Дүйшөмбү, Апрель 21, 2014 Бишкек убакыты: 00:39

Блог-Миңсанат

Президенттин бөлмөсүн тазалаган Чолпон эже

x
Текст көлөмү - +
Төрт президент алмашты, бирок алардын иш бөлмөсүн тазалагыч кызматкери алмашкан жок.  “Ар ким өз ишин так аткарса айдалбайт” деген Чолпон эженин Ак үйдө иштеп жатканына 16 жылдын жүзү болуптур. Анын 11 жылын президенттердин иш бөлмөсүн тазалап жыйноо кызматына арнаптыр. Кызыгы: бул  жылдар аралыгында бир да жолу эмгек өргүүсүнө чыкпай, ал тургай  “оорудум” деген сөз оозунан чыккан эмес экен. “Президенттин “уборщицасы” болууну баарына эле буйруй бербейт” деген каарманды капысынан жолуктуруп, маектешүүгө жетиштим. Этикалык себептен эженин сүрөтүн жарыялай албайбыз.

Бакиевге кыргыз гана “уборщица” керек экен

Президенттик бөлмөгө тазалап жыйноочу кызматка адатта жалаң орус улутундагылар алынчу. Алгач кадимкидей уялып, ал жакта иштеп жатканымды эч кимге ооз ачкан эмесмин. Жыйындар залын тазалоо иши жалгыз мага жүктөлдү. Полго төшөлгөн килемдерди жаркырата жууп, баш көтөрбөй иштей бердим. Кесиптештерим  “анчалык тазалаба” дешип,  ортого да алышты. Көрсө баары таптаза жууган талаптан качып “көп жышыба” деп тыйып турушчу экен. Анда Акаев президент, Курманбек Бакиев өкмөт башчы.

Бир күнү жыйында “Бакиевге кыргыздардан уборщица керек” деп менин талапкерлигимди сунушташты. Мен болсо 7-кабатка чыкпайм деп көшөрүп туруп алдым. Акыры “Жумуштан биротоло кет, же өкмөт башчынын иш бөлмөсүн жуу” деген талап коюлду. Кайда бармак элем деген ой менен жетинчи кабатка ыйлап көтөрүлдүм. Таза жууп, жогорку жактагылардын купулуна толсом керек, он чакты жыйноочу аялга бригадир шайлап коюшту.

Жыйноочу - чоң жоопкерчилик

Аксы окуясынан соң Курманбек Бакиев кызматынан кетти, мен болсо ажого которулдум. Биринчи жолу президенттин бөлмөсүнө киргенде каеринен жууп баштаарымды билбей дендароо болуп, укмуштуудай сүрдөгөм. Азыр кадимкидей эле “кожойкемин”, өз үйүмдө жүргөндөй сезем. Кантип жууп, каердин чаңын сүртүү керек, баарын билем. “Халтураны” жактырбайм, чын көңүлүмдөн эмгектенем. Президент тарабынан эскертүү алган эмесмин, бирок президентке жеткирбей эле таза эмес жуулуп калса, башкалар эскертип коюшат. Мындай абалга кабылбоого аракет кылам. 

Бөлмөнүн кожойкеси болгон үчүн тазалыкка мен жооп берем, президент келип отурат, туруп кетет. Эгер президенттин иш бөлмөсүн бир аз чаң басып калса, ал менин күнөөм. Ошондуктан башкалар келбейт, “улуу” жоопкерчиликтен коркушат.  Бат-баттан медициналык текшерүүдөн өткөрүп турушат. Кудайга шүгүр, ден соолугум жакшы. 16 жылдан бери бир дагы “больничный” алган эмесмин. Жамандык-жакшылыгым эс алуу күндөрүнө туш келип калат. Күйөөм каза болгондо үч күнгө гана уруксат алгам. Кайненем каза болгондо баралбай калдым.

