Жума, Май 25, 2012 Бишкек убакыты: 03:31

Блог-Миңсанат

Американын токочун ким жеп жатат?

x
Текст көлөмү - +
Бир жерде конокто отурат элек, 50нүн ары-бери жагындагы адам безилдеп, Американы жерден алып көргө, көрдөн алып жерге салып жатты. Ал кишиге караганда, бүт дүйнөдө каргашанын баарына Америка айыптуу экен. Андан кийин берээк келип, Европаны да капталынан челип-челип өттү. СССР эсен болгондочу, ал экөөнүн эсесин бермек экен ал кишинин айтымындачы.

Кээси мелтиреп укса, кээси башын ийкегилеп, ооба десең деп кубаттап отурушту. Бир саам тынып калганда “өзүңүз Американы көрдүңүз беле?” деп суроо жылдырдым. Көрбөптүр. Европаны да көрбөптүр. “Эмне машине минесиз?” деп да сурай кеттим. Жанагы энесин сөккөн Европадан чыккан “Мерседес” айдайт экен... Ал ал болсун.

2005-жылы атан төөдөй саясатчылардын биринен интервью алып жатам. Адам укуктары тууралуу сурай кеттим эле, бетине жаалы чыгып, “бу Батыштын нанын жеген силер десе, ушундан башка сурооңор жокпу!” деп кекетип турганы. Андан кийин дагы бир курч суроо бердим окшойт, атамды дагы бир жолу Батышка айдады. Кудайга тобоо, дейм ичимден, бул кишини бийлик тебелеп, абакка тыкканда ошол “Батыштын нанын жеген” журналисттер менен укук коргоочулар күнү-түнү уктабай чуулдатып жатып, башын азаттыкка алып чыктык эле да... Бул бул болсун.

Дагы бир көрктүү жигит “эркиндик эле эркиндик, демократия эле демократия!” деп трибуна калтырбай жер тепкилеп жүрсө, "ии, мунун демократчыл пейили кенен турбайбы" деп, ошо Батыштын токочун жеген журналисттер аны килтейген саясатчы даражасына чыгарбайбызбы. Кийин ал кишибиз бийликтин бийик кабаттарына жетип алды да... айнып калса болобу! Кечээки демократыбыз “Кыргызстанга эркиндик эпсиз көп кирип кетиптир, Батыштын демократиясы кыргызга жарашпайт” деп атса, Күмөндөр куудул айтмакчы, таң калганыбыздан оозубуз ачылып калыптыр. Тагдырдын тамашасын карабайсызбы, кийин бийик кабаттан кайра кара жерге түшкөндө “кайдасыңар, батышчыл журналисттер?” деп, ошолорго күнү түшүп отурбайбы... Ал ал болсун.

Бишкекте жоон топ саясатчылар менен эксперттер бар, кез-кези менен АКШ менен Батышты тепкилеп, Орусия менен Путинди көкөлөтүп отурган. Жакында бир тың жигитибиз ошолордун тизмесин түзүп алыптыр – дээрлик баарынын балдары же Европа-Америкада окушат экен, же батышчыл эл аралык уюмдарды иштешет экен. Ошолордун бирөө да өзү опулдап мактаган орусиялык автомашинага отурбайт, шермендечилик болбойбу анда!

Анда деги кимибиз Американын ашын, Батыштын нанын жейбиз? Улуу муунду го түшүнсө болот, советтик идеология менен “Крокодил” журналы АКШ менен Европанын караөзгөй, желмогуз образын өмүрү чыккыс кылып кан-жанына сиңирип салган. Орто муун болсо АКШ болбосо да, Европанын четин көрүп калды го. Болбоду дегенде теле менен интернеттен салыштыруу мүмкүнчүлүгү кенен.

Мен деле Европа менен Американы көргөнгө чейин тетири ойдо элем. Ал жактарды мактабайын, менин мактоомо деле муктаж эмес го АКШ менен Европа. Алардын өз проблемалары, түйшүктөрү жетиштүү. Бирок карапайым адамга эң эле жөнөкөй шарттарды камсыз кылышкан – күнү-түнү кай жерде болбо бейкапар жүрө бер, мыйзам бузбасаң, милиция, жок, полиция кармап алып, чөнтөгүңдү тинтпейт, биздегидей кадам сайын “крутой” машинелер каршы тилкеге чыгып кубалашпайт, өңү же кийими андай экен-мындай экен деп сынап тиктешпейт... Дагы эмне? Ии баса, саясатчылары, бизнесмендери, депутаттары өзү билемдик кылбайт, өздөрүн кудай же пайгамбар тутпайт, жеп койсо биздегидей жең ичинен чечилбейт, дароо түрмөгө жаткырышат. Жетет го ыя...

