Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:38

Кыргызчылык - мителик менен уйкаш


Чакан насыя берчү компанияларга карызы барлардын нааразылык акциясы. Бишкек, 20-сентябрь, 2012.
Чакан насыя берчү компанияларга карызы барлардын нааразылык акциясы. Бишкек, 20-сентябрь, 2012.
Кыргыздардын жана Кыргызстандын кемчиликтерин көп жаза берип, далай сын угуп, каккы жеп келем. Бирок өзүбүздүн терс жактарыбызды жаап-жашыргым келбейт, “эл эмне дейт?” деп коркуп отуруп, биз - кыргыздар жылдан жылга алдыга эмес, артка кетип бараткандай сезилет.

Акыркы убакта “кыргызчылык” деген сөз эмнегедир жалаң терс гана мааниде кулакка угулгансыйт. “Кыргыз” дегенде жалаң гана жылуу сезимге бөлөнгүм келет, бирок аттиң, улутубуздун атын чагылдырган бул сөз улам жагымсыз мааниге ээ болуп баратат.

“Кыргызчылык” – бул сөзүнө турбаган, жери менен уруусуна карап бөлүнгөн, чоңдору мамлекеттин байлыгына колу-бутун малган, көрө албас, жалкоо, беленге тап жана бир катар алгылыксыз салттары ушул учкул заманда да кулк-мүнөзүнүн ажырагыс бөлүгү болуп калган көрүнүш. Эмне үчүн өз мээнети менен ийгиликке жеткенде же башкалардын убактысын баалаганда “кыргызчылык” деген сөз айтылбайт? Андай кыйын кыргыздарды “еврей” же “немис” деп мыскылдайбыз. Эмне иш болбосун, дайыма кечигип башталса, кадыресе көрүнүш катары “эми кыргызбыз да” деген шылтоо менен өзүбүздү жубатып, көз жумуп коёбуз. Өлүк чыккан үйдө эт-май чайнап отуруп, дасторконду жабыла күбүп кеткенде уялбастан, кыргыз салты ушул деп кутулабыз. Чынында ушундай майда көрүнгөн нерселердин баары биригип келип, биздин улуттун жалпы өңүн, портретин түзүп жатпайбы! Ошол өңүбүздү башкалар карап, ичинен мыскылдап жатышканын сезебизби?

“Кыргызчылык”. Мен үчүн “кыргызчылык” – бул биздин оорукчан, ыраңы суук, оту жок, өлүк көздүү, колун жайып кайыр сураган кебетебиз. Бул биздин митеге айланып бараткан коомубуз. Эгемендик доордобу же же ага чейинби, билбейм, иши кылса, кыргыз эли накта мителерге айланып калдык.

Мителик эң алгач үй-бүлөдөн жаралат. Бир туугандардын бирөөсү ийгиликке жеттиби, башкалары дароо кудум эле бүргөчөсүнөн анын жонуна жабышып, туш-туштан канын соро башташат. Эгер байкеси ишкер чыкса, ини-карындаштары өздөрүнүн жеке жашоосунун жана иш көйгөйлөрүн ошол бечаранын мойнуна жүктөй салышат: аялымдын төрөтүнө төлөп кой, баламды мектепке орноштур, мага майлуу жумуш тап, диплом сатып бер, машина алып бер, үй салып бер, менин нике тоюмду көтөр, жада калса өлүгүмдү каржыла...

Мейли, тың байкеси колдоосун көрсөтүп, бир туугандарынын дагы бутуна турганына өбөлгө болсун – ошону түшүнө билип, баалап, андан ары аракет жасап, өз ишин жөндөп кетсе кана? Бечара байкеси күч-кубатка толуп турган ини-карындаштарын, алардын аял-күйөөлөрүн жана балдарын багып жүрүп, жалкоо жана мите туугандарынын айынан аялы менен ажырашууга жетип турганы менен эч кимисинин иши жок. Керек болсо жеңесин жек көрүшөт, алардын оюнда, ошол шүмшүк жеңеси байкесинин тапканын жылдырбай басып отурат, туугандарына бербей, алардын мамилесин бузуп жатат. Байкеси болсо бир туугандарын багууга, жамандык-жакшылыгын көтөрүүгө милдеттүү.

