Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:43

Убадалар кана, “Республика”?


"Республика" фракциясынын шайлоо алдындагы жарнамасы.
"Республика" фракциясынын шайлоо алдындагы жарнамасы.

Ашкере саясатташкан Кыргызстанда 2015-жылы өтчү парламенттик шайлоого саясий лидерлердин тымызын даярдыктары эбак башталган. Дал ошол тымызын даярдыктагылар эми ачык жандалбастап, аймактарды кыдырып, элдин көңүлүн имерүүгө өтүштү, ал тургай Бишкекте партиясынын атын жаздырып, акча төлөп, көчө жарнактарын эмитен иле баштаган партиялар пайда болду. Так айтканда, түрдүү-түмөн убадалар жаап баштай турган мезгилге жакындап баратабыз.

Шайлоо камын эртелей көргөндөргө эч кандай сын айтайын деген ниет деле жок, бирок азыр парламентте отурган беш фракция шайлоо алдындагы убадаларын канчалык деңгээлде аткарышты? Эмне үчүн кыргыз саясатында оозго батышынча убада берип, бирок аны аткарбай, камаарабай эл алдында басып жүрүү, кайра эле шайлоого катышуу кадыресе көрүнүшкө айланды. Эмне үчүн ар беш жыл сайын жаңы, актуалдуу убадалар пайда болуп, бирок алар аткарылбай туруп саясатчылар кайрадан шайлоого аттанышат? Алардын убадаларын тескеп, сурап алчу, эгерде аткарбаса калпын ашкерелеп турчу журналистика, жарандык коом же алдамчыларга кийинки шайлоодо добушун бербей кое турган коом бизде качан түптөлөт? Мага ишенип коюңуз, туура бир жылдан кийинки шайлоодо бүгүн актуалдуу болуп турган Кумтөр алтын кени элдики болуш керек, электр энергиясын арзандатабыз, Оштогу газ маселесин мындай жол аркылуу чечебиз, Бажы биримдигине кошулбайбыз, коррупция менен күрөшүүнүн жалгыз жолун биз билебиз деген ураандар кайрадан ири убадага айланат. Парламенттеги беш фракциянын 120 депутаты азыр эл төлөгөн салыктан машине минип, батирде жашап, айлык алып жатышат. Арасында бир да мыйзам жазбай, жок дегенде дурусураак демилге көтөрбөй жүрүп мөөнөтү бүткөнү калгандары да бар. Мындан ары партиялардын шайлоо алдындагы убадаларын дагы бир сыйра эстеп, талдап, элге айткан сөздөрүн аткарып же аткарбаганын жазып туралы деп чечтик. Унутуп баратса эстерине салып, аларга пайдабызды тийгизели. Бүгүн “Республика” партиясынан баштайлы, кийинки сөз СДПК, "Ата Мекен", "Ата-Журт", "Ар-намыс" болуп уланат.

Чачыраган “Республика”

“Республикадан” сөз баштаганымын себеби, бүгүн эле партиянын катарынан 12 депутат чыгарылды. Буга чейин 4 жолу фракция башчысы алмашты, эми бул да ызы-чуу менен фракция лидерин жаңылашты. Бул фракциянын саясатына макул болбой бөлүнгөндөр дагы үч депутаттык топ түзүп, айрымдары өз алдынча партия түзүп кетишти. Өз фракциясынын депутаттарын биримдикте кармай албаган партия лидери кантип өлкөнү башкарып, ишти илгерилете алат? Шайлоо алдында болсо ”Жаңы адамдар-жаңы кадамдар” деген ураан менен чыкты эле, кана ошол жаңы адамдардын жаңы кадамдары? Жок дегенде бир-эки эле мисал келтирип берсеңер ыраазы болмокпуз, мобу жаңы адамды парламентке алып келдик эле момундай жаңы кадам жасады деген. Партиянын расмий сайтынан цитатаны келтирели: “Эмне үчүн РЕСПУБЛИКА? Анткени, өлкөгө көптөгөн жаңылыктарды киргизе алчу - ЖАҢЫ ПАРТИЯ. Алар Кыргызстанды өнүккөн күчтүү, стабилдүү жана гүлдөгөн мамлекетке айланта турган жаңы адамдар жана жаңы кадамдар”.

Тоодой убадалардан дайын жок

Бул партиянын экономикалык программасынын өзөгүн электр энергиясын өздүк баада беребиз деген убадасы түзгөн. “Сууга бай Кыргызстанда электр арзан болуш керек, биз муну ишке ашырабыз”, - деп партия лидери сүйлөгөндө карапайым эл ыраазы боло батасын берип, колдоого алышкан. Шайлоо алдындагы убадасын өзгөртпөй берели: “Кыргызстандын бардык жарандары — электр энергиясына өздүк баада төлөй тургандыгына кепилдик беребиз. Адилеттүү тарифтер — 2011-жылдын 1-июнунан тартып коюлат. Долбоор мөөнөтсүз!”. Буга не дейбиз? Электр энергиясы арзандамак түгүл кымбаттап жатат, бул кырдаалдан чыгуунун жолун ЭМНЕ ҮЧҮН Республика сунуштабайт? Эгер реалдуу сунушу жок болсо, анда эмне үчүң калың элдин алдында кепилдик берди?

