Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:42

Ала качуу - улут илдети, коом кылмышы


Көбүнчө ала качууга дуушар болгон кыздын кайра өз үйүнө келишин ата-энеси уят деп ойлойт.
Көбүнчө ала качууга дуушар болгон кыздын кайра өз үйүнө келишин ата-энеси уят деп ойлойт.

Каада, салт, адат деп аталып жүргөн көрүнүштөрдүн кайсылары эзелки маанисин сактап, кайсылары таптакыр бурмаланып же азыркы заманга туура келбей калгандыгын талдап, электен өткөрүү зарылдыгы курчуп турат. Булардын ичинен жеке инсандын жетилүүсүнө, улуттун өркүндөөсүнө өбөлгө түзгөндөрүн жана, тескерисинче, кедергиси тийип жаткандарын айырмалап алууга тийишпиз. Кийинкилеринин катарына, мисалы, соңку мезгилде ички маңызы толугу менен бузулуп, эң зыяндуу жорукка айланып кеткен кыз ала качууну кошуу керек.

Көбүнчө ала качууга дуушар болгон кыздын кайра өз үйүнө келишин ата-энеси уят деп ойлойт. Биз бул жерде «намыс», «кадыр-барк» түшүнүгү одоно түрдө бурмаланып, чыныгы адамдык намыс тебеленип жатканын көрөбүз. Эмне үчүн кыргыздар ушунчалык эзилип, кулчулуктан бошоно албай жатат? Адеп-ахлак, ыйман баалуулуктарынын бир тобу тээ уруулар чабышып, кыргыз кыргызды кырган доордо эзелки наркын жоготуп, таптакыр жапайы, жырткыч мүнөз нукка бурулуп кеткен сыяктанат. Ошондо өч алуунун кандуу айлампасын убактылуу болсо да токтотуу үчүн эң оор кылмыштарды кечиришүүгө, бул үчүн кыздын макулдугусуз эле шашылыш түрдө кудалашууга – көбүнчө аны токолдукка берүүгө туура келген. «Атаңды өлтүргөнгө энеңди алып бер» деген орой макал эл кан кууган кектешүүнүн туюгуна кептелип, ич ара кырылышып жок болуп кетерде жаралган. Бирок муну бүгүн ар кандай кылмыштарды актап коюу үчүн пайдалануу такыр туура эмес.

Кыргыздар коркуудан башка бардык сезимдерди басып, маанисин кетирген тоталитардык режимдин тушунда дагы бир чоң эзилүүгө дуушар болгон окшойт. Эгемендикке жеттик деген азыркы мезгилде оорубузду жашырып, курулай мактана берсек, башкалар менен теңтайлаша албай, тебелендиде каларыбыз анык. Ар бир адамдын инсандык кадырын сыйламайынча, улуттун калыптанышы, өркүндөп өнүгүшү мүмкүн эмес. Мисалы, ала качуу деп аталуучу зомбулукка ар бир кыз кабылышы ыктымал. Алар кантип өз укугун коргой алат?

Каргышпы же батабы?

Университеттин бүтүрүүчүсү Жаңы жылды ата-энеси менен тосуу үчүн туулган айылына барса, курбусунун туулган күнүнө чакырышып, андан ары бейтааныш жигиттер ала качып кетет. Кыз корксо да, сабыр күтүп, кыйкырбайт, ыйлабайт. Үйлөнмөкчү болгон баланы чакыртып алып, баары бир макул болбостугун, эгер жакшылыкча үйгө жеткирбесе, сотко берип каматарын эскертет. Анан жоолук салмакчы болгон «кайын энени» кайра өзүнчө чакырып, абдан сылыктык, адептүүлүк менен суранат: «Апа, сиздин да мендей кыздарыңыз бар болсо керек. Менин бактыма кыянат кылбаңыз. Мен каргышыңыздан корком, бирок баары бир тааныбаган бирөө менен жашап кала бербейм, кетем». Ал: «Айланайын кызым, мен сени эмне үчүн каргамак элем. Каргыштын эки учу бар – каргаган киши да зыян тартат. Бирок менин уулум жаман бала эмес, өкүнбөйсүң». Узак убакыт бою талашып-тартышып, акыры кыздын апасын чакырышат. Апасы үйдө жок экен, таежеси келип, кийин өзүңөр келишип алгыла деп кызды алып кетет. Ошентип, эртеси өзүнүн апасынын да «отур» дегенине макул болбой, туура кадам жасаганына баарын ынандырып, Бишкектеги жумушуна келе берет.

