Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:53

Ысык-Көл онтойт


Быйыл Ысык-Көлгө эл демейдегиден көп келип, эс алуучулар да, эс алдыргандар да ыраазы. Көл жээгинде жайнаган мончо менен сауналар келгендердин жарпын жазды. Бир гана жаны кейиген – Көл эне.

Жаны болсо жалдырап, тили болсо жалбарат беле... “Ала-Тоонун бермети” быйыл өзгөчө булганды. Жылда таштандыдан баш айланса, агы быйыл самын, кир аралаш суулар кошулуп, көлдү ого бетер жабыркатты. Жаратылыш коргоочулардын колунан деле эч нерсе келген жери жок. Жаратылышыбызды, касиеттүү көлүбүздү сактап кала албай калабызбы дейм...

Эгер атам Асылбек Смаил тирүү болуп, бүгүнкү ушу жорукту көрсө жүрөгү канамак. Атам өз заманында эле Ысык-Көлгө жасалган кайдигер мамилеге күйүп кетчү эле.

10-сентябрь – туулган күнүндө архивинен он жыл мурун жазган көл жөнүндөгү эки ырын таап, “Азаттыктын” блогуна сунуш кылайын дедим. Балким адамдар акчага сатып ала албай турган байлык барын ойлонушаар. Лира Исмаилова

КӨЛДҮ СЕН...

Көлдү сен окшотпо көлчүккө
Саркынды суулардан топтолгон.
Көлдү сен тирүү жан деп кара
Тил бүтүп келатып токтолгон.

Көлдү сен жан дебе жапайы
Бороонду буйлалап кармашкан.
Көлдү сен дарымчым деп тааны
Кара күч, жин менен арбашкан.

Кызматың кылууга дапдаяр
Бир башы сен үчүн арналган,
Көлдү сен жан боорум деп сана
Сага окшош, тамчыдан жаралган.

Кара-Ой, 2001-жыл


КӨЛ ОНТОЙТ

Жайдыр-кыштыр көр пенде
кыйнайт, булгайт, ызалайт.
Адам салган кордукка
чыдап, кээде чыдабайт.
Өлүм артык көрүнүп,
Өрөпкүтөт. Ызаны айт.
Жараланган ак куудай,
Онтойт, сыздайт, тына албайт.

Кээде тынчып, кээ күнү
Буркан-шаркан төгүлөт
Так түйүлгөн толкундар
Камчы болуп өрүлөт.
Каарына шаа жетпей,
Каптачудай көрүнөт.
Тагдырына наалыйт да,
Дал-далынан сөгүлөт.

…Учалбады эч жакка
кош канатын каккылап,
качалбады эч жакка
толкун тынды чапкылап…

Кабылгандын баарысын
кырып-жоюп бараткан,
адам аттуу жырткычты
кайсы душман жараткан?

Шуну ойлойт да кайрале
Колуна алып күзгүсүн
боз чаңгылдын ичинен
издейт, таппайт өз жүзүн.
анан боздойт ташка чаап
күзгү менен күлкүсүн.

Кара-Ой, 2002-жыл





Асылбек Смаил, Кыргызстан жазуучулар союзунун мүчөсү
XS
SM
MD
LG