Жума, Май 25, 2012 Бишкек убакыты: 03:30

Блог-Миңсанат

Эне тилин сүйбөгөн...

x
Текст көлөмү - +
Биз, кыргыздар көп колдонгон сөз бар го, “чыгынып” деген. “Чыгынып бир баштасам болот эле”, “Бир чыгынып койсом бүтүп калат эле”, же “Качан жасайсың тигил ишти?” деп бирөө сураса, “Чыгынганда” деп коюп жүрө беребиз. Өлчөм-ченеми жок, бирок адамды кандайдыр бир деңгээлде жоопкерчиликтүү кылып койгон убакыт ченеми.

Мен Интернет дүйнөсүнө аралашканына 10 жылдан ашып калган, жашоосун Интернетсиз элестетүү кыйыныраакка турган муунга кирип калдым. Айрыкча акыркы убактарда күнүмдүк турмушумдагы дээрлик баардык маалыматты Интернет булактарынан алам. Кесибим антрополог (адам таануучу) болгондуктан адамдардын жекече ой-пикирин, тажрыйбасын чагылдырган блогдор абдан жагат. Ата Мекенимден алыс жашагандыктан, мекендештеримдин блогдорун жантыгымдан жата калып окуйм. Бирок жана башта сөз кылгандай, чыгынбай жүрө берип, мен өзүм өмүрүмдө бир да жолу Интернетке макала чыгара элек экенмин.

Сөздүн кыскасы, мына азыртадан баштап, Ата-Журтум, эне тилим, маданиятым, кайын-журтум (АКШ) ж.б. тууралуу ой толгоолорум, тажрыйбаларым менен бөлүшүп, макала-блогдорду жазып турайын деп чыгынып жаткандагы кербезим.
Айтмакчы, минтип чыгынып калгандыгыма “Азаттыктын” кабарчысы Жанар Акаевдин кечээ-мурдагы күнү жазган “Урушпай эле жашайлычы...” деген макаласы түрткү болду десем болот. Окуп алып, жүрөгүмдү өйкөгөн ойлорумду, пикир-сунуштарымды мен дагы ушинтип жазып баштайынчы, бирөө болбосо бирөө кызыгып окуп калаар, ал гана турсун балким бирөөнүн дүйнө таанымына таасири тийер деп ойлодум.

Эки күндөн бери социалдык тармактарда бийликтеги адамдардын кыргыз тилин билүү туурасында талаш-тартыштары “тренд” болуп жатат. Мен алгачкы блогумду тил тууралуу баштоо менен, ошол талаш-тартыштарга “2 тыйын” кошумчамды кошуп коёюн.

Тил маселесине келгенде эле биз бири-бирибизди “сен маңкурт, мен маңкурт” деп келекелеп, “кыргыз эли улуу эл, кыргыз тили улуу тил” деп кур көкүрөк каккылап, анан бийликтеги  кыргызча эркин сүйлөй албаган он-он беш адамга асылганыбыз күчөп бара жаткандай. Албетте, талаш жок, эл башындагы адамдар мамлекеттик тилди билбөөсү абдан туура эмес, бирок ошол нерсе алардын иш-жөндөмүнө, өлкөнүн социалдык-экономикалык абалын жакшыртууга жасаган далалаттарына кесепетин тийгизип жатабы, менимче, маселе ошондо.

Балким азыркы учурда бийликтеги адамдардан мамлекеттик тилди билишиң керек деп талап койбой, мамлекеттик тилибизди сактоодо, өнүктүрүүдө, жайылтууда кандай иш чараларды көрүп жатасыңар деп талап койсок туура болчудай. Жашыруун эмес, азыркы убакта өлкөбүздө башка бардык өкмөттүк институттар менен катар, мамлекеттик тил институту жарытарлык иш алып барбайт. Орто мектептердеги окуучулардын жаман көргөн сабактарынын бири - кыргыз тили жана адабияты. Анткени окуу китептери аларга түшүнүксүз илимий тил менен жазылган, ал эми мугалим болсо “сын атооч, тактоочтун эрежесин жаттап келгиле, баланчанчы беттеги аңгемени дептериңерге көчүрүп келгиле, баланча жазуучунун чыгармасын окуп келип айтып бергиле” деген сыяктуу тилге болгон терең кызыгууну ойготпогон, ой жүгүртүү туудурбаган тапшырмалар менен чектелет. Орус тилдүү мектептерде андан да жаман.