Бакиев менен Акаев мас болгонун көрдүң беле деп сурашат

Мындан бир канча жыл мурда өзүм турган Шлагбаум жактан Ак үйгө чейин жөө эле барчумун. Эми минтип бир аз карылыкка жанашып, антпей калдым. Үрүл-бүрүлдө маршрутка күтүп, таңкы беш жарымда Ак үйгө барып калам. Өлкө башчы жумушка келгиче бөлмөсүн жаркыратам. Президент келе жатканда баарыбыз сууга сиңген кумдай жоголобуз. Айрым тааныштарым “Президенттин жубайлары келип турабы, кайсыл саясатчылар таң атпай кабылдамада президентти күтүшөт?” деп көп сурашат. Кайдан, өзүм  көрмөк тургай, алар келгиче эле бизди кетирип жиберет да. Кээде айрым билип-билбей сүйлөгөн кишилерге таң калам. Мисалы “кокуй, Акаев же Бакиев мас болуп бөлмөсүндө калыптыр” деп ооз көптүрүшөт. Эгер андай болсо бөтөлкөлөрдү мен тазаламакмын да?!

Иш бөлмөсүн тазалаганга кайсы президент кызыгаар экен?

Президент жөнөкөй адамдардын акыбалын сурап турса. Алыс барбай эле “бөлмөмдү жыйнаган ким болду экен?”- деп кызыкса. Бирок ар бир президент мен сыяктуу карапайымга кызыкса, маанилүү мамлекеттик иштер эмне болот?! Жөнөкөй адамдардын пикирин жеткирүү үчүн айланасында канчалаган адамдар жүрөт?  Эгер өзгөргүбүз келсе президенттен баштап, тазалагычына чейин алмаштыруу керек. Анткени бир эле киши алмашып, айланасындагылар ошол бойдон калып жатпайбы. Карапайым элдин каалоосу ажобузга жетпей калса керек. Негизи адамды айланасындагылар бузат.  Кээде ушинтип ойлонуп кетем.

Ак үйдөн бизге окшогондор байлык топтой албайт

Тааныштарыма айтуудан уялып семичке сатам деп койчумун. Революциядан кийин билишти. “Президенттин кабинетинде жүрөсүң, анын байлыгы сага да жугуп жатса керек” деп кызыгышат. Кайдагы байлык?! Кадимки өкмөттүн жарыбаган айлыгы. Бирок маңдайым менен тапкан акчам аябай эле көп сезилет жана топуктуу. Акаев доорунда 460 сом акча алып деле жашаганбыз. А азыр кудайга шүгүр, бир канча эсеге көбөйгөн. Жалпылап айтканда Ак үйдөн руханий, материалдык да байлык топтогонум жок. Бирок ден соолугумду чың бойдон сактап келе жатам.

Президенттин бөлмөсүн жууш мага таңкы көнүгүү, жоопкерчиликтүү жумуш. Ишти баштаарым менен маңдайымдан тер куюлуп кетет. Элге окшоп өкмөттөн жер, квартира сураганым жок, сурабайм дагы. Күйөөмдөн калган жатаканада жашайм. Жолдошум көзү жакшы көрбөй майыптардын катарына кошулган. Ошол себептен мүмкүнчүлүгү чектелген адам катары жашаганга жай берген. Ал каза болуп калган соң эки уулумду өзүм бактым. Азыр чоңоюшуп, бири Орусияда, кичүүсү АКШда иштейт. 

Эгер президентке жолуксам...

Эгер президент чакырып калса, эмне деп айтмакмын? Жөн гана баарлашам, айта турган армандарым деле жок. Жөн гана жолукканыма курсант болуп, көңүлүм көтөрүлүп калса керек. Бир да президентти жанынан көргөн эмесмин, абдан толкунданам. Кээде президенттин кандай адам экенин элестетип алам. Менимче, Алмазбек Атамбаев Кудайдан корккон, элди ойлогон кишидей көрүнөт. Кээде жетинчи кабаттан шаарды карап  “ар ким өз жумушун мыкты билсе өлкө өнүкмөк” деген ойлор менен толгоно берем...