Бир гана сабак: Билбей сындаба, көрбөй сөкпө, жакпайт деп жамандаба.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 3 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: ТОЛКУН
13.02.2012 11:04
Бул макаланы жазган кишинин ою боюнча эгер батыштын машинесин минип алсан ошолордун башка нерсесин да колдоо керек экен (гомосексуалдарды, бир жыныстагылардын баш кошуусун, ж.б жайылтуу). Адамга мээ баштын ичи бош калбасын деп берилген эмес. Баардык нерсени таразалап, жакшы керектуу, нерселерин гана алып, ыплас, кыргыз элинин менталитетине туура келбеген нерселерден алысыраак болгонубуз бизге пайда.

кимден: Зымчы каяктан: Бишкек
10.02.2012 07:00
Кыргызстан о
озунун орду менен эле Орусияга дагы, Америкага дагы, Кытайга дагы кызык болуп турат. Кытайга каршы чокпогон авианосец катары Америкага, алар кызыккан учун каршылык жазоо ирээтинде Орусияга, эми Кытайга болсо кудай-талаа озу коншу кылып койгон экен. Солженицын бут орто азияны "мягкое подбрюшье" дегенин унутпагыла. Ал адамдын кайсы жери экенин. Азыр Орусияда анын идеологиясын толугу менен колдогон адам коп, алар ал жерде бийликте. Акыркы жылдары Орусияда нацизм улуттук идеология болуп калды. Иши кылып кыргыздар, онолобуз десек ал озубуздун куч менен, озубуздун рухту ондоо менен кана онолобуз. Ал эми Союзду кайтаруу жонундо Путиндин созу бар, "Кто не желает возвращения Союза тот не имеет сердца, а кто думает что возвращение Союза возможно, тот не имеет ума". мааниси ушундай.өөөөөө

кимден: Акылман каяктан: Кыргызстан
09.02.2012 20:07
Туура суроо берилген. Адам эч качан башка бир нерсе менен салыштырмайынча жаман же жакшыны ажырата билбейт. Биринчиден Американы жамандагандан мурун барып коргуло, анан салыштырып айткыла. Ошол эле нерсени Орусияга барып коргондон кийин айткыла. А эгер Кыргызстандан чыга элек болсонор, кыргызбыз, кыйынбыз, меймандоспуз деп мактанганынарды корот элем башка олкого барып келип салыштыргандан кийин. Автор туура айтат, дос куйдуруп душман суйдуруп айтат деген макалды эстегиле. Акылдуу адамдар сын-пикирди анализдеп карап жыйынтык чыгарат. Негизи билимди жогорулатып, намыска келип, сырттан уккан нерселерге конул болуп ондогонго аракет кылганда гана биз бир нерсеге жетебиз. Жондон-жон эле кур намыстанып атака кылган туура эмес. Мен курч суроо, туз жооп, туура иш жана акыл колдонгон адамдардын кобуроок болушун тилейм.
Пикирге жооп