Менин бир орус улутундагы кесиптешим кызынын үй тапшырмаларына жардам берүүмдү өтүнчү эле, кээде окуу китептерин карап алып ыйлагым келчү. Тилди тез жана эффективдүү үйрөнүп кетүүгө багытталган методология, стратегия деген нерселерден эч нерсе жок, жөн гана тексттердин жана грамматикалык эрежелердин жыйындысы.
Тексттер демекчи, кыргыз мектебин бүткөн мага дагы оор келген татаал тексттер. Тапшырма: окуп которуп, жөндөп келүү же асты сызылган сөздөрдү катыштырып жаңы сүйлөмдөрдү түзүү, жана башка, жана башка...

Эми бул көйгөйлөр баарыбызга тең эле айдан ачык деңизчи... Бирок негизги маселе, көпчүлүк ошол көйгөйлөрдү кантип чечебиз, оңдойбуз, мен кандай салым кошо алам деп талкуулабай, “кыргыз тилибиз куурап баратат, анткени “тиги Айтматова кыргызча сүйлөбөй койду”, “Бекешев элди жыргатпайт, кыргызча бир сөз айтпайт” деп эле бирөөнү күнөөлөп, эки экиден жаатташып, урушуп, талашмайлар... “Эне тилин сүйбөгөн, элин сүйүп жарытпайт” деп улуу сөздөрдү орундуу-орунсуз колдонуп көкүрөк койгуламай... “Кыргызча сүйлөсөм, орусча сүйлөгөн кыргыздар “мырк” деп атышат ” деп доомат койгондор... Ооба, бул маселенин баары бар, орчундуу, бирок талашып-тартышып, күнөөлүүлөрдү издеп, башка бирөөдөн бир нерсе күтпөй, ар кимибиз өзүбүздү жоопкерчиликтүү сезип, колубуздан келген аракеттерди кылып кыймылдай берсекчи?..

Балким, так ошол биз кыргызча билбейт деп жемелеп жаткан депутаттарыбыз тилибизди бүткүл мамлекеттик деңгээлде өнүктүрүүнүн эффективдүү системасынын долбоорун өз моюндарына алышаттыр, эгер алардын жиндерине тийип жемелей бербесек?.. Же мен алыста жатып алып эле, өзүмчө эле кыйын болуп, мүмкүн болбогон нерсени айтып жатамбы?

Ооба, куру сүйлөп жаткан жокмун. Тигил же бул чөйрөдө кыргыз тилин үйрөтүүгө, жайылтууга жан үрөп, өкмөтүбүздөн эч нерсе сурап, күтпөстөн эле, өз демилгелери менен долбоорлорду ишке ашырып жаткан адамдардан уучубуз куру эмес.

Төмөндө мен билген иш-аракеттердин тизмесин койбосом болбос:

- Кыргыз тилин үйрөнүңүз – Эл жана маданият менен байланышта болуңуз. Бакытбек Токубек уулу

https://www.facebook.com/pages/Kyrgyz-Language-book-Admired/112957458720511

- We want Kyrgyz Language in Google Translate www.enetil.kg

- Википедия кыргыз тилинде http://ky.wikipedia.org

- Кыргыз тилине байланышкан 17 кызыктуу сайт ttp://ht.ly/1gXgyE


Баса, Борбордук Азиядагы Америка университетинин кыргыз тил кафедрасы тилди абдан таасирдүү окутат, анткени филология илимдеринин доктору Гүлнара Айтпаевнын жетекчилиги астында тил окутуунун ыкмасын иштеп чыгышып, жогорку сапаттагы окуу куралын түзүшкөн.

Бул иш аракеттин баары өкмөт өз колуна алмайынча бүткүл мамлекеттик деңгээлде ишке аша албай, белгилүү бир чөйрө менен чектелип кала берет го...


