаарларын кайсы деп эсептейсиз?

Жумадин Кадыров: Бир жыл бою орточо эсептегенде, 50дөн 70ке чейинки аталыштагы китептер чыгат. Ар бир китептин нускасы ар кандай, бирөөнүкү 5 миң, бирөөнүкү 3 миң, же 500 нускада чыгат. Жалпы санын кошкондо 100 миң китеп чыгышы мүмкүн болжолдуу түрдө.

Ал эми сапаты жагынан алсак, быйыл окурмандар үчүн кызыктуу боло турган көп эле китептер жарык көрдү. Мисалы, Аман Саспаевдин "Татым түз" деген аңгемелеринин жыйнагынан турган китеби чыкты, дагы эки романын даярдап койдук. Китеп чыгаруу, окулушу жана китептин жазылышы бир кыйла жанданып калды.

«Азаттык»: Бир жылда канча кыргыз тилинде китеп чыгат?

Жумадин Кадыров: 400-500 аталыштагы китеп чыгат. Ошол эле мезгилде «пираттык» басылмалар бар. Ал канча санда чыгып атат аны айтыш кыйын.

«Азаттык»: Адбы мырза, студенттер арасында кыргыз тилинде чыккан кайсы китептер популярдуу? Канчалык китепти алар көп окушат?

Абды Сатаров: Жаштардын көпчүлүгү Интернет менен оокат кылып калышты. Алар Кубатбек Жусубалиевдин, Мырза Гапаровдун жана башка кыргыз жазуучуларынын 60-70-жылдары чыккан чыгармаларын жапырт окушат. Көбүнчө элеттен келгендер окушат. Бирок китеп дүкөндөрүнөн жаштардын китеп издеп окуганын сейрек кездештирем. Азыркы биздин жаштар 70-80-жылдардагы жаштарга салыштырмалуу китепти сейрек окуп калышты деген жыйынтык чыгарсак болот.

«Азаттык»: Быйыл Татарстанда Габдулла Тукайдын 125-жылдыгы мамлекеттик деңгээлде белгиленүүдө. Быйылкы жыл Габдулла Тукайдын жылы деп аталган. Буга байланыштуу Г.Тукайдын тандалмалар жыйнагын орус, татар, башкир, чуваш, марий, удмурт тилдериндеги көлөмдүү китебин алгач 2 миң нуска менен чыгарышкан. Белгилей кетели, Татарстан Орусиянын курамындагны күнкор өлкө.

Тилек Мураталиев:
Биз кыргыз адабиятын колдоо максатында «Жаңы Ала-Тоо» журналын чыгара баштаганыбызга эки жарым жыл болду, 31-номуру чыгып атат. Ушул журналга жазылсаңыздар деп суранат элем окурмандарга.

Экинчиси, "Арча" деген адабий сыйлыкты киргизгенбиз. Быйыл Айтматовдун Ысык-Көл форуму колдоп берип атат. Гонорарын поэзияга 50 миң сом, прозага 100 миңге чейин койдук. Февралдын аягына чейин "Турар" басмасы кабыл алабыз.

Жумадин Кадыров: Китеп өндүрүшүнүн келчеги кең, кыргыз эли эң көп окуган элге айланаарына терең ишенебиз. Себеби китеп окуу идеология менен байланышкан нерсе. Китеп окуган киши маданияттуу, жоопкерчиликтүү, мээнеткеч, уяттуу болот. Мамлекетибизге так ошондой кишилер жетишпей атат. Баары жакшы болот деп ишенем.
XS
SM
MD
LG