Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:03

"Ала качма" кыргыз демократиясы


Соңку он жыл аралыгында кыргыз маданиятындагы эң урунттуу окуялардын бири Эрнест Абдыжапаровдун «Боз салкын» кинотасмасы болду окшойт. Эл аралык сыйлыктарды катары менен алган, коомчулукта түрдүү пикирлерди туудурган бул чыгарманын кеңири таанылышы саясаттагы да кызыктуу жагдайга туш келип отурат. Эмесе, кыргыз элинин демократиялык өнүгүү жолундагы күтүүсүз бурулуш менен ушул фильмдин үндөш чыгуусунун себептерин карап көрөлү.

Устаранын мизинде

Кандай гана зор өзгөрүүлөр болбосун, философиядагы диалектиканын түпкүлүктүү жоболорун турмуш өзү дайым ырастай берет экен. Ошол төгүндөлгүс эрежелердин бири – карама-каршылыктардын биримдиги жана ич ара күрөшүү мыйзамы. Эзелтен кыргыз эли демократияга жакын болгондугун далилдеген мисалдарды канчалык көп келтирсек, өкүмчүл-буйрукчул системага кыңк этпей баш ийүүгө ыктап турарыбызды көрсөткөн фактылар да ошончолук арбын кездешет. «Асыл таштан чыгат, акыл жаштан чыгат», «Керек сөздү келин айтат», «Кеңешип кескен бармак оорубайт», «Көп жашаган билбейт, көптү көргөн билет», «Сүйлөй-сүйлөй чечен болот, көрө-көрө көсөм болот», «Бетке айткан сөздүн заары жок», «Баш кесмек бар, тил кесмек жок», «Какайганга какайгын, эңкейгенге эңкейгин», «Чындык сынбайт, ийилет» - бул жана башка көптөгөн макалдарыбыз нукура демократиянын тең укуктуулук, сөз эркиндиги, сабырдуулук (толеранттуулук), адилеттүүлүк (мыйзам үстөмдүгү) принциптерин чагылдырып турат. Бирок «уурусу күчтүү болсо, ээси доого жыгыларын», «калп чындай айтылса, чын чычая качарын», «мүйүз токмоктун күчү менен кийиз казык жерге кирерин» далилдеген мисалдар да турмушта кыйла көп кездешип келген.

«Дүжүрлөр» менен «акча-митингчилер» кайдан чыккан?

Кошуна калктарга салыштырмалуу кыргыздар кыз-келиндерге эч качан паранжы кийгизбей, аялдар эркектер менен дээрлик тең укуктуу болгондугу, ар кандай маселелерди чечүүгө түздөн-түз катышкандыгы да чын. «Кабыргам менен кеңешейин» деген кеп тээ байыртан айтылып келет бизде. Бирок бүгүнкү күндө кеңири жайылып, өнөкөт адатка айланып бараткан зордоп ала качмай жоругубуз менен мактана албасыбыз бышык. Муну салт деп атап жүргөндөргө түшүнүгү тайыз пенделер гана макул болушу мүмкүн. Анткени илгерки кыз ала качуу менен азыркы зомбулуктун айырмасы асман менен жердей. Оозеки чыгармачылыктын үлгүлөрүнөн, санжыралардан белгилүү болгондой, илгери мындай кадам сүйүшкөндөрдүн баш кошуусуна ата-энелери каршы тургандыгы, уруулардын касташуусу ж.у.с. себептерге байланыштуу аргасыз жасалчу экен (мисалы, Олжобай менен Кишимжандын качуусу). Бай-кедей деп бири-бирин теңсинбөөчүлүк же «эл катары» чоң калың ж.б. талап кылган туурамачылык бүгүн айрыкча күч алууда.

Дегеле салт аталгандын баарын электен өткөрүп, алардын кайсылары таза сакталгандыгын, кайсылары бурмаланып, тескерисине ооп кеткенин карап чыгуу зарылдыгы бышып жетти.

Илгери «баатыр» деп мактап көкүтүп, кошуна уруулардын малын уурдаганга, карактаганга – кыргызды кырылыштырганга – жаш жигиттерди байлар пайдаланып жүргөн болсо, бүгүн адамды күчкө салып уурдагандарды далысына таптап жатабыз. Ушундай «салт» боюнча зордукталган аялдан төрөлүп, башына чаап «тарбияланган», эс тарткан чагынан эжелеринин, жеңелеринин кантип «таш түшкөн жеринде оор» болуп каларын көрүп өскөн кыргыз мамлекеттик кызматка илээшип калса, өйдө жакка кошомат кылып бүжүрөгөн байкуш, кол алдындагыларды кемсинтип кордогон аксым болушу көбүрөөк ыктымал. Кызматка турбагандарынын көпчүлүгү же тотукушча сайрап, бийликтегилерди мактаган «дүжүр», же акча үчүн митингге чыгып, «кетсин эле кетсин» деп кыйкырган «демократ», же баарына кайдыгер караган момун болот окшойт. Кара күчкө, бийликке, байлыкка кул болгон кемчилигибиз дал ушул «жаңы» жапайычылыктын таасири менен ырбап жатат…