Гүлжан Кудабай-Галлагер, АКШ
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: Smart каяктан: Bishkek
09.02.2012 20:50
Эң туура макала. Бирок ушул ресурстардын жана методикалардын бар экенине карабай эч бир мамлекеттик чиновник аларды колдонгусу келбейт. Себеби алар акча жок, кадрлар жок деген шылтоо менен эле өздөрүнүн гана ойлорун таңуулаган тааныштарынын заманга ылайыксыз, керексиз китептерин чыгарып саттырышат. Алар дайыма кадр жок, акча жок деп эле элди алдап олтурушат. Чындыгында бизде жакшы кадрлар, специалисттер жана методика бар, бирок аларды колдонсо канча мамлекеттик чиновниктер жумушсуз калат. Мисалы, англис тилин үйрөтүү Lingua, London school курстары же жөнөкөй эле Тынчтык Корпусунун кыргыз жана орус тилин үйрөтүү 2,5 айдын ичинде курсун алып карасак. Чет элдиктер кыска убакытта эле суйлоп жатышпайбы, же калппы,? Жоок, билсе да билмексен болгон министрликтер ошол эле Канат Сыдыков, Гулжигит Сооронкулов же Кыргыз Билимдер Академиясындагы чоң коррупционер- акча менен капчыктан башка тууралуу сүйлөшө албаган Мамытов Абакир Кыргызстандагы эң маанилүү орунда олтурса качан алдыга жылмакпыз. Өздөрүнүн гана чөнтөгүн ойлоп Кыргызстандыктарды уят, коррупционер кылып тааныткандар бийликте болсо качан оңолмок элек. Мен сыртка барып Кыргызстандыктардын жана кыргыздардын таламын талашып келгкен адамдардын күйгөнүнөн айткан сөздөрүн баалайм. А бул жерде бийликти атасынан калгансып, жумуш ордун үй кылып туугандарын толтуруп, каалабаган кишилерди кабыл албаган чиновниктердин пайдасынан зыяны. Бардык нерсени тез, конкретт үү жана жыйынтык бере турган кыргыз тилин окутуу методикасы бар. Кадрлар бар. Колдоо жана каалоо мамлекеттик чиновниктерде жок. Мына чындык. Ачуу, бирок туура чындык.
Пикирге жооп

кимден: Саш каяктан: Сопу-Коргон
13.02.2012 16:16
Билесизби Гулжан..кргыз тилин суйлой албагандар кыргыздын салт санаасын,маданиятын тушуно билбейт...Анан ошолор сиз айткан тилдин эффективдүү системасынын долбоорун өз моюндарына алышбайт...Андай ой да аларда жаралбайт.... Жогоруда айтылган Ширин Айтматова эжекебиз эмнеге буга чейин кыргыз тилин уйронуп алган эмес..мына кыргыз тилге кызыккан эмес........

кимден: Шабдан каяктан: Ордолуу Ош
09.02.2012 18:15
Негизинен макаланын мазмуну патриоттук маанайда жазылганын баалоого болот. Чынында эле кыргыз тилибиздин, ЭНЕ ТИЛибиздин онугуусуно озубуз кайдыгер карап келебиз. Аны онуктуробуз деп жатып кээ бир учурда адабий нормага ыксыз ашыкча элементтерди кошууга болгон аракеттер да жок эмес. Тактап айтканда диалектилик создорду да адабий тилге кошуу керек деген пикирлер бар. Ошондой демилгечилердин бири томондо клавиатуралык кол жазмасын калтырган Тынычбек агайыбыз. Аны германиядан жазган Жаныбекке карата кызуу кандуулук менен берген жоопторунан тааный аласыздар... Эми кеп анда эмес. Кеп кантип кыргыз тилин онуктуруудо, аны так, бардык региондордо жеткиликтуу кылып туура суйлоодо болуп жатпайбы, бул учун эн биринчи озубуз кыргызча суйлошуубуз керек, тилдик запасыбыздын тарып кетуусуно жол бербоо учун кыргызча адабияттарды коп окуубуз керек жана уй-булодо да, балдарыбыздан да ушуларды талап кылуубуз керек деген менин пикирим. Анан да телевидениенин кээ бир терс жактарынан уй-булоону коргоо керек. Мисалы, мен Ош шаарында жашагандыктан келинчегимден жана балдарымдан кыргызчаны так, тилибизге жат диалектилик создорду кошпостон суйлоону талап кыламын, ошондой эле озбек тилиндеги теле каналдарды корууго да жол бербеймин (озбек тилинин, менталитетинин таасиринен коргоо учун).

кимден: карбоз каяктан: орто-суу
05.02.2012 12:59
Гульжан азаматсын!!!

