Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:09

Жаңы мэр Ибраимовдун "изи"


Албек Ибраимов
Албек Ибраимов

“Ыңгайсыз суроолор” телеберүүсү Бишкектин жаңы мэри Албек Ибраимов тууралуу иликтөө жасады.

Албек Ибраимовдун азан чакырылып коюлган аты Эркин экенин мектебине барып билдик. №58 мектептин мугалимдери аны Эркин катары билишет. Эркин мырза кийин Т9га көнүп алганы эле болбосо окууну ийгиликтүү аяктаган экен. Буга чейин айрым маалымат каражаттары Албек Ибраимовдун аты-жөнү Эркин Кунакунов болгонун, кийин белгисиз себептерден улам ысымын өзгөрткөнүн жазып чыгышкан. Ибраимов журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып достору аны Эркин деп атарын, бирок туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн өзгөртпөгөнүн айткан болчу.

Бишкекте теракт уюштурууга көмөктөштү деп шектелип, учурда УКМКнын тергөө абагында камакта отурган мурдагы “акжолчу” депутат Максат Кунакунов менен Ибрагимовдун туугандык байланышы тууралуу да ар кандай сөздөр айтылып келген. Мэр Кунакунов менен таеке-жээн экенин өзү да тастыктап отурат. Ошентип мэр атын эмнеге өзгөрткөн деген суроо ачык бойдон калды.

Эми анын буга чейинки ишмердигине кайрылалы. Эркин - Албек Ибраимов 97-жылдан бери Алмазбек Атамбаев менен жакшы ымалада экени белгилүү. Президент “Кыргызавтомашты” башкарып турганда Ибраимов бөлүм башчы, коммерциялык директор болуп иштеген. Ал эми Атамбаев Соода, өнөр жай жана туризм министри болуп турганда Ибраимов анын кеңешчиси болгон.

2010-жылдагы апрель ыңкылабынан кийин Албек Ибраимов кайрадан майлуу-сүттүү кызматтарда иштеп баштаган. 2010-11-жылдары Бишкек эркин экономикалык аймагын, 2011-12-жылдары “Дастан” ишканасын башкарган. 2012-13-жылдары президенттик аппараттын жетекчи орун басары болуп дайындалган. 2013-жылдан быйылкыга чейин “Манас” эл аралык аба майданын башкарып келген.

Эсеп палатасынын расмий маалыматында Ибраимов “Манас” аэропортунун башына келген 2013-жылы 2012-жылга салыштырмалуу чыгымдар 800 миллион сомго көбөйгөн. Анын 535 миллион сому же 8 миллионго жакын евро түбү кыргызстандык казак олигархы, Граф деген лакап ат менен белгилүү Алижан Ибрагимовго таандык учакка кенемте иретинде төлөнгөн. Анткени Falcon 7x MSN120 үлгүсүндөгү бизнес учакты “Манас” аэропортундагы жүк ташыган унаа сүзүп алып бир канаты керектен чыккан. Ошол кезде айрым талдоочулар ири суммадагы акча Графка соттун чечими жок эле мыйзамсыз төлөнгөнүн айтып чыгышкан. Анткен менен Ибраимов өз ишмердигинде бир да мыйзамды бузбаганын айтып келет.

“Манас” аэропортуна байланышкан дагы бир чуу 15-жылдын мартындагы Атамбаевдин Молдовага болгон сырдуу сапарына байланыштуу. Анда мамлекет башчысы молдова ишкери Владимир Плахотнюкка жолугууга анын "Эмбраер Легаси 650" учагы менен Кишиневго барган. Аталган сапарды израил жараны молдовалык олигарх Илон Шор уюштурганы, ага Ибраимовдун кол кабыш кылганы айтылып келет. Айтмакчы "Манастагы" Duty free дүкөнү Илон Шорго таандык.

Албек Ибраимовдун аты былтыр жазында дүң болгон. Маалымат каражаттары анын кеңешчиси Адылбек Султановдун айлыгы 160 миң сом экенин ашкерелеген. Мындан улам аба майданында митингдер өткөн. Ибраимов нааразылардын алдына чыгып, аталган маалымат ушак экенин, кеңешчинин айлыгын ачыкка чыгарган адамды "таап туруп керек болсо атып салуу керектигин" айткан жайы бар.

Жаңы мэр Ибраимовдун “изи”
please wait

No media source currently available

0:00 0:26:24 0:00

XS
SM
MD
LG