Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:33

Эрте келчү жаз кайда, Дастаке?


Кар борошолоп жааган сайын Дастан Сарыгуловдун эрте жазы көзгө элестейт. Мал жаныбардын тишине чөп илешпей, көздөрүнө жашыл тукаба жайыт элестеп Арыстанбектин “кышы болбой”, Дастан Сарыгуловдун жазын күтүп, ал байкуштар тал-теректин боорун кажып, Ленинграддын блокадасындай күндө бири тыраят.
Мына ушинтип кыргыздын атпай көзү ачыктары, улуу ойчул-астролог Мишел Нострадамус болобуз дешип элдин башын айлантышканы мал-жандыктын абалынан эле байкалып калды. Кызарбай-бозорбой карандай калпты айтышып, элди азгырып жардан ары түрткүдөй эле болуп жатышат.

«Багыт» программасынын «Калемпиринде» Арыстанбек көзү ачыгы артынан ары куйкаланды эле, «Ой, мен Европанын суу ташкынын айткам» деп көзү алая араң кутулбадыбы. Уят эле болду. А «жаз онунчу февралдарга келет» деген Дастан Сарыгул уулу кайсы бир жерде пысып жаткандыр, жазын күтүп. Ал болсо «кана ошо, эрте келчү жазың?» дечү Эрнис Кыязовдун жаасынын жебесине илешпей качып жүргөн болуу керек.

Ай, Дастаке, сиз экөөбүз тең кур экенбиз, Абдылда куудул айтмакчы бир жерди бир жуп кысканча пенсиябызды алып жата бербейбизби, элдин башын айлантпай дегеним да. Сиз менен мага ким койду көзү ачыктыкты. «Өзүңдү алдаганың бир күнөө, бирөөнү алдаганың эки күнөө, элди алдаганың айыкпас күнөө» деп айтылат экен хадистерде. А сиз «Улутман» көрсөтүүсүнөн бери болбой, улут маселесинин да чаң-тополоңун чыгара турган болдуңуздар.

Мен бул ачуум келген макаланы жазмак да эмесмин. Караламан калктын ушуга окшогон жаныба көзү ачыктарга азгырылып, Бүү Мариясы баш болгон Дастаны, Арыстанбеги окшогондордун фанат дүйнөсүнө ишенип алгандарына ачуум келет.

Эй, эл-журт, жараткандын жазмышын көр пендеси өзгөртө алабы? Кышын болтурбай, жазын эрте келтире алабы? Булар жаратканга шек келтирип өз жүздөрүн өздөрү элге көрсөтүп алышты. Дагы эле Жараткан өзү пендесине кең пейил, ырайымдуу. Эгер жамандыгына алса, ошо фанаттар сөзсүз бизден мурда жансоогалашмак. Бул дүйнөнүн бар-жогуна акылдуулук менен карайлы, мамиле кылалы дегеним.

Буларга ишене коюшуп, карапайым эл мындай турсун, айрым абройлуу саясатчылар да «Адам-Ата кыргыз болгон», «Евроазия аймагы кыргыз каганаты болгон» деп дүйнө илимпоздор чөйрөсүндө шерменде болушууда.

Бир гана «Дастан Сарыгул, кана эрте келчү жазың?» деп айтаар сөз гана калды. Андайды ким айтаар экен, же дагы эле аны коргоп чыгышабы?

Мурзапар Үсөн, жазуучу, Баткен, «Музбулак» коругу.


"Азаттык:" Дастан Сарыгуловдун ушундай суроолорго жообун төмөнкү тасмадан көрүңүз.

Жүдөткөн жазгы кар
please wait
Embed

No media source currently available

0:00 0:01:48 0:00
XS
SM
MD
LG