кимден: Тынычбек каяктан: Москва
03.02.2012 20:55
Жаныбек (Германия), Окурман, Tynchtyk (Talas), Казат,Talasbay (Bishkek), baha(moscow), Кыялбек (Москва), кыргыз (Кыргызстан).
Булар Шаамерчем айтмакчы "кай кыргыз кыргызыраак кыргыз" дей турган болсок, кыргызыраак кыргыздардын кыпкыргыз кыргыздары. Эмне үчүн кыргыздын ө, ң, ү тамгаларын танышат түшүнбөймүн. Аларды компьютерге киргизип алуу опоңой, негизи акысыз жана болгону беш он мүнөт убакыт кетет.
Гүлжан айтмакчы чыгынып көрбөйлүбү, туугандар.
Дареги бул жерде;
http://www.azattyk.org/content/kyrgyz_term_study_forum_soz_taanuu_sherinesi/2303052.html?page=4#relatedInfoContainer
Пикирге жооп

кимден: Жаныбек каяктан: Германия
05.02.2012 11:12
Тынычбек туура жазыптырсын, кыргызча тамгаларды колдонуп жазышыбыз керек, бирок кептин тору башкада болууда. Биз биринчи иреетте бийликтеги оз эне тилибизге кайдыгер аткаминерлер менен курош жургузгонбуз туура болоор эле. Кыргыз тилин расмий кылганга жолун издеш керек. Баардык мамлекеттик иш кагаздар кыргыз тилине отушу керек, ошондо кыргыз тамгаларын колдонбойм дегендер да, колдонууга мажбур болот. Олкобуздогу негизги мыйзамда бакыйып расмий тил, орус тили деп жазылып турса, кыргыздар кыргызча тамгаларды колдонобу, колдонбойбу, андан эч нерсе озгорбойт, б.а. кыргыз тили очкондон-очо берет. Биринчи мыйзамды ондош керек!!! Жакында эле килейген Жогорку Кенеште Карамушкина деген орус депутат, жалгыз эле ошо жерде отурган баардык калган депутаттардын оозун басып койдуго, мыйзамда расмий тил орус тили деп жазылып турат деп, конституцияны бетине кармап, ким каршы суйлой алды? эч ким. Ошол бойдон баары жым-жым болуп калды го.
Пикирге жооп

кимден: Жаныбек каяктан: Германия
06.02.2012 01:39
Тынычбек сен жазган, же айткан ойдо калет жок, сен жалгыз эмессин, мен дагы сенин айтканын менен макулмун, кыргызча тамгаларды колдонуш керек, бирок ушул сен жазган Раззаковтун акылман созун колдонгон кыргыздар азайып баратат деп ойлойм, себеби 2005чи жылдан бери, Акаев орус тилине расмий статус берип, кыргыз тилинин келечегине балта чапкан. Негизи ар бир олко мамлекет деп аталгандан кийин, бардыгы мыйзамдын негизинде болот, жалпы жарандар, коомчулук, баардыгы мыйзамга баш ийип, жогорку бийликте жургузулгон саясатка жана багытка туздонуп жашашат. Жогорку бийликтин саясаты сасык болуп, ооздору менен эле суйлоп, патриот болушат, иш жузундо эч нерсе жок. Ушундай келесо саясаттын азабынан азыркы жаш муундун окулдору кыргызча суйлогондон уялышат экен (кыргызча суйлосо "мырка" деп аташат деп коркушат экен). Кыргыз окумуштуулары, жазуучулары, акындары сонун кыргызча китептерди жазып чыгаргысы келет, же басылып чыккан китептер чан басып дукондордо, китепканаларда жатат, себеби мамлекеттин саясаты тескери болгон учун кыргызча окуган аудитория жылдан-жылга азайып баратат. Ата-энелер балдарын орус мектептерде окуткусу келишет, анкени мамлекеттин мыйзамы ошого туртуп атат, ошого жараша элдин муктаждыгы ушундай, балдары орус тилинде китептерди окуганы, билгени туура дешет. Тынычбек бироонун ойлорун чет кагып койуш оной эле, бирок маанисин тушунуш кыйын. Кыргызда жакшы соз бар: "Өзүндү эр ойлосон, башканы шер ойло" деген.
Пикирге жооп

кимден: Тынычбек каяктан: Москва
05.02.2012 18:11
Жаныбек, маселе ар бирибиз өзүбүздөн баштабастан, кимдир бирөө келип биздин тилибизди оңдоп берет деп сага окшоп күтүп олтургандыгыбызда. Качан мен сыяктуу сен да кыргыз тамгасын урматтап сыйлаган учурда гана, кыргыз тилинде туура жаза алганыбызда гана өзгөрүү башталат.
Раззаковдун: "Мен таза болсом, сен таза болсоң коом да таза болот", деген сөзүн, маанисин билип билбестен "сен таза болсоң, мен таза болсом, коом да таза болот", деп туура эмес жазып алып, ушул күнгө чейин бири бирибизди "эмне үчүн таза эмессиң", деп сындап олтурганыбыз олтурган. Кыргыз тили боюнча ар кимге акыл үйрөткүсү келген кишинин компьютеринде кыргыз тамгалары болушу шарт. Жокпу жакшысы унчукпа, кыйынсынба. Кыргызча туура жаза албаган киши кантип кыргыздарга кыргыз тилинен акыл үйрөтсүн?

