Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:41

Кыргызстанга барсам ишке алышар бекен?


Блоггер Улукбек Омокеев (оңдо) Түркияда окуган кыргыз студенттер менен.
Блоггер Улукбек Омокеев (оңдо) Түркияда окуган кыргыз студенттер менен.

Түркиянын өзү үчүн кичинекей Эрзурум шаарында жүргөнүмдө ал жакта окуп, иштеп жаткан кыргыз балдар конокко чакырышты. Дасторкон жайып, чоң киши күткөндөй коноктошту. "Ата Түрк" университетинин кызматкерлери үчүн берилген бир бөлмөлүү үйдө үчөө жашайт экен.

Кыялбек, Шамурза, Темирлан - дарыгерлер. Бул жерде алар тажрыйба топтоп жүрөт. Болот менен Абдурахим студент. Тамак жеп бүткөндөн кийин кызуу маекке кирдик. Толкунданып, кайгырып, каткырып да отурдук. Эч жасалмасы жок, көкүрөктөн чыккан ойлорду ортого салдык. Анда эмесе ошол түндөгү жигиттердин (арасында мен да бар) баарлашуусун сиздерге сунуштайын.

- Бул жерде шарт укмуш экен. Иштей эле бергиң келет. Биз качан ушуга жетебиз, билбейм...

- Жетебиз. Аракет кылсак, жетебиз да. Бир канча жыл мурда булар деле биз сыяктуу кыйналышкан экен...

- Силер биерде окуп да, иштеп да жүрөсүңөр да, ээ?

- Биз үчөөбүз стажировкадабыз. Булар студенттер. Студенттерге иштөөгө тыюу салынган. “Чалышамаз” (иштегенге болбойт) деп жазып коюшат.

- Ээ, стипендиясы деле бир топ булардын...

- Бул жердегидей окуу, шарт болгондо Кыргызстанда деле кыйындар чыкмак...

- Чыкмак дейсиң да, чыгып эле жатат азыр. Кыргыз медицинасынын корифейлеринин али да көзү тирүү. Дүйнөгө таанылган...

- Бул жердегидей шарт болсо бизде дарыгерлер "жинди" чыгышат го...

- "Жинди-пинди" чыкпай эле артка кетип жатат. Эрнест Акрамовдун шакирти 50гө чыгып калган киши экен. Бизде дароо эле бут тосушат. Жаштарды чыгаргысы келбей...

- “Дордойго” барып место алып алгыла да тирилигиңерди тикелей бергиле, силер врач болуп нени кыйратмак элеңер” деген агайлар болбодубу мен окуп жүргөндө...

- Мен көзгө операция жасоонун эң уникалдуу ыкмасын үйрөндүм. Так калтырбай операция жасаса болот. Бирок Кыргызстанга барсам ишке алышабы, колдошобу, караңгы... Ошентсе да барып, бир топ идеяларды ишке ашырууга аракет кылам...

- Тиги ооганчы киши Ооганстанга клиника ачабыз дейт. Анын акчасы көп да. Мага иште деген эле, ойлонуп атам...

- Эркин Орозакунов деген 35 жаштагы кыргыз бар Түркияда. Операциянын бардык түрүн, майдаларынан тартып боор, бөйрөк алмаштырууга чейин жасайт...

- Ошого окшогондор Кыргызстанда иштесе, чет элдиктердин акчасын алып коюп жата бермекпиз. Эми түрктөргө кызмат кылып жүрөт. Бирок аябай сыйлашат аны бул жакта...

- Эми кыргыз медицинасы бир топ бутка турса керек. Азыркы министр Түркияда эң кадырлуу дарыгер эле. Ага байлыктын кереги деле жок болсо керек. Жетиштүү акчасы бар киши...

- Эми аны иштетишсе жакшы. Бут тосуп иштетпесе бекер...

- Коррупцияга каршы күрөш жүргүзүү үчүн колдоо керек да...

- Бизде коррупция бар экенин түрктөр да билет экен. Кечээ түрк тилинен экзаменде мага коррупция жөнүндө сүйлөп бер дейт. Эми "силерде бар го" дегендей кылып. Жаман жиним келди...

- Билет алар да. Интернеттен чыгып атса...

- Улук, сен капа болбо го, журналист кесиптештериң оозуна эмне келсе, баарын жазып жатышат.

- Мен журналист эмесмин аке, мугалиммин...

- Билбейм, иши кылып интернетти көзөмөл кылган бирөө барбы бизде?...

- Бул жерде Кыргыстан жөнүндө сурашат. Анан мактайсың. Жаратылышы кооз, тоолуу деп. Бу түрктөрүңдүн бардык жеринде интернет бар. Кана көрөлүчү деп, “Кыргызстан” деп жазып издесе эле пикет, митинг, өлтүргөн, сабалган, ызы-чуулар чыгыт. Уяласың.

- Ооба, Түркия же башкасын издеп көр, курорттук жайлары, кооз шаарлары, сонун нерселери чыгат...

