Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:28

Окуу баркын дене тарбиядан кийин билдим


Бишкектеги Жогорку окуу жайлардын биринде тартылган сүрөт. 10-июль, 2013.
Бишкектеги Жогорку окуу жайлардын биринде тартылган сүрөт. 10-июль, 2013.
Студенттик кез кандай сонун! Бул мезгил эч нерсе менен алмаштыргыс!... Мындай кептерди мурда угуп жүрсөм дагы негедир маани бербептирмин.
Ал кезде мен үчүн баарынан маанилүүсү жакын калган сынактарды тапшыруу, мен анчейин түшүнө бербеген университетибиздеги Болонья системасы эле…
Мен Кыргыз- түрк Манас унверситетинин 3-курсунун студентимин, учурда окуу бир калыпка түшүп, баары өз ордунда. Бирок учурунда көп эле машакаттарды баштан кечиргем…

Биздин университетте ар бир нерсе мыйзамга жараша жасалат, эгер студент бир сабактан 2 жолу удаа экзаменден өтпөй калса же сабакка келбесе, анда дароо сенаттын чечими менен окуудан чыгарылат.

Мен негедир мектепте дене тарбия сабагына анча маани берилбегендиктен көнүп калганмынбы, сабакка бирде келип, бирде келбей жүрдүм. Ошентип семестр аягында башка сабактардан жакшы балл менен өтсөм да, дене тарбиядан көп калтыргандыгым үчүн өтпөй калдым. Маанайым чөксө да, кийинки жылы тапшырып коем деп,өзүмдү соороттум. Кийинки жылы болсо ал сабактан карыз экенимди унутуп коюптурмун. Бизде негизи ар семестрде 1 ара сынак, 1 финал сынагы болот, экөө тең башка университеттеги модулдардан асман менен жердей айырмаланат. Ошентип ара сынак мезгили да келди, статистика сабагынан сынак баарынан биринчи болот экен, ал кезде бул сабак биз үчүн оор болгондуктан аябай даярданып жатабыз… Дагы бир жолу сынак даталарын такташтырайын деп карап жатканда, көзүм дене тарбиянын сынак датасына түшүп калып, башыман ылдый муздак суу куюп жибергендей эле абалда калдым. Дароо башка жумуштарымды унутуп, дене тарбиядан берген Азамат агайга барсам, “эч нерсе кыла албайм ,100% дагы өтпөй каласың” деди. Абалымды түшүндүрүп, башка сабактарымдын баары жакшы болуп туруп кантип эле дене тарбия сабагынын айынан университеттен айдалмак элем десем да болбой койду. Ата-энемен да болушунча тил уктум. Ошол мезгилдеги абалым сөз менен айтып бере алгыс болгон, ал учурда сынактар да башталып, статистика сабагынан мурун коркуп жүрсөм, эми ал азыркы көйгөйүмдүн жанында эч нерсеге татыгыс болуп калгандыктан группамда эң алдыңкы баллды кантип алганымды да байкабай калдым.

Ошол эле мезгилде университетим көзүмө ушунчалык жакшы көрүнүп жатты, мурун канчалык деңгээлде баркын билбей жатканымды сездим. Азыр ойлосом, балким Кудай мени сынагандыр жана көзүмдү ачкандыр, канча кишинин ичинен тандалып алганымдын баркына жетпей, окууга анча маани бербегендигим чындап эле туура эмес болгон. Бирок бактым бар экен, ден соолугу боюнча дене тарбия сабагына катыша албаган группага эптеп кирип, ара сынагыма 0 койулуп, кийин финал сынагына чейин бир дагы сабакты калтырбастан, эже аткарууга берген тапшырмаларды эң жакшы деңгээлде аткарып, сынактан да 100 алып өтүп кеттим, бул 100 балл ошол мезгилде мен үчүн ушунчалык кымбат жана баалуу эле.

Ошол мезгилде канчалык окуу мен үчүн маанилүү экенин сездим жана бүгүнкү күнгө чейин сабактарымды болгон аракетим менен окуп жатам, балким ошол учур болбогондо азыркыдай жыйынтыкка жете албайт белем, ким билет…

Гүлайым Арипбаева 13.04.2014
XS
SM
MD
LG