Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:16

Эки саат, он беш мүнөттүк азап...


"Курманжан датка" тасмасы. Башкы ролдо Элина Абай кызы. (Сүрөт тасманын режиссеру Садык Шернияздын Фейсбуктагы баракчасынан алынды)
"Курманжан датка" тасмасы. Башкы ролдо Элина Абай кызы. (Сүрөт тасманын режиссеру Садык Шернияздын Фейсбуктагы баракчасынан алынды)

«Кыргыздар жаманбыз», - деп айткан кишини жинибиздей көрөбүз. Мен дагы окуямды так ушул сөз менен баштаганыма ичим күйөт. Бирок «Ооруну жашырсаң, өлүм ашкере кылат» дегендей муну айтпай да кое албайсың. Канча жолу көз жуумп, канча жолу «кылк» эткизе тамактан ары шилекей менен кошо «жамандыгыбызды» жутуп өткөрө берген менен оңолбойт окшойбуз. Агын суу дайыма тунук, таза болгондой эле, ар бир кемчилигибизди көзгө сайып айтып турганыбыз оңбу деп ойлоп калдым...

Макаланы окуп жаткан окурманыма "Курманжан датканы" көрүп алып сын айткан, же толкунданып мактаган кезектеги "бирөө" эмес экенимди айтып коюшум керек. Сөз таптакыр башка жөнүндө болот...

Кечээ жумуштан соң эжелеримди катуу талкуу жаратып, бири сын айтса, бири мактаган «Курманжан датка» тасмасын көрүүгө кинотеатрлардын бирине алып бардым. Кеч көңүлдүү башталды. Кассадан билет алып, чоң залга кирип ордуларыбызга жайгаштык. Экранда жарык жанып, бир топ жарнамадан кийин фильм башталды.

Кечиккен апалар

Мына эми, тасманын баяндоосуна баш-отум менен кирип, окуяга жаным ачып күйүп, толкундап кетеримде залга кечигип кирип келгендердин добушу токтотуп калды.

Эшик «кыйч» ачылып, баштык-үштүгүн көтөргөн апалар кирди. Биринчи кирген кемпир, көзүн үлүрөйтүп караңгыда көрбөй телефонунан фонаригин жандырды.

- Жүрү, - берки курдашынын колунан жетелеп, так экрандын алдынан өтө башташты.

- Кайсыл жер эле? – арткысы алдыңкысынан сурады.

- Карачы билетти. Кайсыл жер эле?, – алдыңкы кемпир отургандарга жолтоо болбоюн дегендей унчукту. Кийинки кемпир колундагы билетти жарыкка такай карап:

- Ушул жер экен, - деди.

- Өх, аз жерден кечигип кала жаздадык ээ?

Экинчиси ооба дегендей баш ийкеди. Экөө отургандан кийин да, тез эле тынчып калышкан жок. Сумкелерин сыдырып, баштыктарын кытыратып салыштырды. Ошондон кийин гана телефондун фонариги өчүп, чөнтөккө кирди окшойт. Жоолугун түздөп отургандай болушкан. Бир аздан кийин, биринчи кемпир жанында отурган кишиге кайрылды.

- Балам, кайсыл жерине жетти?

- Апа, жаңы эле башталды, көрө бериңиз, - отурган кишинин кыжыры келгени үнүнөн билине акырын унчукту.

- Иийи, өх... – деди кемпир ыраазы болгон түр менен.

Бул кезде «Курманжан датка» чоңоюп, кыздар менен булакка суу алганы барган болчу.

Шыңгыраган шыңгырак...

Кайрадан көңүлүм фильмге бурулду.

Алымбек датка менен Курманжандын биринчи жолугушуусу болуп жаткан, экөө жаңыдан сүйлөшөөрдө телефон чырылдады. Отургандардын арасынан бирөө заңкылдаган музыканы тып баса калды. Баарыбыз көңүлүбүз бөлүнүп калган экен, кайрадан экранга тигилдик. Беш мүнөт убакыт өткөн жок, менин оң жак капталымдан дагы бирөөнүн телефону чырылдады. Ал дагы, телефонун үнүн баса калды. Бирок өчүргөн жок. Колу менен телефонун жаап, сүйлөшө баштады.

- Саламалейкум, жакшы, жакшы. Өзүңдө?

Трубканын ар жагындагы киши бир нерсе деди.

- Ооба, жакшы буюрса. Өзүңдүн иштериң жакшыбы? Мен азыр шаардамын. Ии, ооба. Эсимде. Макул.

Мунун баарын ал ушунчалык акырын сүйлөп жатты, биз эмес трубканын артындагы киши укпай калды окшойт, кайра-кайра кайталап катуураак сүйлөдү.

- Ооба, ии. Аны мен айткам. Ооба, болбой калбадыбы.

Кино көрүп жатып сүйлөшүп жатса демек, өтө зарыл иш окшойт дедим. Курманжан эстен чыгып, анын шыбырын тыңшап калдым. Бирок тиги киши эми гана «кинодо»отурганын эстеди окшойт:

- Макул анда ээ, мен азыр кино көрүп жаттым эле. Ооба, театрдамын, Курманжанды көрүп жатам...

Аягын укпай калдым. Ошентти да телефонун өчүрдү.

«Апа, тийем»...

Экранга тигилдим, Курманжанды алып кеткени бийлер келип, Акбалбан эшикте Алымбек датканы күтүп жатыптыр. Акбалбан жебесин сындырганы өйдө көтөрүп, кырды карап турду. Мына эми Алымбек датка келбей калып, жебе сынат го деп толкунданып кеткен экем, так ушул учурда:

- Апа, тием! – деп кичинекей кыз кыйкырып жиберсе болобу.