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
03.02.2012 19:27
ЭНЕ-ТИЛ ! МЕН СЕНИ АЙЛАВЮ,ЛЮБЛЮ,СУЙӨМ ЖАНА СҮЙӨМ!!!!!!!!!!!!!!!!!

кимден: кыргыз каяктан: Кыргызстан
03.02.2012 14:42
Кыргызстанда журуп кыргыз тилине, кыргыз элине куйбой америкалыкка тийип алып эми калп эле куйумуш болобербесинчи. кыргыздын бардыгы ушундай суйлосо тилинен чан чыгат. молдонун айтканын кыл кылганын кылбадан башка арга жок.

кимден: tumarbek каяктан: Korea
01.02.2012 19:12
Guljan makalang eng sonun azamat. Menin pikirimche, arr kimibiz ozubuzdon bashtasak, jana ar kimibiz ene tilibizge azdan koshumchalap oltursak tilibiz ochpoit.Baary tarbiyada jatat emespi,Bashynan balany patriottuka tarbiyaloo kerek anyn kyrgyzcha suiloshun ukturuubuz kerek dep oiloim.Emi azyr bolso suiloshkon ele kyrgyz kyzy bolobu je jigit bolobu oruscha suilop oruscha bilbegendi kemsingtip jatpaiby.Bul abdan chong ooru bilgenge emne uchun oz tilibizdi jardylap ozgo tilge ogoi bala bolgondoi suiloshubuz kerek tuugandar?Ushunu ar kimibiz biri biribizden talap etip teskerisinche Kyrgyz turup bashka tilde suilogondordy MYRK degende kichine bolso da ongolot bele ? Meili suiloi bersin bashka tilde osho bashka ulutka barganda je bolboso osho bashka ulut Kyinalyp Kyrgyzcha suiloi albaganyn aytyp suranganda gana suiloi ber.Anan tilibizdi rasmiy til kylyp alyshybyz kerek bul eng bashky masele,bunu kotorgondo dagy mangkurtbailarybyz chyga kelet,emi baldarybyz oruscha bilbei kalat dep.Kyrgyzga kaisy til gerek bolso oshonu tez ele ozdoshturup alatko myna men dele KOREESCHE .suiloim dep jeti uktasam tushumo kirgen emes a birok turmush ushul eken ozu ele uirotup koidu tuugandar.Oshol syngaryndai ele kimge kaisy til kerek bolgondo turmush ozu ele uirotup koiot tuugandar.Anan dagy ozubuz Kyrgyzcha suiloboi jatyp bashka uluttarga Kyrgyzcha suilo dep talap koigonubuz tuura emestei.Ozubuzdukulordu da talap eteili jana bashka ulutdardy biz menen suiloshup jatkanda Kyrgyzcha suiloshko mildettyy ekenin ukturaily suranaily anan oz ara alar del oz tilinde suiloy berishsin buga Kyrgyz toskol bolgon emes emi da bolboibuz.

кимден: Кыялбек каяктан: Москва
01.02.2012 01:30
Гулжан , макалана чоон рахмат! окуп алып абдан ыраазы болдум. А берген 17 шилтемелерге дагы рахмат, мага абдан зоор жардам берди.