Зордукка каршы амалкөйлүк

Айыл четинен бир кызды үч жигит машинага салып ала качат. Кыз кутулуунун жолун издеп: «Кимиңер үйлөнмөкчүсүңөр, көрөйүн? – деп сурайт. Анан: «Бул жигит мага жакты. Бирок мен ата-энемдин батасын албай туруп күйөөгө чыкпаска ант бергем, ошондуктан кайра айылга жеткирип койгула да, эртең кудага келгиле, аксакалдарыңарды алып. Баары жайында болот», - дейт. Эртеси «баатырларды» кыздын үйүндө милиционер тосуп алат…

Кылмышкерлерди каматуу керек!

Тажикстандын Жерге-Талында мындан бир нече жыл илгери ала качмай ушунчалык «күчтүү модага» айланып кеткендиктен, кыздар жалгыздап көчөгө чыга албай калган эле. Атүгүл бир жолу жаңылышып, күйөөдөгү келинди машинага сүйрөшөт. Ошондуктан кезектеги ала качууга тушуккан кыз сотко кайрылганда, «бечара балдарга убал» дегендерге караганда кызды колдогондор көп болуп чыкты.

Ала качуунун ыктымал курмандыктары эмне кылса болот?

Ушул суроого психолог Чынара ТЕРМЕЧИКОВА мындай жооп берди:

- Тилекке каршы, Э.Абдыжапаровдун фильми чыккандан кийин ала качуу окуялары көбөйүп кетти. «Боз салкын» деп көпчүлүк жаштар кыздарды зордоп ала качууну атап алышыптыр. Мен зордукчулдукту мактап жайылтып жатат деп кинорежиссерду айыптагым келбейт. Бирок чыгарманын негизги идеясы азыркы жаштардын көпчүлүгүнө жеткиликсиз болуп, бир жактуу, үстүрт түшүнүп алган немелер бул кылмыштуу жорукту жасоого кызыгып жаткандыгын айтып коюшум керек.

Мындай кырсыкка ар бир кыз тушугуп калышы мүмкүн. Ошондуктан алар бир топ нерселерди күн мурунтан билип, өз тагдыры үчүн натыйжалуу күрөшүүгө психологиялык, моралдык жактан даярдана жүрүшү керек. Бул темада жигиттер менен эч качан тамашалашпоо керек. Эгер чөйрөңөрдө ушундай адат же окуя жөнүндө сөз болуп калса, ага карата кескин каршы мамилеңерди билдирип коюшуңар зарыл.

Эсиңерде болсун: муну салт деп атоо жарабайт, анткени мындай нерсе кыргызда болгон эмес. Бул кийинки эле элүү-алтымыш жыл аралыгында пайда болгон, соңку мезгилде кеңири тарай баштаган жугуштуу илдеттей жаман жорук. Буга унчукпай макул болгон кыздын өзү, ата-энеси да күнөөлүү. Уурдалган кызга туш тараптан кысым көрсөтүлөт. Биринчиден, күчкө салып, кыйнап алып кетишет, анан кетип калбасын деп зордукташат. Экинчиден, мажбурлап жоолук салган аялдар, кемпирлер «жоолукту жерге таштагандын багы байланат», «кыз жыргаар жерине ыйлап барат», «таш түшкөн жеринде оор», «ата-бабалардан калган расми» ж.б. мифтерди (таптакыр жаңылыш түшүнүктөрдү) жобурап айта берип, босогого нан коюп же байбичелердин бирин жаткырышып, байкуш кызды психологиялык жактан сындырат. Үчүнчүдөн, ала качуудан соң кыздын кайтып үйүнө келишин уят деп эсептеген өз ата-энеси моралдык кысым көрсөтөт.

