Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:52

Белгилүү ишмерлер маданиятты жоктошту


Өкмөт үйүнүн алдында өткөн маданият ишмерлеринин акциясы.
Өкмөт үйүнүн алдында өткөн маданият ишмерлеринин акциясы.

Элүүгө жакын маданият ишмерлери 24-апрелде өкмөт үйүнүн алдына каршылык акциясына чыгып, бийлик маданият тармагын кароосуз калтырганын жүйөө келтирип, “эсил кайран замана” деп маркумду жоктогондой өкүрүп турушту.

Түтөгөн каңырык, ачуу чыккан өкүрүк

Бул өкүрүк маркумду жоктоп чыгып жаткан жок. Кадимки эле өкмөт үйүнүн алдында жоон топ маданий ишмерлери Кыргызстандагы маданиятты жоктоп ушинтип өкүрүштү. Алар бул акция аркылуу бийлик башындагыларды жоголуп бараткан тармакка көңүл бурууга үндөштү. Артыкпай Сүйүндүков, Садык Шер-Нияз. Эрнест Абдыжапаров баштаган белгилүү кинорежиссерлор, бир катар акын-жазуучулар “Эсил кайран, замана” деп өкмөт үйүнүн алдында өкүрүп турушту.

Акцияда көзүнө жаш алып маданиятты жоктоп ыйлаган маданият ишмери, кинорежиссер Садык Шер-Нияз өкүрүк аркылуу Кыргызстандагы бардык өнөр адамдарынын көз жашын бийликке жеткирүү максат экенин айтты.

- 20 жылдан бери маданиятка байланыштуу мыйзамдарыдын бирөө дагы иштебей келет. Биз маданият тармагына мыйзамда жазылган бюджеттин 3 пайызын эмес, 1 пайызга жетпеген каражатты алабыз. Анан кантип маданият көтөрүлсүн? Айылдагы клубдар азыр аткана болуп калды. Маданият үйлөрүндө мал багып жатышат. Эгер биз маданиятты, идеологияны көтөрбөсөк, мамлекетти жоготуп аларыбыз анык.

Садык Шер-Нияз маданият министри болуп жаңы дайындалган Камила Талиевага эч кандай ич күптүсү жок экенин баса белгилеп, азыркыдай жарыбаган каражат менен бул тармакты сыйкырчы да оңдой албайт деп кошумчалады.
Өкмөт үйүнүн алдындагы өкүрүк
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:19 0:00


"Маданият кресло талаштын курмандыгы"

Көпчүлүктүн сынына кабылган Камила Талиева буга чейин дарегине айтылган дооматтарды четке каккан эле. Ал убагында чоң-чоң мааракелердин сценарийин жазып жүргөнүн мисал тартып өзүн маданиятты мыкты билген адис катары сыпаттаган.

- Эмне үчүн бул маселелер буга чейин көтөрүлгөн эмес? Эмнеге духовный министр делген Султан Раевдин, Садык Шер-Нияздын убагында чыгышпайт? Мен жаңы гана келдим министрликке, убакыт беришсе өзүмдү көрсөтүшүм керек да. Биз биринчи кезекте профессионалдык искусствону өнүктүрүп, элди маданиятка тартышыбыз керек. Элдин бош убактысын маданий агымга бурушубуз керек. Маданияттагы эң башкы маселе каражатта. Бул жагын да буюрса ойлонуштурабыз.
Камила Талиева.
Камила Талиева.
Эгемендик алган 23 жылдан бери таш-талканы чыккан маданият тармагы бийлик тарабынан өгөйлөнүп келет. Мындай пикирин жаш акын Мирлан Самыйкожо ортого салды. Ал маданият министрлиги буга чейин бирде жоюлуп, бирде башка министрликке кошулуп келсе, эми минтип фракциялар ортосундагы кресло талаштын курмандыгына айланганын жаны кейип айтып жатты:

- Маданият министрлиги жетим балдай болуп дайым четте, босогодо калат. Маданият министрлиги карамагына бөлүнгөн “Ар-намыс” фракциясынын лидери Феликс Кулов жана депутат Турсунбай Бакир уулу министрликти жоюш керек деп жатышат. Министрлик жоюлса руханий дүйнөбүздүн абалы, мамлекеттин келечеги кандай болот?

Колдон-колго өткөн кызматтык орун

Деген менен “Ар-намыс” фракциясынын депутаты Турсунбай Бакир уулу министрликти жоюу идеясын төгүндөп, башынан эле энчиленген Маданият министрлиги буга чейин колдон-колго өтүп келгенин жашырбайт. Ал Талиева өз ишин мыкты билген өжөр болгондуктан фракциянын ишенимине ээ болду деп түшүндүрдү.

- Маданият министрлиги башынан бизге бөлүнсө да негедир аны ушу кезге чейин башка партиялар тескеп келген. Алгач “Ата-Журт” фракциясынан Ибрагим Жунусов, андан кийин “Ата Мекенден” Султан Раев министр болду. Эми гана өзүбүздөн министр шайладык. Талиева буга чейин вице-премьер-министр болгон тажрыйбалуу адам. Ал киши беттегенин ишке ашырат, андыктан мүмкүнчүлук бериш керек.

Маданий ишмерлер эң башкы маселе катары каражаттын аздыгын белгилеп, бийликтерден бул маселени тез арада чечүүнү талап кылышты. Буга чейин да бир катар маданий ишмерлер Камила Талиеванын маданият министри болушуна каршы маалымат жыйын өткөрүшкөн.
XS
SM
MD
LG