Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:56

"Андыктанды" аз колдонолу


Акыркы убактарда теле жана радиодогу алып баруучулардын дээрлик бардыгы эмнегедир «АНДЫКТАН» деген сөздү көп колдонушчу болду. Мындан улам журналистика чөйрөсүндөгү улан-кыздарыбыз бир устаканадан чыккансып, бир стилде сүйлөп калды, аларды окуу жайларда ушул сөзгө (АНДЫКТАН) басым жасап окутабы деген ой келет. Кимисин караба, “АНДЫКТАН” деп жаткан болот, кээде бул сөз бир сүйлөм бүткөнчө эки-үч жолу айтылып кетет.

Өткөнгө кылчайсам, эски алып баруучулардан, журналисттерден жана кабарчылардан бул сөздү чанда укчу экенбиз. Азыр деле ошол эски кишилер анда-санда теле-радиого чыгып калганда бул сөздү көп оозанбайт.

Азыркы заманда калктын басымдуу бөлүгү саясатташып, ушул темадагы шоулорго көбүрөөк ыктап калганы эч кимге сыр эмес. Бирок ошол саясат айдыңында жүргөн депутат, министр жана даражасы улук саясатчыларыбыз деле “АНДЫКТАН” дебейт.

Күлкү-тамашалары менен элдин маанайын көтөрүп, эртеңки жакшы турмушка шыктандырган куудулдарыбыз деле бул сөзгө жолобойт. Жумушума байланыштуу ар кайсыл диалектиде сүйлөгөн, ар кандай адамдар менен күн сайын сүйлөшүүгө туура келет, алардан деле бул сөздү укпайм.

Кыргыздын классика деген чыгармаларынын дээрлик көбүн окуп чыктым эле, мурдагы муундагы акын-жазуучуларыбыздын айрым ырларын ушул күнгө чейин жатка билем. Ал чыгармалардын саптарынын арасынан деле “АНДЫКТАНды” кездештирген эмесмин.

Демек, бул сөздү журналисттер гана байламта иретинде пайдаланат. Чынында сүйлөмдүн маани - мазмунуна жана кырдаалга байланыштуу колдончу сөздөр кыргыз тилинде көп. Мисалы; ошон үчүн, ошол себептен, ошого жараша, демек, аттиң, атаганат, андан көрө, адаттагыдай, ансайын, тилекке каршы, адатынча, адатка ылайык, айла жоктон ж.б.у.с.

Мунун баарын четке сүрсөк, журналисттерибиз бара-бара орустардын «ОДНАКО» деп сүйлөгөн анекдот каарманындай, ар бир сөздүн арасына “АНДЫКТАНды” кыпчып калышпаса болду. Анда балким 10-15 жылда акындарыбыз ушул сөздү аралаштырып ыр жаза баштайт, кокус ага обон жаралса, эл алдына жаңырып баары “АНДЫКТАН” болот.

Жана башта айткандай, мурунку муундагы акын-жазуучулар эгер ушул сөздү азыркыдай көп колдонсо, анда Алыкул акындын Ысык-Көлгө арнаган ыры балким мындайча башталмак:

Ысык-Көл кээде тынч да кээде толкун,
Андыктан толкунуңа тең ортокмун.

Же Байдылда агабыз “Бульварда” аттуу тамашалуу ырын:

Мен сейилдеп бульвар жакка көп барам,
Андыктан кылыктанган кыз-келинге көз салам, - деп жазмак.

Эми минтип мисал келтире берсек толтура. Айтайын дегеним, журналистикага келген жаш улан-кыздар көркөм адабиятты көбүрөөк окуп, сөз байлыгын кеңейтсе, Эне тилибиз жардыланбаса деген эле тилек.

Угарманыңар Темир Жусупбеков
XS
SM
MD
LG