Эжеден президенттердин жеген тамагы, колдонгон идиш-аяктарына чейин кызыгып сурадым. Бирок өзү көрбөгөн соң башкалардан укканын айтып отурду. Чынында эле кызыктуудай туюлду. Мисалы: Курманбек Бакиевдин казы-картаны, Роза Отунбаеванын жүзүмдү, азыркы ажобуздун сууга бышкан күрүчтү жактырып жей турганын жетинчи кабаттагы бирөөлөрдөн угуптур. Көрсө президенттер деле бизге окшош жандар тура. Артыкчылыгы - эс алуучу, укалоочу бөлмөсү, өзүнчө ашканасы, аны тейлеген кызматкерлери бар. Эң башкысы - “өлкө башчы” деген даражасы...

Самара Сагынбаева, Бишкек.
Макала боюнча пикир билдириңиз. Пикир редакцияланбайт, эрежеге шайкеш келбесе, сайтка чыгарылбайт. Бирөөнү жектеген, кемсинткен, жеке адамдар, топтор, улуттар ортосунда кастык жараткан пикирлер жарыяланбасын эскертебиз.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: эрбол
23.05.2013 15:38
Бул эженин суроту же фамилиясы болсо жакшы болмок. Ойдон чыгаргандай болуп калыптыр. Мен ишенген жокмун
Пикирге жооп

кимден: Самара Сагынбаева каяктан: Бишкек
24.05.2013 15:13
Эрбол саламатсызбы! Туура, фамилиясын жазбай калыптырмын. Бекбоева Чолпон эже, сүрөтү, сүйлөп берген үндөрү менде бар. Бирок ал сүрөтүн бул жакка жайгаштырууму каршы болду. Азыр эженин кошунасы болуп жашап жатам, күн сайын кызыктарды айтып берет. Кааласаңыз таанышып көрүңүз, балким ошондо ишенесиз! Рахмат!
Пикирге жооп

кимден: Эрбол
27.05.2013 11:03
Жоо кеткенден кийин кылычты ташка чап дечү беле. Убагында жазыш керек болчу, ары жакка жылып окурмандардын конулу башкага бурулуп калгандан кийин эмне кереги бар?

кимден: булбул каяктан: бишкек
04.05.2013 21:58
Менимче, Алмазбек Атамбаев Кудайдан корккон, элди ойлогон кишидей көрүнөт\\\\\\\\\\\\\\\\\\\\\\\\\\\\\\\\\\\\\\\\\\\\\\\\\\\\\\\ туура айтасыз еже бакиевдин маалында бакиев да ошондой адам беле айтсаныз боло акаев а ошондой адамдай корунгон

кимден: jakshylyk каяктан: osh
04.05.2013 20:27
Azamat eke eken ishinizge iigilik

кимден: Жанарбек каяктан: Ош
03.05.2013 17:38
Маек берген эженин жүрөгү таза, жакшы адам экендиги маекти окуганда билинип турду. Өзүңүз белгилигендей, ар кимдин бактысына мындай кызмат келе бербейт. Өмүрүңүз узун болуп, балдарыңыздын убайын көрүңүз.
Пикирге жооп

кимден: Света каяктан: Буйга.Каракулжа
04.05.2013 10:50
Эженин коп деле байлык топтободум дегени бир аз окшошпогонсуп турат,жатаканада жашап,омур бою уборщица болуп иштегендердин балдары бири Россияда,бири АКШда окубаса керек,демек кандайдыр бир Акуйдун пайдасы тийген.Анча мынчаны жашырганы билинип турат.Бирок туура кылат,анткени ал пол жуугуч болсо да,АКУЙДУН адамы да!
Пикирге жооп

