Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:19

Койкөчөдөн – Тойкөчөгө


Эки жумадан бери үйдө тамак жасабай калдык – аш-тойлордун эсебинен муздаткычтар толгон, четинен жылытып алып ичип-жей бер. Кайсы кеңсеге кирбе, кайсы ашына-кошунаң менен кездешпе, баары тойлордон чарчап бүткөнүн айтып наалышат... бирок кечинде кошоктошуп алып, кезектеги тойго жөнөп бараткан болот.

Айлыкты көбөйтпөйт, пенсияны көтөрбөйт деп Өкмөттү сөгүп жатабыз – аш-тойдон калган бир кыргыз жок. Шаары да, айылы да, карысы да, жашы да шатыра-шатман тойлоп жатабыз. Кудай Тойдон айырбасын! - кыргыз журтунун бүгүнкү башкы урааны ушул.

Кыргызстан өнүкпөй-өспөй жатабы? Тойканаларды карачы, четинен жамырап ачылып, өзүнчө шаарга айланууда. Бишкекте чет жердиктерди күтүп, коноктоп алчу заманбап имарат жок – кээсин тойканаларга алып барышчу болду. Эми эл аралык форумдарды, керек болсо президенттердин ант алуусун, кала берсе Азиялык жана Олимпиялык оюндарды Тойканаларда өткөрсөк болот, анткени ичи-тышынан уялбайсың.

Бишкектеги Алматы канжолун Тойкөчө деп атасак куп жарашмак, тойканалар көчөнүн эки өйүзүндө казкатар тизилип, кез келгендин баарын сүрүп чыгарып, адемилиги жана сыйымдуулугу боюнча биринен бири өтөт.

Былтыр оой-ууй 600 кишилик тойкана деп таңдайыбызды так эттирчү элек, быйыл 800, миң кишилик тойканалар пайда болду – Toystreet, Toytown, Toyсity. Америкада бир кезде жалаң арстан баласы байырдаган прерияда City жаралган сыңары эле бир кезде жалаң мал-кой айдаган айдыңдарда Тойканалар калаасы көтөрүлүп жатат. Бир чети Өкмөткө да жакшы болду – элдер митингге эмес, аш-тойлорго ооп кетишти...

Өгүнкү тойлордун бирине канадалык конокту ала келишиптир, ал биздин кийит таратуу жана “Пакет операциясын” ушунча таңдануу менен карап отуруп, бир убакта сабыры түтпөй, видеосуна тартып баштады. Дүйнөнү түгөл кыдырып, көрбөгөнү калбаган канадалыкты кыргыздар бир оозун ачырды.

Бир кезде аш-тойдон кешикти же аял кишилер, же атасын же чоң атасын ээрчий барган чыт курсактар көтөрүп алчу эле – азыр галстугун салаңдатып алып, май менен вареньеге малынганына кайыл эркектана да үстөл үстүн аялдар менен кошо шыпырып жүрөт. Уят эмес. Гендердик теңдик.

Кыргызстан кедей өлкөлөр катарына киреби? Анда эмне бир туугандар, кошуналар, классташтар, иши кылса, шылтоосу дайым табылат дечи, акчасын каякка сарптаарын билбей, ТҮШТӨНТҮҮ деген дагы бир салтты ойлоп чыгарышты. Кээде кимдикине жана эмне шылтоо менен эт жегени барганыңды эстей албай каласың? Анан каяктан кедейбиз?

Эми тойканалар парады айыл-кыштакка көчтү. Бир ыптасы кыйшайган мектептин же клубдун жанында койкойгон тойканалар курулуп жатат. Кээде пародия-мыскылдаш үчүн салып жатабы деп арам ойлоп кетет киши. Тойкана кыргыз үчүн бүт баары – маданий, илимий, билимий, спорттук очок. Эмне деген гана кишилер келбейт, эмне деген кымбат тосттор көтөрүлбөйт, эмне деген асыл ойлор айтылбайт, эмне деген баталар берилбейт, дүйнөдөгү эмне деген бийлер бийленбейт? Кээ бир тойлордун ээлери президентке, спикерге, премьерге, депутаттарга ырасмий чакыруу жиберип баштады, келбей калган ырасмий адамга кешигин берип жиберишет.

Эртең-бүрсүгүнү Ак үйдүн как жанына, жайлоолорго, чек араларга тойкана курулса мен таң калбайм – баарыбыз ошол жакка баратабыз. Бул баянды мен той жаман же жакшы деген ойду айтыш үчүн жазган жокмун. Кандай баа беришти өзүм да билбейм. Балким жакшыдыр? Танк цехин кургандан көрө Тойкана курган артыктыр? Иши кылса, Кудайым Кыргызды Тойдон айырбасынчы! Бирок, бизди жаман көргөндөр ТойКыргыз деп ат койбосо эле болду...
XS
SM
MD
LG