Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:22

Абак менен тыш дүйнөнүн мыйзамсыз байланышы


Кыргызстандын жабык жайларында эркинен ажыратылгандар чөнтөк телефон, интернет колдонушат.

Жаза аткаруу мекемелериндеги мыйзамдуулукту көзөмөлдөө боюнча прокурор Майрамбек Акматалиевдин айтымында, үстүбүздөгү жылдын 9 айында жаза аткаруу мекемелеринин 9 кызматкерине кылмыш иши козголгон.

Акматалиев алардын ичинен эң оор факты катары түзөтүү колонияларындагы жарандардын мекеме жетекчилиги тарабынан кул катары сатуу аракетин атады. Аталган орган абак жайларындагы мыйзамдуулуктун сакталышына көзөмөл жүргүзөт. Прокурор абак жайларынан жылына 3 миңге жакын телефон алынаарын ачыкка чыгарды.

- Абак жайларында отургандардын телефон колдонгонго укугу жок. Маал-маалы менен текшерүү иштерин жүргүзүп, тыюу салынган буюмдарды алып турабыз. Бир жылдын ичинде 3 миңге жакын телефон алынат. Ал эми "түрмөнүн ичине кыздарды алып кирет, уй саап ичет, чаржайыт басып жүрөт" деген болбогон сөз. Андай фактылар болсо кылмыш ишин козгомокпуз. Бул кылмыштын белгиси да.

Түрмө менен түз байланыш

Деген менен Кыргызстандын жабык жайларында отурган жарандар чөнтөк телефон колдоноору эч кимге жашыруун эмес. Жабык жайлардагы ачкачылык акцияларынын бир убакта башталышы деле телефондук байланыштын бар экенин тастыктап тургансыйт. Сөзүбүз куру болбосун, абактардын бирине 7 жылга кесилген жаран менен телефон аркылуу байланыштык. Ал түрмө ичине телефонду кантип киргизип алганын “Азаттыкка” мындайча ачыктады.

- Бул жактан бизге телефон колдонууга тыюу салышат. Телефонду сырттан бир нерселерге ороп алып келип беришет. Кызматкерлерге көрсөтпөй сүйлөшөбүз. Байкап калышса, изоляторго камап, кошумча жаза чектешет.

Атын атагысы келбеген каарманыбыз абактардагы шарттар мурдагы жылдарга салыштырмалуу кыйла оңолгонун айтууда. Сүйлөшүп жатып, анын жакындар менен жолугушуу, телефондук сүйлөшүү укуктары жөнүндө кабары жок экенин байкадык. Баса белгилей кетчү жагдай, маектеш биздин суроолорго атасынын төрүндө жаткандай ээн-эркин жооп берип жатты.

- Бизди врачтар убагы менен карап турат. Сүт жана башка тамак-аштардын баары бар. Бир сөз менен айтканда шарттар боюнча нааразылык жок. Жакындардан “передача” келгенде эмне алып келгенин кагазга жазып беришет. Биз ошол боюнча толуктап алып, кол коюп беребиз. Жолугушууга канча убакыт берээрин деле билбейм. Анткени мага эч ким деле келбейт. Ошондон бери ким келмек эле? Жокчулуктун айынан ушинтип отурам да.

Бир жарым миңге жакын адамды батырган Бишкектеги №1 тергөө абагынын башчысы Марс Жусупбеков тергөө абактары 2011-жылга салыштырмалуу ирээтке келип калды деген пикирде. Анын ишендиришинче, абактардагы кой үстүнө торгой жумурткалаган заман эчак эле артта калган.

- Телефондор ар кандай жолдор менен кирип кетет. Бизде иштеген 230 киши күн сайын текшерип турат. Азыр мурдагыдай кыздар кирбейт. 2012-жылга чейин камералардын эшиги ачык болуп келген болсо, азыр баары жабык. Баягыдай “общяктардын” деле таасири азайды. Маңзаттарга да каршы иштерди жүргүзүп турабыз.

Өзүн интернетте "эркин" сезгендер

Буга чейин айрым маалымат каражаттарында “Мегаком” чыры боюнча соттолуп, №1 тергөө абагында отурган Раушан Рыкунова Фейсбук тармагында өзү отураары бир канча ирет жазылган. Бул фактынын чын-бышыгын билүү үчүн Рыкунованын баракчасына салам-дуба жөнөтүп көрдүк эле кыпкыргызча жооп алдык. Телефон номурун сураганымда өзү байланышка чыгарын жазды. Көп өтпөй өзүн Рыкунованын жардамчысы экенин айтып, атын жашырган орус улутундагы адам Рыкунова Фейсбукта өзү отурбасын, ар кандай билдирүүлөрдү, бийликтегилерге карата сындарды жардамчылары аркылуу жарыя кыларын айтты. Фейсбуктагы баракчасы күн сайын жаңыланып турганына караганда анын жардамчылары огеле көп болушу мүмкүн.

Абакта отурган кримтөбөлдөр. Сүрөт качан тартылганы белгисиз
Абакта отурган кримтөбөлдөр. Сүрөт качан тартылганы белгисиз
Бул боюнча тергөө абагынын башчысы Марс Жусупбеков буга чейин Рыкуновадан бир канча телефон алынганын, учурда телефонго, интернетке чектөө койгон жабдыктар мекемеге орнотулганын билдирди. Айрым маалыматтарда diesel.elcat.kg сайтындагы форумдун модераторлорунун бири абакта отураары айтылып келет. Демек эркинен ажыратылгандар тыш дүйнө менен да, “каралар” дүйнөсү менен да телефон, интернет аркылуу тыгыз байланышта.

Түрмөлөрдү түрө кыдырган мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун абак жайларына кыздар кирип турат дегенге кошулбайт. Бирок маңзатты түрмөнүн кызматкерлери өздөрү киргизерин жашырбайт.

- Маңзаттар түрлүү каналдар менен кирип турат. Аны токтотуу мүмкүн эмес. Анткени абактын кызматкерлери бул ишке өздөрү аралашат. Алардын айлыктары аз болгондуктан ушул жолго барышат. Маңзатты түрмөдөгүлөргө кымбат баада сатышат. Болбосо абактагылар наркотикти кайдан алышмак эле?

Жабык жайлар тууралуу маалыматтын өзү да жабыкпы, айтор Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынан маалымат алууга мүмкүн болгон жок. Кыргызстанда жалпысынан 33 жабык жай болсо, анда кармалгандардын саны 13 миңге жакын.

Редакциядан: Макала даярдалып жаткан учурда №1 тергөө абагынын жетекчиси Марс Жусупбеков камакка алына элек болчу. Кенен маалыматты бул жерден окуй аласыз.

XS
SM
MD
LG