Ар бирибиздин ушундай тууганыбыз бар, чынбы? Ал сөз жок эле бир тууган эмес, балким аталаш туугандардын же жээндердин арасынан чыгар. Андайлар өздөрү жасай албаган же жасагысы да келбегени үчүн ийгиликтүү туугандарын күнөө сезимине батырып, ошол күнөөсүн ай сайын акчалай же башка колдоолор менен жууганга аргасыз кылышат. Жалкоо тууганыңа жардам бербей көр - жакындарыңдын каргышына каласың, кала берсе ата-энең да кечип кетиши ажеп эмес.

Мителик үй-бүлөдөн тышкары да кадам сайын кездешет. Чоңойгон мите адамдар турмуштан же ишинен жолу болбой калгандыгы үчүн “чыгым ордун” өкмөттөн, бейөкмөт уюмдардан, саясатчылардан, бизнесмендерден талап кылышат. Бейөкмөт уюмдар жалкоолорду жана беленге таптарды ар кандай тышкы гранттар, акысыз тренинг жана семинарлар менен “курсагын” тойгузуп, анан көпчүлүк дайыма ушундай “бекер аш” болуп турарына биротоло ишенип алат. Колун жайып, байкуш болуп көрүнүп койсо эле жетиштүү да.

Сен байсың жана ийгиликтүүсүң, а мен – бечарамын, демек сен мага жардам берүүгө милдеттүүсүң. Батыш өлкөлөрү байгер жана өнүккөн, а Кыргызстан кедей, ошондуктан алар бизге жардам берүүгө милдеттүү. Керек болсо бардыгы мага жана менин мекениме берген кредиттери менен карыздарды кечиши керек. Өлкө президенти болсо күнүгө менин үйүмө келип, ал-акыбалымды сурап, тамак-ашка, жол киреге, дары-дармекке деп колума акча карматып турушу керек. Эмне үчүн мен добушумду 500 сомго сатып, аны шайладым эле? Же болбосо, чет өлкөлүк инвесторлордун баарын кубалап чыгып, алтыныбызды өзүбүз казышыбыз керек. Ошондо жыргал заман башталат. Азыр баары бизди талап-тоноп отурат, алтынды килдеп эшигимдин түбүнө ыргытпайт, президент босогомо басып келбейт. Ал эми байыгандын баары уурулар, алдамчылар. А мен болсо апакай кишимин, ошондуктан улгайган ата-энемдин жана бир туугандарымдын мойнунда отурсам боло берет.

Мителердин дагы бир түрү – бул мигранттардын балдары. Алардын ата-энелери Орусияда баш көтөрбөй, ысык-суукта калып иштешет. Бир эмес, эки-үч жерде чала уйку болуп жүрүшөт, пол жуушат, аларды кемсинткен кардарларды тейлешет, улутчулдардан жана полициядан качышат. Тар батирлерде 10-15тен жашашат. Жегени кытай кукси. Кыргызстандагы балдарын окутуп-кийинтип, татыктуу адам кылабыз деп ар жерде кор болуп жүрүшөт. Алардын балдары каалаган учурда ата-энесине телефон чалып, таарынган же талап кылган үн менен акча сураса, сураганы алеки саатта чөнтөгүндө болуп каларын билип чоңоюшат. Ата-энесине сессияга же китепке акча керек деп, өздөрүнө жаңы кийим, акыркы моделдеги телефон сатып алып, же кафеге барып, көңүл ачышат.

Алардын келечекке так максаттары же ошол максатка жетүүнүн пландары жок. Университетти аяктаган соң, ата-энесинин акчасын бирөөгө пара кылып берет да, жумушка орношот, же болбосо ата-энесинин артынан Орусияга кетишет. Тагдырдын тамашасын караңыз – балам мендей болуп, пол жууп калбаса экен деп, иштеп тапканын салып жүргөн ата-энелердин балдары айланып келип эле Москванын подвалдарынын биринде дагы бир мекеменин полун жууп калышат.