Арзан насыя кайда, “Республика”?

“Биз — Кыргызстандын бардык жарандары үчүн ипотеканын жаңы шарттарына кепилдик беребиз! Үй-жай менен камсыздоо үчүн кредит — 10 жылга 9 пайыз менен берилет! Биз — Кыргызстандын фермерлерине 7 пайыздык кредит берүүгө кепилдик беребиз! Жетиктүү кредиттер — 2011-жылдын 1-августунан тартып башталат! Долбоор мөөнөтсүз!”

Бул дагы аталган партиянын кезектеги убадаларынын бири. Эгерде чын эле 9 пайыз менен жарандарга ипотекага үй берсеңер, келерки шайлоодо эл силерди артыңардан кууп жүрүп парламентке өздөрү жетелеп келмек. Жаштардын көпчүлүк бөлүгү үйлүү болуп, мекенинде жашашмак. Азыр ипотеканын пайыздык көлөмү 16 пайыздан өйдө турат. 9 пайыздык ипотекага партияга ишенген жаштар үчүн жомок бойдон калды. Ал эми манжа менен санай турган гана фермер 7 пайыздык кредитке илешип, анын жол-жобосу татаал болгону үчүн фермерлердин 99 пайызы бул кредитти алышкан жок. 2011-жылы берилет деген кепилдик жокко чыгып, мына 2015-жылга “Республиканын” кредитисиз эле баратабыз.

“Республика” шайланса түштүктө газ болот

Азыртан эскертип койбосок дал ошол 4 жыл мурунку убаданы партиялар учурда актуалдуу болуп турган Оштун элине кайрадан айтып чыгышы мүмкүн. Эгер эле бул убаданы азыр айтып чыккан киши болсо оштуктардын добушун толук бойдон алды дей бериңиз, тилекке каршы бул сөз бойдон калды.

“Биз — өлкөнүн Түштүгүн өзүнүн газы менен камсыз кылабыз. Анүчүн газды чалгындоого, казып чыгарууга, газ куурларын курууга кепилдик беребиз! Кыргыз газынын баасы импорттолуп келүүчү газдан 2,4 эсеге арзан болот! Долбоорду ишке киргизүү: 2011-жылдын 1-январынан башталат!”

Эми газсыз сыртта от жагып тиричилик кылып жаткан оштуктарды карап, анан “Республиканын” бул убадасын окуп, жөнөкөй гана тыянакка келесиң. Тоодой болгон убаданын бири да аткарылган жок.

Жоголсун коррупция!

“Республика” фракциясынын депутаттарынын коррупцияга каршы күрөшүү аракеттерин ким байкады? Эгерде билсеңер бизге жазсаңар, адилеттүүлүк үчүн аны да кошуп өтөлү.

Шайлоо алдындагы убадасы бул: “Коррупцияга жана формачан кылмышкерге, көңүлкош аткаминерлерге каршы күрөшөбүз! Биз — мыйзамдын үстөмдүгүн жактайбыз. Биз — соттордун реалдуу көз карандысыздыгын колдойбуз! Галстукчан жана креслодо отурган бандиттер катардагы кылмышкерлерден алдаганча коркунучтуу”. Коррупцияга каршы күрөштүн шарданы менен бир нече депутат камакка алында, коррупцияга шектелип кылмыш иши козголгон “Республика” фракциясынын эки депутаты, Исхак Пирматов менен Элмурат Обдуновду фракциялаштары катуу коргоп, депутаттык мандатынан ажыратпай сактап калышты. Галстукчан, креслодо отурган уурулардан корксо эмне үчүн өз адамдарын коргоп киришти? Мындай окуядан кийин коррупция менен күрөшүү тууралуу сөз болушу мүмкүнбү? Албетте жок!

Мен аталган партиянын убагында элди сүйүнтүп, кедей-кембагалды көзүнө жаш алдырган эң башкы убадалары тууралуу гана сөз козгодум. Мындан майдараак убадаларын окусаң, чын эле ошондой өлкөдө жашоону кыялданып, бактыбызга “Республика” партиясы жаралып калганына ыраазы болуп кетчүдөйсүң, бирок тилекке каршы анын баары карандай калп болуп жатпайбы, аттиң!

Мен кыргыз саясатында жоопкерчилик түптөлсө дейм, уят, морал, ишеним пайда болсо дейм. Аткаминерге болгон жек көрүү токтоп, булар биздин лидерлер, өлкө үчүн күн-түн дебей иштеген мекенчилдер деп алар менен сыймыктансак дейм. Айтылган убадалар аткарылса, партиялар таза жол менен элди алдабай бийликке келсе дейм. Эл алдындагы убадаларын айтылган мөөнөттө аткара албаган саясатчылар калктан кечирим сурап, саясаттан уяттуу болуп кетсе дейм. Минтип отурсак дагы 5-10 жылда баарынан көңүлү калган эл шайлоого такыр катышпай койсо кантебиз? Убаданы ойлонбой жаадырып, бирок ишенимден чыгып бүттүк окшойт.

  • 16x9 Image

    Жанар Акаев

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти. "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. 2009-жылы Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG