Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:17

Таластагы шайлоонун мелүүн деми


Жайлоодон кайткан жылкылар, 26-сентябрь, 2015
Жайлоодон кайткан жылкылар, 26-сентябрь, 2015

"Эркин Европа/Азаттык" радиосунун кабарчысы Брюс Паниер шайлоо күндөлүгүн Кыргызстандын ар кыл аймагын кыдырып жазып жатат. Бул ирет ал Таласта болгон.

Таш-Көмүр шаарын аралап, түндүк жана түштүк Кыргызстандын ортосун бөлүп турган тоону этектегенде шайлоо шарданасы жиксиз жоголот. 4-октябрдагы парламенттик шайлоодо ат салышчу 14 партиянын дүбүртү биз бараткан жолдун аркы-берки өйүзүндөгү мелмилдеген тынчтыкты бузганга күчү жетпечүдөй көрүнөт.

Короологон кой-эчки, уйлар жана үйүр-үйүр жылкылар тоодогу жолдо машинелердин жолун бөгөсө, көндүм болгон айдоочулар тек гана токтоп турушат. Эч ким сигнал берип ызылдабайт, ачууланбайт. Токтоп турган машинелерди мал аралап өтүп кеткиче бир нече ирет жолдо турганга туура келди.

- Жайлоодонбу?, - дейт мен түшкөн машиненин айдоочусу малчыга, ал башын ийкеп койду.

- Шайлоодо добуш бергени жатасызбы?, - деп сөзгө аралашсам, мени таң кала карап:

-Эч качан добуш берген эмесмин. Колум бошобойт, - деди малчы.

Албетте, жайкысын малын тоого айдап, жакага айлап түшпөгөн кишинин шайлоо менен иши канча. Балким ушундан улам саясий партиялар өз жарнамасын эл аз жашаган тоо-ташка алып барбаса керек. Жол боюнан бир да саясий жарнак көргөн жокмун. Анан эле Токтогул суу сактагычынын түндүк ыптасындагы Токтогул шаарчасына жеткенде шайлоо өнөктүгү кайра жылт этти.

Токтогулдан чыга бериштеги чокуда таш менен “Ар-намыс” деп жазып коюшуптур. Бул Оштун жолундагы “Ар-намыстын” жалгыз жарнагы экен. Токтогулдан узап баратканда да “Ар-намыстын” жарнактары экен-токондо чыгып жатты.

Феликс Кулов – “Ар-намыс” партиясынын лидери жана Кыргызстандын ардагер саясатчысы. Советтер Союзу кезинде Кулов Кыргыз Республикасынын ички иштер министри, эгемендик алгандан кийин вице-президент, Улуттук коопсуздук министри, Бишкек шаар башчысы жана өкмөт башчысы болгон. Так ушул акыркы кызматы алдыдагы шайлоодо “Ар-намысты” оңдурбашы мүмкүн.

Бийликтен кулатылган мурдагы президент Курманбек Бакиев менен Кулов “тандем” түзгөн. Экөө тең 2005-жылы Аскар Акаев кеткенден кийин президенттикке эң эле ылайыктуу талапкерлерден эле. Мунасага келишип ал кезде Кулов өкмөт башчылык кызматты алган. Бирок ал бул кызматта 18 ай гана иштеди.

Мен сүйлөшкөн айрым адамдар Куловдун Бакиев менен мурда байланышы болгон үчүн “Ар-намыска” добуш бербейбиз дешет. Анын түбү таластык, ушундан уламбы ал “Ар-намыстын” үгүт өнөктүгүндө туулган аймагына көп басым жасап жаткандай. Таласка бет алган жолдун эки жагы, тоо этектеринде жана үйлөрдө “Ар-намыстын” плакаттары, ураан-чакырыктары көп кездешти.

Тоо арасындагы жол
Тоо арасындагы жол

​Таласка жакындаган сайын башка партиялардын да жарнактары көбөйө баштады, бирок мен алардын түштүк аймактарга караганда азыраак экенин байкадым. Жолдон “Кыргызстан” партиясы өткөрүп жаткан митингди көрдүк. Аны көрүш үчүн жүздөгөн эл чогулуптур. Таластын калкынын саны расмий эсеп менен 33 миң.

Ишемби күнү түштө эл жок ээнсиреген калаа борборуна кирип баратып, адамдар кайда жүрөт, деген ой келди. Эптеп-септеп шайлоо тууралуу айрымдар менен сүйлөшө алдык. Көбү добуш берерин айтканы менен, түштүктөгү мен кезиктирбеген элдин текебердик сезимин байкадым. Эки машинени чукулап жаткан беш-алты жигитке барып, “шайлоодо добуш бересиңерби?"- деп сураганымда алардын баары “Ар-намыска” добуш беришерин айтышты. “Жаңы парламент эмне кылат деп күтүп жатасыңар? Жакшы өзгөрүүлөрдү жасайбы?” – деген суроомо бирөө балким жок деди кайдыгер. “Алар эмне кылуусун каалайсыңар?” дегенимде: “Биздин облустун экономикасына көбүрөөк көңүл бурушса”, - десе, дагы бирөө: “Маселен бияктагы жолдун абалын карагылачы”, - деп тамтыгы кеткен жолду көрсөттү.

Туура айтат. Таластагы жолдун көбү оңдоого муктаж.

2010-жылдагы революциянын чордону болгон облустук акимчилик имаратын көздөй жөнөдүм. Жолдон балдары менен бараткан жубайлардан "шайлоого барасыңарбы", деп сурадым. Алар бара турганын, бирок кайсы партияга добуш берерин айтышпаса да, сүйлөгөн сөздөрүнөн жаңы өкмөттөн күткөн үмүттөрүн биле алдым.

Азыр көп жаштар талапкерлигин коюуда. КСДП партиясынан мисалы”, - дейт жаш эне. Анан күйөөсү сөздү улап: “Жаңы өкмөт карыган саясатчылардан арылышы керек. Алардын эч кандай жаңы идеясы жок. Алардын айынан кыйналып жатпайбызбы. Биз бийликте жаңы идеялары бар адамдарга муктажбыз”, - деди.

Анан Талас облустук акимчиликтин имаратына жеттик. 2010-жылдын 6-апрелинде демонстранттар бул имаратты курчап, ээлеп алууга аракет кылышкан. Ошол күнү кечке митингге чыккандар менен милиция кагылышып, милиция демонстранттарды имаратка киргизбей турган. Бирок 7-апрелдин таңы аткыча демонстранттар бул жактан кетпей акыры имаратты алышты.

Митинг Бишкекте уланып, ошол күнү күн баткыча Курманбек Бакиев бийликти таштап качкан.

Имаратта эч ким жок экен.

Үгүт өнөктүгү аарыдай ызылдап өтүп жаткан түштүк аймактардан ээнсиреген Талас абдан эле айырмаланат экен. Калктын 5% азыраагы аймакты байырлагандан улам саясий партиялар эли көп жерлерге көбүрөөк басым жасап жаткандай. Кийинки багытыбыз Нарын облусу, ал жакта да элдин саны Таластагыдан кичине эле көбүрөөк.

Кыргызчалаган Бактыгүл Чыныбаева

XS
SM
MD
LG