Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:27

Он үч кишинин өмүрү кыйылган он күн


Дордой жаңы конушундагы абактан качкандарды издөө операциясы. 16-октябрь
Дордой жаңы конушундагы абактан качкандарды издөө операциясы. 16-октябрь

Издөөдөгү Алтынбек Итибаевди жок кылуу учурунда эки жайкын тургун жана милициянын капитаны окко учту.

Капилет кыйылган үч өмүр...

№50 абактан качкан кылмышка шектүү Алтынбек Итибаевди тындым кылуу операциясы ИИМдин ыкчам аракеттенүү отрядынын атайын кызматкери (СОБР), 37 жаштагы милициянын капитаны Төлөбек Исмаиловдун өмүрүн алды. Аны акыркы сапарга узатуу зыйнатына өкмөт башчы Темир Сариев да катышты. Сариев Исмаиловдун баатырларча курман болгонун айтты:

- Төлөбектин ата-энеси, жубайы боздоп ыйлап отурушат. Жырткыч кылмышкер үч баласын жетим калтырды. Мамлекет мыйзам чегинде бардык жардамды берет. Президент миллион сом бөлдү. Мамлекет эсебинен үч бөлмөлүү үй беребиз. Мындан сырткары баатырларча курман болгон Төлөбектин атын түбөлүккө калтыруу максатында мамлекеттик сыйлыктар берилет.

Бишкекте өткөн коштошуу зыйнатынан соң маркумдун сөөгү туулган жери Нарындын Куланак айылына жөнөтүлдү. Артында аялы жесир, үч баласы жетим калды.

Сариев: терроризмге каршы аёосуз күрөш болот
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:10 0:00

Достук кичи районунда жүргүзүлгөн атайын операцияда Исмаиловдон тышкары дагы бир милиция кызматкери оң колунан жараат алган. Ага өкмөт 50 миң сом жардам бөлдү.

Эң өкүнүчтүүсү түн ичиндеги атышуулардан эки жай тургун да бейажал жарык менен коштошту. Алар Нарын облусунун жашоочулары 79 жаштагы Батыш Койчуманова жана 56 жаштагы Медет Какеев. Алдын ала маалымат боюнча кайнене менен күйөө бала атышуу учурунда милициянын огунан каза тапкан. Ок жаңылгандардын ар бирине президенттин фонду 300 миңден, өкмөт 100 миң сомдон жардам бөлдү.

Ал арада ИИМ башчысы Мелис Турганбаев эки тургун милициянын огунан каза тапса, жоопкерчилик алууга даяр экенин билдирди. Айтымы, учурда бул ишти шаардык прокуратура тергеп жатат. Турганбаев Итибаевди качырып-жашырып, ага көмөктөшкөн эки жаран камакка алынганын айтып, операция жүргүзүлгөн үйдүн тарыхын мындайча баяндады.

- Итибаев жашынган үй Эркингүл Мамбеталиева дегенге таандык экен. Анын уулу Кайрат Салиев мурда Итибаев менен террордук уюмда бирге жүргөн. УКМКда Кайрат Сирияда каза болгон деген маалымат бар. Анын аялы Нурсият Рыспекованы Алтынбек үчүнчү аял кылып алган. Биздин маалымат боюнча квартира Нурсиятка берилген, ал камакка алынды. Учурда үй ээси да суралып жатат.

Итибаевге кол кабыш кылды деп кармалгандардын экинчиси – 31 жаштагы Максат Абдрахманов. Алтынбекти Достукка унаасы менен ошол жеткирген.

Турганбаев: Итибаевге көмөктөшкөндөр кармалды
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:20 0:00

“Альфа” менен СОБР тирешеби?

Анткен менен кылмышка шектүүнү тындым кылуу учурунда үч кишинин окко учушу ИИМ кызматкерлерине болгон сынды күчөттү. Атайын кызматтын башчысынын мурдагы орунбасары Марат Иманкулов операцияны милиция эмес, УКМКнын антитеррордук “Альфа” бөлүгү жүргүзсө, мынчалык курмандык болмок эмес деп ишенет. Алтынбек Итибаевге ок жаадыруудан мурда аны тынч багынтууга аракет көрүлбөгөнүн чоң катачылык деп сынга алды.

- Ушундай учурда жөн тургундар өлмөк тургай, жаракат да албашы керек болчу. Бул үчүн ИИМ жооп бериши керек. Негизи ушундай операцияларды “Альфа” жасашы керек эле. Анткени алар ошондой операциялар үчүн атайын түзүлгөн жана дайым машыгып турушат. Болбосо эки түзүм бирге иштеши керек. ИИМ менен УКМКнын тиреши ушуга алып келди.

Учурда социалдык тармактарда ИИМдин дарегине Иманкуловго окшоп сын айткандар арбын.

Бирок ИИМ башчысы Турганбаев мындай сындарды четке кагып, “Альфа” менен СОБР окшош эле түзүм экенин айтууда. Ал операцияны кимиси кылбасын айырма жок деп билет.

Ал ортодо Алтынбек Итибаевдин бир тууганы Медер Бишкек аны операция болгон түнү милиция эч себепсиз 12 саат кармаганын, болбосо инисин куралсыз колго түшүрүүгө жардам бермегин "Азаттыкка" билдирди.

Ушуну менен 12-октябрдын түнүндө №50 абактан качкан төрт кылмышкердин издөөдөгү үчөө кармоо учурунда өлтүрүлүп, бирөө гана тирүү кармалды. Ал эми качууга аракет кылган беш кылмышкердин үчөө түрмөдө табышмактуу жагдайда жан берди. Акыркы окуяны кошкондо аларды кармоодо беш тартип сакчысы жана эки жай тургун ажал тапты. Бир сөз менен айтканда, абак качкындарынын окуясы он күн ичинде 13 кишинин башын жутту.

XS
SM
MD
LG