кимден: baxa каяктан: moscow
07.05.2013 01:15
Туура айтасын!!! Кантсе да Ак уйдун адамы !!! Жон мисал : Азыркы заманда тааныш билиштин заманы аны тушунобуз!!! Бул макаланы кандай мааниде жазылды Мен тушунбодум !!! Ак уйдун же башка мамлекеттик кызматтардын кызматкерлери жашыруун болчу эле!!Билбейм Эми бу нерсени Эже жашырып койсо деле болмок экен!!! Мурунку сырдуу жузунон качпай!!! Анткени Ак уй биздин мамлекеттин башкы кызмат жери!! Мисалы: Кремльге Ким кирип чыканынын билбейбиз.Же болбосо Кремльге жакын жерде иштейбиз!!! Ушул нерселерди деле ачыктасак болбойт. "Озуно сак бол,Коншуну ууру тутпа" дейт Кыргызда! Мисалы откондо эле Кыргыздын окмоттук сайттарына чабуул жасалды!!! Ошондуктан козомол керек кызматткерлерге!!! Бардык нерсени ачыктоо !!!Мыйзамдарга туура келбейт.!!!
Бул макала ачык жарыя болгондуктан!!! Ар Ким Оз ойун билдируудо ! Бул жерде калыс болуп! Каяша жооп жазууга шашылбастан! Жасалган ишти мурунтан ойлонуу керектиги зарыл!!!
Пикирге жооп

кимден: Самара Сагынбаева каяктан: Бишкек
06.05.2013 17:15
Света, саламатсызбы! Эженин эки уулу тең көпчүлүк сыяктуу эмгек мигранттары. Азыр Акүйдү таптакыр көрбөгөндөр деле өлкөдөн тышка чыгып жатпайбы. Ошол сыяктуу эле нерсе. Эже, эмгекти сүйгөн, ошол эле учурда балдарын окууга да үндөгөн көз карашы кең аял экен. Менимче Акүйдүн таасир жок. Эгер, таасири болсо, 16 жылдан бери бир жолу эмгек өргүүсүнө чыгып же эс алууга жолдомо алмак да....
Пикирге жооп

кимден: Кенешбек каяктан: Бишкек
04.05.2013 22:05
Салам Кыргызстаным! Света мындай жаман ойдо болуу тууру эмес, анткени менин классташым, дагы Нарындык, Баткендик, Жалал-Абаддык тааныш балдарды билем. Алар каржы булагы тартыш уй-булонун балдары, бирок эмгекчил, кучтуу болгондуктан оз кучтору менен эле конкурстарга катышып же иш издеп кетип журуп эле, окууга да отуп баарына жетишип жаткандар бар, ичти тар кылбай, келечекти кен карайлы туугандар!
Пикирге жооп

кимден: Света каяктан: Буйга.Каракулжа
04.05.2013 17:01
Ким болсонуз да туура айтасыз.Эмнеге уборщицалардын балдары окубашы,иштебеши керек АКШда,билимдуу,жондомдуулор кобунчо карапайым элден чыгат.Бирок мен азыркы заман жалан акчалуулардын гана заманы деп ойлойм.Ал тургай озубуздун окуу жай эмес,жонокой мектепке,балабакчага баланы жайгаштырыш ото кыйын.Оз башыбыздан откон.Мен эчкачан кыргыз бийлигине,биздеги адилеттуулукко ишенбейм.
Пикирге жооп

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
04.05.2013 16:28
Света емне учун уборщицанын баласы АКШ. Россияда окубаш керек
Пикирге жооп

кимден: кевин каяктан: ош
03.05.2013 19:59
туура кошулам. жакшы маек болуптур .
Пикирге жооп

кимден: Мураталы каяктан: Ала-Бука р-ну
07.05.2013 18:40
Менин апам мектепте пол жууган, атам агроном дыйкан. Мени окууга 1500 сом менен алып барып. Мына тамагына жол кирене, отсон окуйсун отпосон экообуз кетмен чабып талаада иштейбиз деген. Азы окуу эмес экин университетти аяктадым. Биринчиси бюджеттик негизде. Азыр министрликте иштейм. Аллах колджойм десе жон адамдарды себеп кылып колдой берет. Ак-уй кок уй дебей эле.