Өтө ысыктан өтө суукка чейин

«Өтө кызыл бат оңот, өтө ысык бат сууйт» деп бабаларыбыз эскерткендей, демократиялык ураандарды чакырып жүргөндөрдүн көбү иш жүзүндө авторитардык бийлик системасын жактары билинип калды. Мунун себеби да ар адамдын дээрине, туула электе эле башталган зордукчул «тарбиянын» таасири менен калыптануучу ички табиятына байланыштуу. Айтматовдун «Ак кемесиндеги» Момун чал Орозкулга каршы чыга койом деп балээге калып, акыры ага биротоло көз каранды болот да, жан дүйнөсүндөгү эң ыйык дөөлөткө чыккынчылык кылууга барат эмеспи. Ал ыйык деп жүргөн бугуну өз колу менен атып, жомокторуна ишенип жүргөн небересинин өлүмүнө себепчи болбоду беле. Бүгүнкү «момун» саясатчылар кара жанын бага албай калам деп коркконунан эмес, бийликке, байлыкка тойбогон ач көздүгүнөн чыккынчылыкка барууда…

Жагабы, жакпайбы, азыр саясий мейкиндикте ысык да, суук да эмес, салкын маанай үстөмдүк кылып калды. Мисалы, кечээки шайлоого элдин тең жарымына жакыны катышкан жок. Бул эмне, ачуу басылып, акыл сергиген учурбу же «Боз салкындагы» өзүнүн жеке тагдыры чечилип (кыстоо менен үйлөнтүлүп) жатканына кайдигер караган Сагындын ыкшоолугубу (пассивдүүлүгүбү)? Таңкы таза абанын салкыныбы же кыш келаткандагы чыйрыктырган сууктун башталышыбы?..

Качан чындап таң атат?

«Боз салкын» тасмасын кыз ала качууну жактагандыгы үчүн кызыктуу деп үстүрт түшүнгөндөр көп. Балким, кинорежиссор Э.Абдыжапаров деле адегенде ушундай ойлогондур, себеби өзү ушундайча жол менен үйлөнүп калганын жашырган жок. Чындыгында маселе биз чечмелегенден (атүгүл эл аралык конкурстарда чоң сыйлыктарга арзыган фильмдегиден да) алда канча татаал.

Адам өзү ичкериден эркин болмоюн, тышкарыдан таңууланган демократия кайра эле баягы кулчулуктун жаңы бир формасына айланып кала берет экен. Көптөн үмүттөндүргөн партиялык тизме боюнча шайлоо да, каалагандай башка саясий таянычтардай эле, маселенин баарын чечпейт экен. Добушун саткандар азайган жок, административдик ресурс да колдонуудан калбады…

Мындан ары эмне кылуу керек? Кайра эле митингге чыга беребизби? Уюштуруучулардын деңгээли бийик, катышуучулардын аң-сезими ойгоо, көздөгөн максаттары өздөрүнө даана түшүнүктүү болсо, мунун деле эч зыяны жок. Бирок укуктук аң-сезимди жетилтүү, чыныгы демократиялык мамилелерди өнүктүрүү үчүн жазда же күздө бир өткөрүлүүчү митингдер аздык кылат. Тескерисинче, сатып алуу, аракка сугаруу, коркутуу сыяктуу ыплас жоруктар арашалып кеткенде, мындай акциялар элдин демократияга ишенимин начарлатары толугу менен далилденди. Андыктан сот адилеттигин каржылык, моралдык, психологиялык жактан камсыздоонун жолдорун таап, ар бир адам жеке өзүнүн да, бүтүндөй мамлекеттин да тагдыры үчүн жоопкерчилигин туюп жүргүдөй мамилелерди иштеп чыгуубуз зарыл.

Айрыкча агартуу жаатында ырааттуу иштерди жүргүзүү керек. Раматылык Салижан Жигитов айткандай, «жел желпинте соккон менен, таң мезгилсиз атпайт», бирок биологиялык жактан бой тартуу жана руханий жактан жетилүү курагы көбүнчө дал келбей тургандыгын унутпайлы. Мээ талыта ойлонуп, кол жорута иштебесек, кайраттанып күрөшпөсөк, жапайы уруулардын деңгээлинен өйдө боло албай, башкалардын тебелендисинде кала берерибиз анык.

Жолдош Турдубаев, публицист

XS
SM
MD
LG