кимден: Кыргыз каяктан: Баткен
10.02.2012 00:54
+1000

кимден: Датка каяктан: Бишкек
08.02.2012 23:53
Султан мырза сиз эми коп нерсени коруп, бир топ жашап, оз пикириниз терен болуп кала турган убакка келип калдыныз.
Ошол эле 20 млн кишиси, анан тегерегинен рад.исламисттер курчап ыктытып турган Озбекистанга биздикиндей ар ким оюна келгенин кылган криминалдуу шарт тузуп койсо эмне болоор эле, озбек эли учун трагедияны айтпаганда да кошуна бизге кандай балее болоор эле. Аларды кармап башкарып келе жаткан оз акылы менен шашпаган адамга рахмат. 3 млн. кенедей эл канча азапты баштан откоруп тараган жатабыз, ошол демократиялык белек революциялардан.
ал эми баш кесээр, илгертеден нашаа тарткан, чечкиндуу кошуналардын бизге окшоп бийлигин нолго тушурбосун кудай, ал кунду алсыз кыргызга бербесин, ылайым Каримовго омур, кошуналарга тартип, кучтуу бийлик берсин. Жаза берсем узун болот го, орустар жана амерлер бизге ага да, тага да эмес. Бирок тарыхый орустар кичине акыйкаттуу жана душевный келет го деген умут бар, анын устуно кошунанын эн биз учун тузугуроогу ошол го. Кытыйга синип же туркко кул болгончо дейбиз да.
Ал эми амерлер жонундо сиздей жазмакердин аларды караган козу эмгиче ачылбаганы тушунуксуз, канча келип жаткан мамкатчылардын жардамчылары бизди Афг, Пак-стандарга жамап, Орто азия деген тушунукту очуруп, борбордук азия деп жатканы сизге эч нерсе айтпайбы. Иши кылып орусту алсыратуу учун кыкендер алардын окендер менен болуп келе жаткан кылымдык талашында чакмак таш да. Бизди каалаганындай калчап жатышпайбы 7 жылдан бери,быркырадык го. Бечелге жотолдун эмне кереги бар
биз эмне кылабыз орустар менен англосакстарды салыштырып, эч кимиси бизге тукурбойт. Оз арабабызды айдасак жакшы болоор эле жайыбызга коюшса, койбойт да.
Ал эми арабдарды ким талкалаганын эмдигиче корбой, тушунбой жатсаныз биздин интеллигенция абдан деградация болуп баратыптырбыз...орус жаман да ошонун арагы куноолуу го, биз эмес

кимден: Асылбек каяктан: Бишкек
08.02.2012 10:18
Султан байкенин ой толгоосунда тигил же бул мамлекетти мактап, даңазалагандан дагы көбүрөөк, адамдардын калыстыгына, акты ак караны кара деп айтууга даай албагандыгына басым жасалып отурат. Маселе ал адамдардын жан дүйнөсүндө. Жеке кызыкчылыкка тийиштүү жагдайларда алар оюн шыр эле жүз сенсен градуска өзгөртүп жиберет. Айрым замандаштарыбыздын артыкчылыгы же шылуундугу дал ушунда.

кимден: тока каяктан: нарын
07.02.2012 20:50
Негизи бир беттей саясатташуу бул туура эмес
аныгы саясатчы бул болгон жеке эле адам коому эмес бутундой жаратлыш кубулушуна сезим баа жугурткон адам ал саясат билиминин онугусундо иш кылып келет
Америка базасы кыргыздарга жат корунуш,анткени менталитет Оруссиядан кем эмес анткени, Орусиянын таалим тарбиясы кыргыздардын каны жининдеги корунуш
Америка тарап кечеенки жаны чыккан кыргыздардын мудоосу башкача ой менен мисал жургузуу иш аракети,мындайча айтканда Америка стилинде жашашты каалашат бул жаман эмес,биз эле эмес Орусия жаны чыккан жаштары каалап келет жана булар да алардын кем калышпоо аракетинде
Америка базасынын дале артыкчылы бар кыргыз коомуна
жаман жагы да тигинтип экологияга зыян келтируу деген жаратылыш дооматы жана саясатта башка мамлекеттен кооптонусу
бул экоону таразалап караганда экоо тен кооптудай жэ болбосо башка эле шаардан алыс чек ара тубуно жер болуп беруу сунушталса жакшы болмок
мисалы кайсы жерде терор коркунучу бар жерде
жэ ж,б
кызматташуу шартынан алыстабоо керек
чынында жаман болбос


Пикирге жооп

кимден: Нур
08.02.2012 00:43
Жумагулов байке американын токочун жеп олтурбасаңыз сиз деле ошентмексиз.

кимден: Кыргызбай каяктан: Бишкек
07.02.2012 20:05
Жакшы жазылган ! Чыркыраган чындыкты таамай көрсөтүптүрсүң , azaмат !

кимден: Жоро каяктан: Бишкек
07.02.2012 14:25
Саламатсыздарбы. Эн оболу кесиптештик өбөлгө катары макаланын авторуна сын-пикиримди жаза кетсем деймин. Азаттык үналгысын окурмандар жана бүткүл дүйнө коомчулугу маалымат каражаты катары тааныйт (кандайдыр бир пропагандалык булак катары эмес!). Ошондуктан бул макала ачыктан-ачык эле үгүттүк маанайда жазылып калганын айтып кою кылмыш болбостур. Албетте мен АКШга же Россияга тартайын деген оюм жок, автор жазгандай алардын өзүнө жараша түйшүктөрү, проблемалары, геосаясаты жана оюндары бар. Бирок мынчалык денгээлде кайсы бир журналисттин (Султан ага болбосо да) жасакерленуусу уят го дейм!? Биз акыркы кездерде кесиптик стилибизден таптакыр эле четтеп бара жаткан жокпузбу ыя? Анан да өзүбүздүн эле жарандарыбызды кемсинткендей кыязда түрдүү сындар менен комментарийлөө журналист (болгондо да кыргыз журналисти) учун аша чаап кетип калгандык эмеспи? Мынча болду "Азаттыкты" үгүт-материалдарды ишке ашыруу бюросуна эле айландырып койгон он го дейм... Азаматсынар. Бали. -)))))))
Пикирге жооп