кимден: Ош каяктан: Санкт-Петербург
03.05.2013 17:19
Арак ичпей бекен? мисалы Аскар винону жакшы көрчү экен.

кимден: Калыс каяктан: Аксы
03.05.2013 16:50
"Эгер өзгөргүбүз келсе президенттен баштап, тазалагычына чейин алмаштыруу керек. Анткени бир эле киши алмашып, айланасындагылар ошол бойдон калып жатпайбы. Карапайым элдин каалоосу ажобузга жетпей калса керек. Негизи адамды айланасындагылар бузат. Кээде ушинтип ойлонуп кетем"-Эженин ушул сөздөрүнө толугу менен кошулам. Ооба президенттин айланасын да баягы эле адамдар. Президенттик администрация башчысы Данияр Нарынбаев окшогондор ким презиент болбосун жанына тез эле жетип бакыйган кызматта отуруп калат.
Пикирге жооп

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
03.05.2013 19:08
Баягы эле эски лицолор тажатты!

кимден: kenje каяктан: bishkek
03.05.2013 16:41
Prezidenttin bolmosun tazalagan eje tan atpay turup marwrutka tosup kelet eken, bul degen en tankaly4tuu korunuw da, eger marwrutka ke4igip kalsa eje ozu da jumuwunan ke4iguugo tuura kelet. Jok degende jumuw4ulardy erten menen uyunon alyp kelgenge bir servis boluwu kerek da. Ansyz da bawka 4inovnikterdi 4-5 ten mawina kowtop jurot go.

кимден: Нуртилек каяктан: Бишкек
03.05.2013 15:04
Жакшы маек экен кызыкту азаттык рахмат ушундай адамдарды бергенинерге. Чолпон эжеге мамлекет конул болушу керек деген ойдомун Атамбаев чакырат бекен кызык

кимден: Жайна каяктан: Ош
03.05.2013 10:07
Жакшы маек болуптур, аябай жакты. Чындап эле ошондой тазалаган адамдарыэстен чыгып кетет да калгандары баалуу боло берет урматтуу автор суротун да тарта келсениз болмок.
Пикирге жооп

кимден: Тынчтыкбек каяктан: Тюмень
04.05.2013 00:55
Эгер сүрөтүн чыгарып койсо анда артынан аңдыгандар көбөюп кетет го.

кимден: insan каяктан: Россия
03.05.2013 00:35
Эженин бир айтканы мага жаккан жок. Президент мага окшогон карапайым адамга кызыкса, анда маанилуу мамлекеттик иштер эмне болот дегени. Менимче мамлекеттеги эн маанилуу иш элибиз, элибиздин жашоосу, келечеги деп ойлойм. Ошол учун президент өзүбү же жардамчылары аркылуубу карапайым элдин жашоосун билип туруш керек, болбосо алардын жашоосу өзүнчө, элдин жашоосу өзүнчө болуп жарыбаганыбыз ошондон. 16 жылдан бери Ак үйдө иштеген эжеге кезекке тургузуп деле үй алып беришсе болмок экен. Анын үстүнө жубайы майып болсо." Бири кем дүйнө" деген ушул да. АБСУРД...
Пикирге жооп

кимден: Гулшан каяктан: Уйдон
03.05.2013 11:00
Men da sizge koshulat elem ejege ui berip koiso jakshy bolot. Olkonu uurdap jebegeni uchun dele. Ak uido taptaza ishtegender bar tura dep suiunup atam okup alyp. Rahmat Samaraga!
Пикирге жооп

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
03.05.2013 15:12
Pol juuguch ajal kantip olkonu uurdap jeit. Ailasyzdan kulosung, ushundai naivnyi adamdardyn kommenterin okup.
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга