Бейшемби, Май 24, 2012 Бишкек убакыты: 17:18

Блог-Миңсанат

Урушпай эле жашайлычы...

x
Текст көлөмү - +
Кыргызстанда адамдар ашкере орой болуп бараткандай сезилет. Корсулдаган, жектеген, ызырынган эле киши. Сыртта, үйдө, айылда, шаарда, маршрутта, кафеде, базарда айтор бардык эле жерде орой мамиле, сөгүнмөй... Мисалы, коомдук транспортто баратып бирөөнүн бутун байкабай тепселеп алган көрүнүштү эле алалы.
 
- Көзүң жокпу!
 
- Өзүң ары турбайсыңбы анан, жолду тоспой!
 
- Былжыраган акмак!
 
- Өзүң акмак!..

Кайым айтышуу кээде көпкө созулат, же бирөөсү бараткан жерине жетип түшүп калганда гана токтойт. Жашы менен карысы, орусу менен кыргызы, окуучу менен пенсионер болсун сөзсүз сөз кайтарып калмай.
 
"Кечирип коюңуз, байкабай калыпмын", - деп сылык кайрылып, жылмайып кечирим сурагандар сейрек. Базарга барсаң: - Алсаң ал, болбосо кармалай бербей коюп кой!
 
Интернеттеги социалдык тармактарда да атайын бирөөгө сын тагып, аны катыра сындап, урушуп, жамандап ырахат алгандардын саны көбөйдү.
 
Акыркы кезде кесиптештерим, досторум менен кафеге тамактанганы барган сайын мелдеше кетчү болдум. –Эй достор, келгиле байкап көрөлү, ушул официант кыз тамак алып келип, "тамагыңыз таттуу болсун!" - деп жылмайып коёбу же жокпу деп талашабыз. Тилеке каршы көпчүлүк официанттар тамакты тарс этип алдыңа коюп кетип калат. Алар көпчүлүктү түзөт.

Акыркы кезде сылык-сыпаа, токтоо, кичипейил адамдарга суусап, ошондой кишилерге жолуксам маанай бир аз көтөрүлө калчу болду.
 

Ажырашасыңбы, эшик ачык!

 
Жакында эле өз айылыма барып, жаштардын бири-бири менен сүйлөшүп алгандай жубайлары менен ажырашып атканына зээним кейиди. “Кетирдим, эмне андан башка кыз түгөнүп калыппы?” - дешет. Аялга орой мамиле мындай турсун, аялын эсин оодара чаап, анан аргасыз ажырашкандар да жок эмес. Айылдагы келиндерге боор оорубай койбойт, айрымдарынын кайненеси тынчын алганы аз келгенсип, күйөөлөрүнөн көңүл жылытаарлык сөз укпай, “кеткиң келсе, эшик ачык!” деп ороңдошот. “Кыргыз баатыр элбиз, эй!” деп мактанганыбыз мактанган, ошол баатырлык мүнөзүбүзгө бир аз кичипейилдикти да кошуп алсак ашыкча болбойт беле...
 
 Мына, азыр эле жаңылыктардан көрдүм. Президент Атамбаев быйылкы жылды Үй-бүлө, тынчтык, ынтымак жана кечиримдүүлүк жылы деп жарыялап, үй-бүлө институтун өнүктүрүү, коомдо ишенимди, калыстыкты, кайрымдуулукту жана кечиримдүүлүктү чыңдоо, этникалык саясат программасын кабыл ала турган болуптур.  
 
Эми, ишке ашса экен деген тилектер. Болбосо, кечиримдүү болгонго, бирөөгө жылуу сөз айтып, жылмайып коюуга акча деле кетпейт го акыры?

Ырчы Каныкей айткандай, “Келгиле, жашайбыз!” Бир аз күндүк өмүрүбүздө сен оруссуң, сен өзбексиң, сен кыргызсың деп улутка бөлүнбөй, сен оштук, бул нарындык деп жер-жерге бөлүнбөй жөн эле, жакшы өмүр сүрөлүчү! Жылмайып, кечиримдүү болуш баарыбыздын колубуздан келет, анан баарыбызга өзгөчө жарашып, жашообузду бир аз жеңилдетет болуш керек? Урушпай эле жашайлычы, кандай дейсиз?
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 5 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: Assel каяктан: New York
13.02.2012 02:17
Ayabai tuura syn pikir! Tilekke karshy bizde jylmayu bul uyat, je bolboso biroonun ustunon shyldyndoo katary kabyl alynat. Ozgocho uluu muundagyla, emne ele tyrjayip jylmyndait dep katuu alyshat. Ui bulo institutuna kelsek, bul degen koptogon socialdik problemmalar menen koshtolup kelet. Jetishpegendik, erte turmush kuruular (16-17 jashtan kyzdar turmushka chygyshat), erkek baldar deerlik ir jumushu jok, kesibi jok ele uilongonu shashat. Bizde jashtardy ui buloo kuruugo dayardoo nachar onukkon. Ozgocho erkek baldar. Ayalga sylyk sypai degen mamile oto ele az. Andai kylayin dese ata enesi, ejeleri tuura emes kabyl alyp, ayalinin sozun suiloit dep jemeleshet!!! Aytoor koomdogu keregi jok, buzuku steriotipterden arylysh kerek!!!

кимден: Асанкайгы каяктан: Тениртоо
09.02.2012 08:42
мундайларды кан басымдар деп атап койсок болот. бардык адамдар эле жылан чакбай жылкы тепбей туруп эле ороңдошо берсе анын нербинде нормаалсыздык бар дешке болот. менче кыргызыстан элинин килиматына сайясы килиматтын жакшы болбой жатуусу ары туруксуз болуусу таасир кылып элдер ушундай болуп жатышкан жери жокбу дегим келет...

кимден: Merim каяктан: Shveisaria
02.02.2012 23:54
Typ tyyra aitasiz Janar, men da mindai nerselerdi koptoooon beri baikap jyrom,,jakshi kiingen, ony -tysy syp sylyy bolgon ofisiant kizdardin oroilygy tash jegendei kilat,,Bazardagilar da siz aitkandai albasan tiibe deshet,,a magazinge kirsen bir jilmay,je y4yrashyy, koshtoshyy degen jok,, kaira jaman koryshot ,,Keede otyryp alip emnege kirgizdar yshyndai bolyp kalishti?-dep oiloim,ko4odon biroogo jilmaiip or4y ,Jindi go dep oiloit

кимден: Nur каяктан: Kochkor
02.02.2012 23:44
En tuura jazylgan!

Men alysta jyryp, Kyrgyzstandy, elimdi, jerimdi sagynyp kelsem, dayima kaysy jerde bolbosun - oroichulukka, sezimsizdikke, jek koryylyk, birin-birin togotpogon jerge kelgendey ele bolom.

Keede buga yzalanyp, ichim achyshyp kichine baladay yilap, ozym dy soortom. Antkeni, chyndygynda boorukerlik, sylyk boluu degen joktoy sezilet.

Kaida barbasan, seni aldagan ele kishiler. Senden kantip paida tapsam dep turgan ele kozdor.

Ofitsiantpy, dykonchyby je mamlekettik ishkanada ishtegen kishibi je kochonyn burchunda eptep ookatyn koryp jatkan adamby, baary birdey.

Bir nerse surasan bark-bark etip joop berishet je myskyldap butunan bashyna cheyin karap synashat.

Degi, bularga emne bolgon deim akyry. Anan chydabay, aitchy sozdy aityp uyalyp kalaar beken deysin. Birok, oilonup kalgandan koro, -Sen kim elen?,- dep kozynyn burchu menen aly kelgiche jinin chygaryp syilonyp, tetiri basyp ketishet...

Maga je biroogo oroiluk mamile jasagan adam, adam bolso oilonoor degen ISHENIM menen, Kyrgyzstanyma kaira kelgenge kyn sanap shasham.

кимден: Dinara каяктан: Germania
02.02.2012 16:28
Ayabay jakwi jazilgan makala eken,chindap ele bul oigoi kurchup barat.Kichipeildik,silik mamile,syi-urmat,uyaluu,oi jugurtup suiloo,jan duinonu tazartuu,tunuk oiloo,taza juruu.... mindai sapattar jok bolup baratkansyit.Birin-biri eptep aldoo,uwaktoo,jemeloo,jamandoo...kiskasi ....ehhhh... koomubuz kaisil jakka karap baratat. Taza,jakwi adamdar azaip baratkansyit...Eger uwul " uruwpai jawailichi " degen lozungdu biwkektin kocholorundogu reklamnyi shitterge ilip,televizordon rolik jasap,choon aksia uyuwtursanar kandai bolot,dostor!
Пикирге жооп

кимден: Tumar каяктан: Korea
03.02.2012 20:56
Eng tuura kocholorgo ilingen reklamalar eng chong roldu oinoit.Chong chong ishterdi jasoo kerek reklamalardy eng bashkysy tele beryylorgo sapattuu namysty keltyrgendei rolik reklamalardy azdan bolso da beryy kerek.Ataiyn jurnaldar bolso jakshy bolot, ech bolbogondo saittarga rolikterdi gezitterdin bir burchuna ushul urushpay jashailyshy degen yemaga joop bergen bir jakshylykka undogon kichine okuia kystara ketyy kerek oshondobir kyila ongoluuga obolgo bolot.Ananda baardygy tarbiyadan bolgonduktan multikterdi koiuu kerek telege jashtarybyz uchun bilem any chyngdorybuz da koroorun ushundai ishterdi jana ushuga okshogon temalardy kop kotoruu kerek AZAMATSYNG JANAR

кимден: ЭЛИЗА каяктан: ЖАЛАЛАБАТ
02.02.2012 13:48
Ооба адамдардагы сылык-сыпаалык бул биринчиден мамлекеттеги болуп жаткан оош-кыйыштар жарандарыбызга терс таасирин берип жатышы мумкун экинчиден уй-булодо кандай тарбия корсо кайсы гана жерде журбосун озунун адатын аткарат болуш керек деп ойлойм . Адам азундогу жаман сапаттарды жок кылуу учун озун-озу тарбиялаш керек

кимден: ahun каяктан: Ru
02.02.2012 13:23
Көтөргөн маселең эң туура деп эсептейм,Жапонияда ыйгарылган журналистердин сыйлыгына татыктуу экениңи дагы далилдеп жатасын. Чындыгында, оор басырыктуу калкыбыздын нерв системасы жукарып, ар кандай жагымсыз корунушторго негативдуу мамиле кылып,башка адамдын башындагы чопту коруп,озунун башындагы тоону корбой калган коомдогу кризис.Бул Кыргыз коомубуздун чон кемчилиги.Врачтардын айтымында акыркы 20жылдын ичинде журок оору 65тен жаштан 25 жашка жашарганын айтып жатышат. Демек, мамлекеттин элге болгон камкордугунун жетишсиздиги.
Баатыры миң болсо,
бийи бир болсо – эл болот,
бийи миң болсо, баатыры
бир болсо – эл бузулат
(Аттила)
Рахмат! сага ден-соолук,чыгармачылык ийгилик каалайм

кимден: саида
01.02.2012 01:07
Жанар азаматсың !!! Бакыт ишине ийгилик калайм. Бирок жакшы болмок мин кундо.Жаман болмок бир кундо дейт. Орустар айтчу звездный болезнь кармабай акылдуу жигит бойдон каларына мен ишенем.

кимден: мугалима каяктан: бишкек
31.01.2012 16:33
Жанар, чон рахмат макаланызга! Элдин чыныгы жигитисиз! Ден соолук анан Чооң чыгармачылык ийгиликтер, сизге!! Чынында эле эл, өзгөчө жаштар, оройлукту "крутизна" деп түшүнүп калыптыр. Ар ким өзүнөн баштаса, бардык нерсени, Конфуций айткандай. Чоң өрт дагы кичине ширеңкеден башталган эмеспи. Ар бирибиз күндө сылыгыраак болууга аракет кылсак, анан "эки киши урушса - акмакка теңелген акылдуусу күнөөлүү" экенин унутпасак.

кимден: Hayrulla каяктан: Moskva
31.01.2012 15:46
Salam aleykum mekendeshter? Janardyn oyuna men da tolugu koshulam, Azamatsyn Janar! Antkeni kyrgyz elime bul maseleni chechuudo jogoruda bir okurman aytkanday IYMAN gana jetishpey jatat chygar.Bizdegi biri biribizge bolgon oroi mamile, biroonu kemsintip maktoo aluu,jek koruu degen sapattar kuchop baratat.Bizge bul ubakata patriyottuuluka chykyra turgan ideologya jetishpey turat,mamleket jakwy bir ideologya alyp any baldar bakchasynan mektepten jayiltuu kerek, oshondo gana bizde tartip da sylyktyk da baary bolot dep oyloim... Ushul jaman korunushtutorgo bizdin janagy DEMOKRATYANY tuura emes tushunup oshogo amal kylganybyzda bolso kerek..............
Жалпы 5 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)