Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:29

Чубак ажынын акыл-насаатынан улам...


Чубак ажы Жалилов "Азаттыктын" студиясында, 10-ноябрь, 2011-жыл
Чубак ажы Жалилов "Азаттыктын" студиясында, 10-ноябрь, 2011-жыл

Чубак ажы Кыргызстанда төбөсү көрүнгөн дин аалымы, мурдагы муфтий, элге сөзү өткөн адам катары таанымал. Бул киши биздин радиодогу талкууларга келип катышып, өз оюн ачык айтып, талаштуу, же өзүнүкүнө каршы пикирлерди угуп, аларга кайра жооп бергенден качпайт. Ошонусу менен журналисттер арасында сый-урматка татып жүрөт. Бирок соңку кездери коомчулукка тескери таасир этчү сөздөрдү айтып, аялдар, атүгүл саясат тууралуу жасаган айрым билдирүүлөрү диний аалымдын көздөгөн максаты эмнеде деген суроо жаратпай койгон жок.

Интернетте иш жүргүзүп жаткан "Насаат Медиа" платформасында жакында динге кызыккан аудитория менен жолугушуп, Ирак, Сирияда болуп аткан окуялар, өздөрүн "Ислам мамлекети" деп жарыялап алган топтун ишмердиги тууралуу айтканын угуп, аягында Кыргызстандагы саясий система, диний ишеним эркиндигине шек келтирген сөздөрү коомдогу бейпилдик үчүн кооптуу эмеспи деген ойго келдим.

"Ислам мамлекетинин" жоокерлери Ирак жана Сирияда басып алган аймактарында шийи мусулмандар менен мусулман эместерге, атүгүл аларды колдобогон суннилерге кордук көрсөтүп, миңдеген адамдарды, анын ичинде балдарды да куугунтуктап, далайын кырып өлтүрүп атканын дүйнө коомчулугу айыптап келатат. Мындай карасанатай иштерди "Ислам мамлекетинин" жоокерлери кылды деп таңуулаган адам жок, алар өздөрү мактанып, интернетке жарыялап атышат.

Жакында эле АКШ жараны, гуманитардык уюмдун кызматкери, 26 жаштагы Питер Кассигдин болушунча мыкаачылык менен башы алынган видеону таратышты. Менин андай видеону көргөнгө дитим барбайт, жумушуна байланыштуу көрүүгө аргасыз болгондор мурунку эки жолку баш алуудан бу жолкусу өзгөчө ырайымсыздык менен жасалганын, адамгерчиликсиз акт маашырлануу менен камерага жай тартылганын айтып жатышат. Бул видеолорду "Ислам мамлекетинин" расмий өкүлдөрү жарыя кылып, коомчулукка шардана кылууда.

Тасмада көргөзүлгөн мыкаачылык жасалма эмес, чындык экенин атайын адистер текшерип ырасташты. Сириядагы жапа чеккен адамдарга жардам берген уюмда иштеп жүрүп, аянычтуу тагдырга туш болгон жигиттин ата-энеси билдирүү жасады, кайгысын бөлүшкөн дүйнөдөгү боорукер адамдардын колдоосуна каниет кылганы айтылды.

Чубак ажы "мындай окуяларды кыргызстандыктар Би-Би-Си, "Азаттыктан" угуп алып, туура эмес тыянак жасап жатышат. Бул видеодо көргөзүлгөндөр жасалма, монтаждалган болушу мүмкүн" деп күмөн санайт. "Андан көрө америкалык аскер туура эмес кнопканы басып алып, Ооганстанда 50 жай тургунду өлтүргөнүн эмнеге айтышпайт" деп бизди сынга алат.

Дал ушул сөздөрүнө жооп берип койолу. Биз андай окуяларды ар дайым айтып чагылдырып келатабыз. Анткени биз демократиялуу коомдо жашайбыз, иштейбиз. Тилекке жараша, бизге тиги маалыматты айтпа, муну жазба деген цензор жок.

Ооганстанда 2001-жылы талиптерге каршы согуш башталгандан бери кайсы күнү канча куралсыз жаран бейкүнөө жабыр тартканын убагында чагылдырып келатабыз. Кээ бир материалдарга бул жерде шилтеме берип койойун:

http://www.azattyk.org/content/afghanistan_hamid_karsai_us/26696550.html
http://www.azattyk.org/content/afghanistan_shooting/24512126.html
http://www.azattyk.org/content/news/2329954.html
http://www.azattyk.org/content/news/1289367.html

Жолугушуунун соңунда Чубак ажы "бизге Кыргызстанда бир гана сунни мусулмандары болгону туура, башка агымдардын, башка диндердин кереги жок. Бизге демократиянын, парламенттин да кереги жок. Күчтүү президенттик гана бийлик керек", - деп бүтүрөт сөзүн. Биздин Конституцияда ар бир жарандын диний ишеним эркиндигине кепилдик берилген, мыйзам чыгаруучу мекеме катары парламент - жогорку бийлик органы деп көргөзүлгөн.

Кыргызстандын жараны катары Чубак ажы каалаганын айта алат деңизчи. Бирок диний аалымдар саясий системаны өзгөртүүгө, диний ишеним эркиндигине каршы ачык үгүттөгөнү туурабы? Же Чубак ажы элдин ишеничине таянып, диний ишмердиктен эми саясий майданга аттанууга камданып калдыбы? Дин менен саясат аралашпаган коомдо гана дин эч убакта чагымчыл мүнөзгө ээ боло албайт. Ушуну баарыбыз эстей жүрсөк.

  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     
XS
SM
MD
LG