Улут катары кайда баратабыз? – менде жооп жок. Деги алдыга баратабызбы? Алдыга бир кадам, анан дароо эле артка эки кадам шилтенгендей сезилет. Өзүбүздүн тыңдарыбыздын жонунан түшпөй отуруп, аларды чөктүрөбүз. Жыртык шырдактын үстүндө отуруп алып, өлкөнү кантип башкарыш керек деп, саясый ушак тараткандан башкага алыбыз жетеби? Өлкөнү башкарууну эмне кылабыз, өзүбүздүн жеке жашообузду, убактыбызды башкарып албайлыбы. Тайм-менеджмент менен “кыргызчылык” качандыр бир күнү синоним болобу деги?

Эми саясий маселени талкууламыш эткен, бетинен май тамган депутаттарды айтпай эле коёюн. Менимче, ар бир калктын өзүнө жараша эле башкаруучусу болот деген чын. Буга байланыштуу кыргыздын таамай ылакабын жазбай эле коёюнчу. 10-12 бала төрөгөн баатыр-энелер микрокредиттик компаниялардан чакан насыя алышып, ал акчаны чакан бизнеске эмес, аш менен тойлорго же тамак-ашка коротот да, анан өзүбүздү өрттөйбүз, карызыбызды кечкиле деп док урунушат. Албетте, бала ырыскысы менен туулат деп көп балалуу болуп, жарды турмушка туш болгондугу үчүн баатыр энелерибизди айыптагандан алысмын. Албетте, адилетсиздик жана жакырчылык болсо кандай гана кадамга барбайсың?

Балаңа бир ууртам йогурт алып бере албай отурсаң, башкалардын балдары каникулга атасы көрбөгөн өлкөлөргө учуп жатышат, акчанын жоктугунан жакын адамың колуңда көз жумуп жатса, кошунаң казинодо эсепсиз акчасын эч бир кабыргасы кайышпастан уттуруп отурат, уулуңдун окуусун төлөй албай, кыш чилдесинде курулушта иштеп жүрсө, анын теңтушу – бир депутаттын же чиновниктин уулу – ошол курулуштун ээси болуп отурат. Мындайды көрүп, айласыз кол жаясың. Айласыз учурларда бир да жүйөөң өтпөйт.

Болгону гана ар бирибиз өзүбүздүн жеке турмуш жана тагдыр үчүн биринчи кезекте өзүбүз жоопкер экенибизди сезе алсак. Өзүбүздүн жоруктарыбыз үчүн, жашообуз үчүн, жүрбөй калган иштерибиз үчүн жоопкер болсок. Өзүбүздүн жаманчылыгыбызды башка иши жүргөндөргө артпасак, башкалардын ийгилигин ичибизге батырсак. Бейөкмөт уюмдарга кайыр сурагансып кол сунбасак. Ар бир чет өлкөлүк инвестордун жолун тороп, мени жакырчылыктан чыгар деп талап кылбасак, же барып кампасын өрттөбөсөк. Банктардын алдына келип алып, өз колубуз менен алган акчаны кеч, болбосо өзүбүздү өрттөйбүз деп коркутпасак. Өкмөт үйүнүн алдына чогулуп келип, бир күндө чечилбей турган көйгөйлөрдү азыр чеч деп, бийликти кокодон албасак. Күнөөнү башкадан таап, өзүбүздү актай бербесек...

Биздин бул жоруктарыбызды туш-туштан тартып алып, бүт дүйнөгө таратууга жол бербесек, улутубузду жапайы, жатып ичер кылып башкаларга шылдың болбосок.
Ар бирибиз өз алдынча оокат кылып, бутубузга турууга умтулуп, бара-бара “кыргызчылык” дегенде иштерман, ойлоно алган, өңү-башы ажарлуу, байгер жашаган, кыскасы жагымдуу жана сыймыктандырган сезим жана сөз жараткан улутту элестеткен күнгө батырак жетсек кана?
XS
SM
MD
LG