Түшүнгөн адамга коркутуучу ырым-жырымдар эч кандай таасир этпейт. Босогодогу нанды жылдырып коюп өтө берүү керек. Нан ыйык, бирок нандан да адам ыйык. Адегенде жакшылыкча жеткирип коюп, таанышып, сүйлөшүүгө убакыт берүүнү өтүнсө болот. Болбосо сөзсүз түрдө сотко берериңерди катуу эскерткиле. Ак элечек наркын билбей, улагага жатып алган аялды аттап эмес, тебелеп деле кетсе жарашат – өзүнөн көрсүн, эмне үчүн кылмыштуу ишке катышат?

Эң башкысы – чечкиндүү, кайраттуу болуу керек. Мыйзам силер тарапта, бир нече зордукчу камалса эле, бул жийиркеничтүү адат бара-бара тыйылат.

Кыз бул жорукка эч качан макул болбой тургандыгын мурдатан эле ата-энесине эскертип койгону оң. Чындыгында ушундай жол менен турмушка чыккан аялдын дилинде айыкпас жара калат. Өмүрүндөгү эң маанилүү окуя кылмыштан, зордуктан башталса, таптакыр бейтааныш бирөө менен жашаганга мажбурлап, тагдырын сындырып, инсандык кадыр-баркын тебелеп, малдай кордогондорду, алардан куткарып алууга жарабаган өз ата-энесин чыныгы адамдык намысы бар кыз эч качан кечирбейт. Бул иш жигиттин өзүнө да зыяны тиет. Ал өзүн өмүр бою аялынын алдында күнөөлү сезет. Аялы дайым жемелеп, кайын журту менен чырдашып, бирдеме десе, өзүңөр күнөөлүсүңөр деп беттен алып тургандар да кезигет.

Отуздагы бир зөөкүр он жети жашар кызды ала качкан чатак эсимден кетпейт. Ал ошого чейин эле үч ирет ушундайча жол менен үйлөнүп, ар кимиси менен бир аз убакыт жашаган соң кайра кетирип жүргөн экен. Кыздын туугандары экиге бөлүнүп, бир тарабы алып кетели десе, экинчи тарабы «таш түшкөн жерде оор» деп чыккан. «Оордун» салмагы канча экени көрүнүп турат го!

Дагы бир кызды мотоциклдин акырына башы менен кептеп, «көзүмө бир нерсе сайылды!» деп кыйкырып онтогонуна карабай айдап кете беришет. Байкуштун көзүнө акырдын ичиндеги соройгон темир кирип кетиптир, бети-башы кан жайган кызды көргөндө, тиги неме сокур болуп калчу кызды албайм деп кайра атасынын үйүнө жеткирип салыптыр. Соттошуп жүрүшкөн.

Сүйүшүп жүрүп баш кошкондор деле чырдашып, атүгүл ажырашып кетип жатышат го дешет кээ бирөөлөр. Андайлар бар. Сүйүүнү үстүрт, жеңил-желпи түшүнгөндөр, бири-биринин мүнөзүн, адамдык беделин, мүмкүнчүлүктөрүн, турмушка даярдыгын, башка адамдар менен мамилесин (көз карандыбы же өз алдынчабы, сөзүнө тура алабы ж.б.) билбей, кооз сөздөргө алдангандар, байлыгына же кызмат абалына кызыккандар, өздөрү да инсан катары толук жетилбей кала бергендер көбүнчө ушундай кейиштүү тагдырга туш келет. Бирок жакындан таанышып, «куда болгончо кулу-бийин сурашып», бири-бирине ылайык экендигин анык билгенден кийин үйлөнгөндөрдүн көпчүлүгү турмуштун ысык-суугун чогуу көтөрүп, бактылуу жашайт.

Жолдош ТУРДУБАЕВ, публицист

XS
SM
MD
LG