кимден: baxa каяктан: moscow
31.01.2012 22:44
Рахмат. Биринчиден алыста журсонор да Эне тилди кадырлап сыйлап анын осушуно оз салымынызды кошуп жатканыз кубандырат. Биз дагы Мекенден ото алыс болбосок да жалан Эне тилде суйлоп жашаганга аракет жасайбыз. Анткени азырынча Улуу Орус эли менен жашап алардын оз тилине ушундай сый мамиле жасагандыгын коруп суктанасын. Ушул улут элдери коптогон мамлекеттерде саякатта болушат жана иштешет.Бирок бир дагы бизчилеп озго тилде суйлогонун корбойсун.Биз эле болок коомго азыраак аралаша калсак эле болду.Мактаныч учун айтылабы же озубуздун канда барбы? Билбейм айтору кошумча тилде колдун келишинче октоп суйлоп калабыз. Ал нерсе озубуздун пикир алышкан адамыбызга кандай таасир калтырды. Аны элестетип да корбойбуз.Тээ илгери Биримдикте жашаганыбызда биздин агаларыбыз Аскерден келгенден кийин кыйла озгоргондой болчу да жанылышпасам азыраак маданият, суйлогон создору жанылык катары сезилчу.Ушул убакытта оз Эне тилибизди огойлоп чулдураган улан кыздарды коруп зейнин кейиит.Кыргызчалап суйлосон боло бай болгур десен деле тушунумуш болуп эле оз билгениндей жасайт. Анан айтасын да кечееги эле дагы бироонун баласы ушундай даражага жетиптир деп.Бул озгоруш жакшы жагына озгорбостон манкурттук жакка озгорулуп жатканы коркунуч болуп турат. Тил эле эмес болок улуттун маданиятарын журум турумдарын туура келбесе да окшоштурууга аракет жасап жашап жатканыбызды коруп айран тан каласын.
Озунор деле билгендей биздин коптогон кунумдук жашоодогу пайдалануучу создор кошумча тилге айланып кеткендей. Ал создор жат деле болбой калды.Мисалы : Койгой (проблема), Негиздуу (конкретно), Астейдил (серезьно) Мейли (давай) келтирилген создорду маектешкен адамга Кыргызчалап айтып корунуз да дагы кайталап айтынызчы тушунбодум дейт. Мисалы айталы: Койгой деп айтсан. Тушунбой туруп. (Проблема) десен бая эле ушуинтип айтпайсынбы дейт. Анткени маани бербей журуп ушуга окшогон создор бизге балачактан бери катуу сининип келе жатат.
Адабияттар жонундо туура пикир келтирипсинер.Чындыгында ото татаал маанидеги адабияттар менен мектепте сабак берилет. Кызыгы жок. Суз жугумсуз кылып жазылган, ачып окугунда келбейт эле. Силер белгилеп кеткендей эле: Эне тилден берген сабак жомокторго, дуйнодогу жана айылдагы ушак айынга айланып калар эле. Бул жерде мугалимдерибизге куноо койбойбуз. Бирок ошол адабияттар жонундо оздору айтып калышаар эле ото татаалдашылган илимий турдо деп.
Азыркы ааламдашуу маалымат дуйносундо Кыргыз тилин бизге окшогон жана келечектеги жаштарга маалымат дуйносун Кыргызчалап чагылдыруу адабий тилдерге суугаруу маалыматты сапатуу эне тилдин таасири аркылуу беруу керек. Буга бутубуз жапа тырмак киришсек жакшы болор эле. Маалымат алуу азыр кыйла женилдегендей болуп жатат. Ботон мамлекетте ун алгыны угуп, Кыргыз китептерин жанылыктарды окууга болуп калды.Кантсе да мамлекеттик дээнгелде туртку болмоюнча ушул нерсе ушул бойдон каалары шексиз. Бул нерсеге конул кош карабастан ар кимибиз аз салымыбызды кошуп турсак "Булак бир кун дайра болор " дегендей ойдомун.

кимден: Talasbay каяктан: Bishkek
31.01.2012 20:38
Саламатсыздарбы туугандар ! Мен да оз ойумду айта кетейин . Егер кыргыз тили учун куйуп жанган атуул болсок Кыргызчаны да мыкты деңгеелде билишибиз керек деген ойдомун.Менин билбей жургонум Кыргызчада 3 сөз бар экен маанилери бирибирене окшош бирок ар бири ар башка маанини берет экен, булар : Бороон, Борошо, Бурганак ! Сиздер билсеңиздер жазып койосуздарбы ? Суранам.
рахмат!!!
Пикирге жооп

кимден: baxa каяктан: moscow
31.01.2012 21:55
Таласбай Мен тилчи катары болбосо да кадимки биз турмушта пайдаланган создор аркылуу чечмелегенге аракетенейин:
Боорон - бул катуу шамалдын согуусу же кучтуу шамал.
Борошо - бул кар же жаан аралаш шамал менен бирге жаашы.
Бурганак - бул озу айтып тургандай кышында болуучу корунуш.
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)