кимден: Султан каяктан: Азаттык
08.02.2012 07:53
Жоро-мырза, сыныңызды туура эле кабыл алам. Ар бир көз караш урматка арзыйт. Кыргызда "талаштан тактык жаралат" деген сөз бар эмеспи, анын сыңары автор өз оюн талашканга, тактаганга акылуу. Бул жерде комментарий эмес, пикир алышуу, ой бөлүшүү болуп жатат, менимче. Бул кадыресе көрүнүш, бардык сайттарда, форумдарда ушинтип ой бөлүшөт. Ал эми Америкадан да, Европадан да үйрөнө турган өрнөктөр толтура, бул - кашкайган чындык. Ошентип, адамзат бири-биринен жакшы тажрыйбаларды үйрөнүп, сиңирип, алга өсөт деп ойлойм. Ошондой эле башкалардын да кыргыздан ала турган касиеттер көп. Сизге жакшылык тилейм.
Пикирге жооп

кимден: Зама каяктан: Баткен
08.02.2012 20:35
Батыштын жашоосун алсанарда ыйман жагынан ал жакка ооп кетпегиле,же еркек мн эркек,аял мн аял нике кыйып же, никесиз жарандык нике бп бузулайлыбы кыргызым

кимден: Ahun каяктан: Ru
07.02.2012 12:21
Балык терендикти издейт, адам болсо кайерде жакшыны...Оз агасын агалай албаган,башканын эшигин сагалайт деген соз бар го бизде.Кор тиргилик,жашоо учун курошто эмнени кана ойлоп таппайбыз.Ар ким оз казанында кайнап, акчаны ким толосо,музаны ошол адам заказдайт болуп калбай, же ошол музыкага бийлебей, адамдык сапатыбызды жоготуп койбой,оз элибизди,мекенибизди, ыйык жерибизди коздун карегиндей сактап алалык.

кимден: Аты-жөнү жазылбаган каяктан: Бишкек
07.02.2012 09:20
Чынында батыштын жашоосу жана экономикасынын өнүгүү моделин өзүбүзгө ылайкташтырып Кыргыз мамлекети дагы өнүгүүнун жолуна түшсөк болмок. Анын ордуна президент болом же депутат болом дегендер чү дегенде эле Москваны көздөй же Астаныны көздөй аттанышат. Мунун баарын карап туруп ойлоп кетесин союз кулаганына 20 жыл болсо деле, биздин жетекчилер Москванын же Астананын тапшырмасын кудум союз мезгилиндеги жетекчилердей аткарышып, аларга барган сайын отчетун берип, аны КТР аркылуу бир жума беришет. Сөзсуз, кичине мамлекет болгондон кийин чон мамлекеттерден көз карандыбыз бирок мынчалык деңгээлге түшүүнүн кажети барбы? Султан агай аткандай өнуккөн мамлекеттердин тажыйрбасын алып мамлекеттин өнүгүшү үчүн колдонушубуз керек. Чыгыш азиядагы өнүккөн мамлекеттердин бардыгы батыш экономикасынын моделин алды бирок үрп адат жана улуттук салттарын унуткан жок. Бизде болсо же мамлекет өнүкпөйт же батыштын тажыйрбасы жок же чыгыштын тажыйрбасы же өзүбүздүн иштеп чыккан программа жок сүйлөсө баары эле чыгаан менеджер жумуш берсен эле корупционер, жердешчил же өз жумушун билбеген дилетант. Жакында президенттике талапкер бир азамат бакылдап жатат "Мен президент болсом мамлекетти 1983 жылкы абалга алып келем деп" Таппасаң сыйпалап кал дечу беле эл азаматтары Кыргызстанды ушундай башкарыбыз деп умтулуп жатса биз келечек жөнүндө сүйлөп эмне кылабыз? же өнүгүнүн башка жолу жокпу? же биздин эл башкарыбыз деген азаматтардын болгон деңгээли ушулбу?
Жалпы 3 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)