...- Бул жакта деле пикет, ызы-чуу болуп турат тез-тез. Жакшыларын көп чыгарат да булар...

- Ээ, тиги жаман нерселердин чыкпашы үчүн жакшы жаңылыктарды толтуруп жүктөп салыш керек да, ошондо алар астыда калып кетет чыкпай...

- Азыр жаштар деле бүт саясат менен алышып калыптыр...

- Мыкты окуп, жакшы идеялары менен чыгып жаткан жаштар деле бар.

...- Ооба, өсүп жатат. Айрыкча чет жерде жүргөндөр патриот болуп калышат экен...

- Чын, бул жерде жүрүп биз деле мекендин кадырын сезип жатабыз...

- Силер барып өлкөгө салым кошкула эми...

- Кошобуз, колдон келген, үйрөнгөн нерселердин баарын жасайбыз. Ошого окуп жатабыз да...

- Чоң клиника салып, эл аралык талапка жооп бергидей жабдысаң, бүт дүйнө бизге келбейби...

- Тиги байлар акчасын чачпай, жаштардын чет өлкөдө окуусуна жардам берсе, кандай сонун болмок...

- Кайдан дейсиң, мен мисалы, акча таппай жол кирем менен эле келгем... Кыйналып жүрүп, азыр кудайга шүгүр...

- Кечээ бизди Кыргызстандан келипсиңер деп Агры деген шаарда иштеген Султанбек аке сыйлады. 200 километр жерден атайын келиптир. Кыргызстанга барсам мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды окутуунун ыкмасын ишке ашырам. Андай ыкмалар бизге али бара элек дейт...

- Ооба да, чет өлкөдөгү кыргыздар үйрөнгөндөрүн ишке ашырып турса, өзүбүздүн жаштарды колдоп турсак тез эле өнүгөбүз.

- Андай идеясы барлар көп. Бирок бир нерсе жасайын десең Кыргызстанда салыкчылар артыңан түшөт. Документ толтуруу проблемалары бар. Иштетишпейт да, кыскасы...

- Таза жаштар өсүп, тиги чоңдордун ордун алмашып кетсе жакшы болмок...

- Жанагы сен айттың го, интернеттеги жаман нерселер көрүнбөш үчүн жакшы нерселерди көп жүктөп салыш керек деп. Ошол сыңары жакшы жаштар көп өсүп жетилсе, жаман саясатчылар көрүнбөй калмак...

- Саясатчыларды ээрчип кетип эле аларга окшоп калып жатышат да көбү...

- Саясат деле жаман эмес балдар, болгону саясатка терең билим, тажрыйба менен барыш керек экендигин билишибиз керек да. Уй кайтаргандай эле оңой көрбөй...

- Уйкуңар келдиби? Кой, анда эс алалы, ээ?...

- Уйку деле келбеди. Мындай маекти топтоп "Азаттыкка" блог жазсам окшойт...

- Сен блог жазасыңбы? Мен да жазсам болобу?...

- Ооба, болот, кандай темада жазасың?

- Мен Таластан болом. Сүйлөшкөн кызым Алайдан. Бирок ата-энем каршы болуп жатат үйлөнүүбүзгө. Таластыктар Алайга куда түшүп барса, бапырап-жапырап тойлосо кандай сонун. Эмнеге ушинтип бөлүнө беребиз дейм да.

- Жакшы тема экен, жаз сөзсүз...

- Туура айтасың, бөлүнбөй эле бир жакшына жүргөндөр бар. Ушундай стереотип калыптанып калыптыр да...

- Анын ата-энеси да каршы болуп жатат. Башка өлкөгө деле турмушка чыгып кеткендер бар го. Кыргызстандын бир учунан экинчи учуна чейин көп болсо машине менен бир күндүк жол. Ошону да алыс деп чыгабыз...

- Эми биз ал проблеманы жоюшубуз керек. Мына, үчөөбүз үч жерденбиз. Ынтымакта сонун жашап жатабыз, кыргызстандыкпыз деп...

- Көп эле кайгыра бербейли. Жаштар жакшы билим алып келатышат. Бири-бирибизди колдоп турсак көп иш жасалат балдар...

- Патриоттуулук десе эле төш кагып, кыйкырып чыкпай, жакшы билим алып, иштеш керек экендигин түшүнгөн жаштардын тобу да пайда болот буюрса...

Ошентип көпкө маектештик. Дагы көп сөздөр айтылды. Саат үч болуп кетиптир. Жатууга кам урдук. Төшөнчү жетпей калды эле, Кыял аке уктоочу дивандын матрасын мага чыгарып берип, өзү как тактайга жатты. “Кой, өзүңүз салынып жатыңыз, мен жерге эле жатам” десем, - “Сен меймансың, кыргыздар конокту как жерге жаткырбайт” деп болбой койду. Баары уктап кетишти. А мен көпкө чейин ойгоо жаттым. Мекенчил, билимдүү жаштар бар экен го...

Омокеев Улукбек, блоггер

XS
SM
MD
LG