Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:11

“Ислам мамлекети” Кыргызстанга кастарын тигеби?


Террордук топтун катарында согушкан кыргызстандыктардын саны 500гө жетет
Террордук топтун катарында согушкан кыргызстандыктардын саны 500гө жетет

Эксперттердин башын кошкон "Бишкек форуму" талкуу борбору Кыргызстандагы улуттук коопсуздукту Париждеги теракттардын фонунда талкуулады.

“Бүтүн Кыргызстан Эмгек” партиясынын тең төрагасы Адахан Мадумаров демилгелеген талкууга коомдук ишмерлер, дин, коопсуздук боюнча адистер катышты.

Улуттук коопсуздук темасы алдын ала эки ай мурда мерчемделгени менен, эксперттер бул көйгөй Франциядагы теракттардан соң ого бетер курчуганын белгилешти. Мадумаров иш-чаранын максаты тууралуу буларды айтты:

- Азыр баары эле саясат менен алек. Парламент болсо кайсы кызмат кайсы партияга тиет деген маселеден колу бошобой жатат. Улуттук коопсуздукту ойлогон бир да жан жок. Ал эми Казакстан, Өзбекстан, Орусия коопсуздукка өзгөчө көңүл буруп, коңгуроо кагып жатышат.

Кыргызстан коргоого муктаж

Талкууда терроризмдин ыктымал коркунучтарына өзгөчө басым жасалды. “Дин, укук жана саясат” аналитикалык борборунун башчысы Кадыр Маликов Париждеги теракттар Кыргызстан үчүн да өтө кооптуу деген ойдо. Анын айтымында, президент Алмазбек Атамбаевдин Сирияга абадан сокку урган Орусияны ачык колдошу “Ислам мамлекети” террордук уюмунун кыжырына тийиши мүмкүн.

- “Ислам мамлекети” радикал тобу Орусияга каршы Борбор Азияда, анын ичинде Кыргызстанда теракт уюштурат деген коркунуч бар. Анткени бизде Орусиянын аба базасы бар. Экинчиден, биздин мамлекет Орусиянын "Ислам мамлекетине" каршы Сириядагы чабуулдарын ачык колдогон. Ошондуктан аскердик пландан алганда Кыргызстан коргоого муктаж.

Мамлекет башчысы ушул жылдын 4-октябрында журналисттердин суроосуна жооп берип жатып, “Орусиянын Сирияга аба соккуларын колдойбуз, анткени “Ислам мамлекети” террордук уюмуна каршы күрөш биздин да кызыкчылыкты көздөйт” деп билдирген эле.

Анткен менен коопсуздук боюнча мурдагы вице-премьер-министр Токон Мамытов “Ислам мамлекети” террордук тобу Орусия үчүн Кыргызстандан өч алат деген пикирлерге кошулбайт. Террорчул топ өзүнүн күчүн көрсөтүш үчүн Орусияга тиешеси жок өлкөлөрдө деле жардыруу жасашы этимал.

- Алар Түркия, Пакистан жана башка өлкөлөрдө деле теракт уюштурушту. Эми Жакынкы Чыгыштагы кырдаал Фергана өрөөнүнө да келиши мүмкүн. Ошондуктан кыргыз өкмөтү коопсуздук чараларын күчөтүүгө милдеттүү. Бирок терроризм менен бир да мамлекет өз алдынча күрөшө албайт. Биз ЖККУ, ШКУ менен бирге коркунучтарга каршы турушубуз зарыл.

УКМКнын маалыматына ылайык, Сириядагы согуштук аракеттерге катышып жүргөн кыргызстандыктардын саны 500гө жетти.

“Бишкек форумдун” кезектеги жыйыны келерки жылдын февралында өтүп, коопсуздук темасы кеңири масштабда талкууланат. Ага Борбор Азия өлкөлөрүнөн, Орусия, Кытай, Түркия, Иран, Ооганстан жана башка мамлекеттерден коопсуздук боюнча билермандар чакырылат.

XS
SM
MD
LG