- Эмне, айтпадым беле сийип ал деп, - апасы ачуулана үн катты.

- Шүк отур, - деп атасы да кызын тыйган болду.

Кыз бир аз тынчып отуруп калды да, кайрадан бышактай баштады.

- Тийем..

- Турчу, тосуп келчи.

Күйөөсү аялын жумшады. Аялы шыпшына кызын көтөрдү да, эшикти карай жөнөдү. Экөө эл аралап чыгып баратып, кимдир бирөөлөрдүн буттарын басып кетишти окшойт. «Акырынсаңыз», «ах бутум» - деген үндөр чыгып атты.

Экөө чыгаары менен зал тынчып, кайрадан фильмге үңүлө баштаганымда, дагы бир бала ыйлап кирди. Ымыркай экен, энеси эмчегин салса да, эмбей чырдай берди.

Ойгонуп кетпедиби, - жаш эне актангандай ушинтти.

Мен түшүнбөй калдым. Баарыбыз музыка жаңырган кинотеатрда отурабыз го. Бала уктап атты беле? Мен кино көрүп жаткан го деп ойлогом...

Ушул учурда да, кимдир бирөөгө СМС келип, телефондор тынбай чырылдап жатты. Эч ким өчүргөн эмес окшойт. Балким, баарынын зарыл иштери бардыр...

Анан да киного кирердин алдында көбү суудан көп ичкенби же чарчап кетип атыштыбы, эшикке чыгып-киргендердин аягы тыйылбады. Экранда Курманжан менен кошо ары-бери жылган баштарды көрүп жаттык.

Ысык, ысык...

Ушул ызы-чуунун катарында капталымдагы дагы бир көрөмандар айласыз көңүлдү бурду. Солкулдаган жаш кыз менен сулуу жигит отурган. Зал караңгы болгон сайын алар жактан «ысык» уруп атты. Ысык дегеним, эриндердин чапталышкан үндөрү, кучакташкан колдор жана шыңкылдаган күлкүлөр угула калып жатты.

Экөө караңгы жер гана издеп келишкен окшойт. Же сүйүүнүн күчү кереметпи, айтор, бир көзүм экранда болгону менен бир көзүм өзүнөн-өзү аларга «кызыгып» кетип жатты...

Киномендер

Бирок, баарынан да кулактын кужурун алып, ар бир кадрды сындап отургандар тажатты. Тасмада толкундануучу учур келип, Алымбек датканын башы алынып жаткан кезде «сынчылар» анын кийимин, атынын жүгөнүн, шакегин сындап атышты. Курманжан датка куугундан качып бара жатса, сынчылар күлүп отурушту. Камчыбек асылып жатса, алар кайсы бир башка фильмди айтып, салыштырышты.

- Карасаң, жүгөнү жаман экен.

- Карасаң, атында чылбыр жок экен.

- Карасаң, өтүгү майрыйып калыптыр.

Ушунун баарына чыдай албай кетип жаттым. Чыгып алып басып кетким келди. Тура калып «акырынгыла» деп кыйкыргым келип араң кармандым. Кинотеатрларда "+ 12", "+ 9" деген торчолор болчу эле го. Эмчектеги балдар деле киного кире берсе болоруна таң калдым. Ары-бери чуркап, ойноп жүргөн балдар эмне түшүнөт, тасма айтып жаткан идеяны кабыл алышабы деген ойго чөмүлдүм аргасыз. Ушул ызы-чууда фильмдин айтайын деген ою көрүүчүгө жетеби?

Акырында жолборс экрандан секирип чыгып келчүдөй болуп, «Кана, сен элиңе эмне жасай аласың?» - деген чакырыкты таштап, акыркы кадрда чуркап өтө электе эле эл тура баштады. Тасма бүтөрүн гана күтүп жатышкан окшойт. Кудум мектептегидей, коңгуроо кагаары менен баарыбыз эшикти карай агылдык. Тасманы ким тартып, кимдер ушунча аракет кылып, күн-түнү, ысык-суукта иштегендердин ысымдарын окуган жокпуз. Эшикке шашылдык. Фильм көрүп эс албай эле, башым чыңалып ооруп чыкты.

Элдин маданиятынын ушунчалык деңгээлге түшүп калганына кейидим. Буга чейин да бир концертке барып, «күтүлбөгөн иштер» менен дааратканага барсам, жайнаган кишилер пиво ичип, чылым чегип турганы, андан бери чыксам коридордо элдер пирожки, самсы жеп жатканы эсиме түштү. Бир жакка чыгаарда үйдөн тамак ичип алсак, жакшы болмок деп ойлогом ошондо. Анда да концерт көрбөй эле ары- бери баскан кишилерди карап атып тажаган элем.

Акыры... же эмне болду?

Коридордо эл көп, жылып чыгып келе жатсак, кимдир бирөөнүн баягы «куураган» телефону дагы шыңгырады.

Алло, - деди ал.

Ооба, чыгып келе жатам. Көрдүм, бир кыз ары-бери чуркап, ат чаап жүрдү. Кишилер ызы-чуу болуп эле өлүп атышты. Орустар жүрдү, өзбектер жүрдү. Ошо анан фильм бүттү...

Муну угуп туруп, чын эле дедим. Фильмде эмне болду? Мен фильм көрбөй эле, элди көрүп чыктым. Бекер эле акча коротуп, тасма тартылган окшойт дедим. Эч ким түшүнбөсө, баалабаса кимге кереги бар улуу идеянын?

Ошентип үйдү көздөй бет алдым.

Мен деле аңадүр, мени менен баргандар деле маңадүр болуп кайтып бараттык.

Токтобек Үсөнов, "Кыргызфильм" Улуттук киностудиясынын ага редактору.

XS
SM
MD
LG