Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:44

Кулчулукта өткөн он жыл


Бутуна ок жеген Алтынбек Абдрахманов учурда ооруканада. 15-апрель, 2014-жыл.
Бутуна ок жеген Алтынбек Абдрахманов учурда ооруканада. 15-апрель, 2014-жыл.

Баткендин Бүргөндү айылында туулган Алтынбек Абдрахманов 10 жыл бою Казакстанда эмгек кулчулугунда жүрүп эми гана боштондукка чыкты. Бирок анын үй-бүлөсүнүн тагдыры дагы деле белгисиз.

37 жаштагы Алтынбек Абдрахманов 15 жылдан бери үй-бүлөсү менен кабарлаша элек. Ал 5 жыл Ошто иштеген жана 10 жыл бою Казакстандын Капчагай деген жеринде мал баккан.

Ал азыр шаардык №4 ооруканада дарыланууда. Кожоюну менен чатакташып кетип бутуна ок тийген. Алтынбек учурда психикалык басым алдында болгондуктан башынан өткөндөрдү так айтып бере албайт. Биз суроо берген учурда көздөрү элеңдеп, коркуп жатканы сезилип турду. Анткен менен биздин каарманыбыз 10 жыл ичинде казак кожоюнунан көргөн кордуктарын жанындагыларга төкпөй-чачпай айтып берген. Алтынбек менен бир палатада дарыланып жаткан Улукбек Апышев буларды айтты:

- Алтынбек тамеки чегип турганда көп нерселерди айтып берет. Бирок улам эле кожоюнун эстеп, коркуп турат. Буга менимче ийне сайып коюшкан окшойт. Маңкурт сыяктуу эле болуп калыптыр. Ар кимдин колунда мал багып жүргөн экен. Казактар айлыгын бербей сабап, иштеткенин да айтты. Кетерде акчасын сураганбы айтор, бутуна ок жеп, качып келиптир.

Учурда Алтынбектин өзүндө да, аялында да, Казакстанда төрөлгөн 3 баласынын да эч кандай документтери жок. Айтымында, жоголуп кеткен. Биз анын каралашар жакын туугандарын таба албай акыры, аяш энеси Курманжан Маматеминова менен байланыштык. Көрсө биздин каарманыбызды ооруканага жаткырып, ары-бери чуркап жүргөн ушул киши экен. Маматеминова Абдрахмановдун үй-бүлөсү тууралуу буларды айтып берди:

- Алтынбекти туугандары көп жылдан бери издеп жүрүшкөн. Апасы каза болуп калган, аны уга элек болушу керек. Атасы болсо оорукчан. Мен аны бирөөлөр аркылуу таап, ооруканага алып баргам. Операцияга кеткен чыгымдарын да төлөп жатам.
Он жыл кулчулукта жүргөн Алтынбек
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:46 0:00


Алтынбек бутуна туруу үчүн башынан дагы бир операция өткөрөт. Бул тууралуу аны дарылап жаткан врач Саатбек Ботобаев билдирди:

- Азыр абалы жакшы болуп калды. Жаңы келгенде бутунун баары ириңдеп кеткен болчу. Ириңин тазалап, сыныгын аппарат менен таңып койдук. Дагы бир операция жасалат. Эки жумада жакшы болуп калат буюрса.

Алтынбек Кыргызстанга келерде анын аялы үч баласы менен Жакып деген казак жаранынын үйүндө калат. Жакып мырза менен байланышканыбызда, алар белгисиз тарапка чыгып кеткенин айтты. Учурда бул факт боюнча тергөө иштери жүрүп жатканын ИИМдин маалымат өкүлү Эрнист Осмонбаев билдирди. Анын айтымында, Алтынбектин бутуна ок 12-февралда тийген. Ошондон бери бутундагы окту алдыра ала албай жүрө берген. Бишкекке 24-мартта келген.

- Алтынбек Абдрахманов 10 жылдай Казакстанда кулчулукта жүргөн. Бизге жеткен маалыматтар боюнча бул кишини белгисиз бирөөлөр аткан. Жанындагы шериги алган жаратынан каза болуп калган. Аткан киши соттолгон. Учурда бул факт боюнча биздин кызматкерлер иштеп жатышат.

Алтынбектин чиедей болгон 3 баласы жана жубайы азыр кайда экени белгисиз. Улуу баласы 6, андан кийинкиси 4 жашта жана кичүүсү 8 айлык. Аялынын аты-жөнү Мадина Жураева.

XS
SM
MD
LG