Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:10

Салмагы жок саясий партиялар


Жогорку Кеңеш. 2014-жыл.
Жогорку Кеңеш. 2014-жыл.

Стратегиялык изилдөөлөр боюнча улуттук институттун изилдөөсүнө таянсак, жер-жерлерде бийликтеги партияларга болгон ишеним кыйла азайган.

Изилдөө “Партиялык өнүгүү жана өлкө аймактарындагы шайлоо алдындагы кырдаал” деген тема алдында жүргүзүлүп, элеттеги, облус борборлорундагы партия өкүлдөрү, шайлоочулар сурамжылоого тартылган. Аталган институттун кызматкери Асел Дөөлөткелдиева парламенттеги саясий партиялардын рейтинги аймактарда төмөн экенин айтууда.

- “Ата-Журт” партиясынын рейтинги жадагалса Жалал-Абадда да түшкөн. Партия мүчөлөрү башка партияларга өтүп жатканын айтышууда. Анткени алар бул партиянын келечегинен күмөн санашат. КСДП партиясынын өкүлдөрү ар бир административдик борбордо болгону менен учурда бийликтин партиясына карата аябай негативдүү баа берилип жатат. Эл КСДПны азыркы өкмөттүн каталары үчүн да күнөөлөп жатат, ошондуктан бардык жерде эле рейтинги ылдый. “Республика” партиясын деле популярдуу деп айтканга болбойт. Өзгөчө бул партиянын аброю түштүктө түшүп кетти. Партия мүчөлөрү КСДП, “Бир бол” сыяктуу башка партияларга өтүп жатканы байкалат.

КСДПнын кадыры кеттиби?

Дөөлөткелдиева “Ата-Журт” партиясынын аброюнун түшүп кеткенине анын лидери Камчыбек Ташиевдин ак үйдүн тосмосунан секирип соттолгону, КСДПнын салмагы азайышына өлкөдөгү энергетикалык кризис сыяктуу көйгөйлөр себеп болгон.

"Ар-намыс" партиясынын жактоочулары.
"Ар-намыс" партиясынын жактоочулары.

Изилдөө жыйынтыгына ишенсек, жогорудагы үч партия сыяктуу эл арасында “Ар-намыстын” да баркы түшкөн. Анткен менен “Ата Мекенге” болгон ишеним туруктуу бойдон сакталган. Ошол эле учурда Жогорку Кеңешке өтпөсө да жер-жерлердеги 21 шаардык кеңештен мандат алганга жетишкен “Замандаш-Современник” партиясына үмүт арткандар аз эмес экени аныкталган.

Деген менен КСДП партиясынын лидери Чыныбай Турсунбеков изилдөө жыйынтыгын сын көз караш менен карайт. Ошентсе да ал саясий партиялар кыйын кырдаалга тушукканын жашырбайт.

- Бул жыйынтыкка бирдеме деп айтуу кыйын. Изилдөөгө ишенсе да, ишенбесе да болот. Анткени айрымдар сурамжылоону бирөөнүн заказы менен кылат. Эгер изилдөө объективдүү болгон болсо партиянын аймактагы өкүлдөрүн башка чаап иштетебиз. Эгер эл менен чабал иш жүрүп жатса, тиешелүү чараларды көрөбүз. Чынын айтканда, азыр кырдаал оңой эмес. Эл ичинде нааразычылыктар да жаралышы мүмкүн. Ошондуктан жакшылап иштөөгө туура келет.

Шайлоонун шарданы, баш кошкон партиялар...

Бул иликтөөнүн жыйынтыгына саясат талдоочу Эмил Жураев да кошулат. Анын пикиринде, эгер парламентте отурган партиялар келерки шайлоодон да “эски ыкмалар” менен жеңип чыгабыз деген ойдон арыла элек болсо жаңылышат. Анткени оозу күйгөн элет эли бардык партиялардын бергенин ала берет да, урнага келгенде иши менен үлгү болгон партияга гана добушун берет. Жураев ушул себептүү партиялар биригип гана жеңишке жетпесе, жалгыз-жарымдан шайлоодо эл добушун топтоо оор экенин айтууда.

"Республика - Ата-Журт" партиясынын лидерлери.
"Республика - Ата-Журт" партиясынын лидерлери.

- Парламенттеги беш партия тең кыйын абалда турат. Кийинки шайлоодо алардын баарын кайра өтөт деп айтуу кыйын. Алардын ордуна бириккен же жаңыдан түптөлгөн партиялар өтүп кетиши толук мүмкүн. Ошол себептүү саясий партиялар аймактарга чыгып эл менен иштеши керек. Кийинки шайлоодон күчтүү партиялар биригип эле утпаса, башка жол менен утуп чыгуу мүмкүн эмес. Эми шайлоого жакын дагы көп партиялар биригет, саясий альянстар түзүлөт.

Кыргызстанда расмий каттоодон өткөн 200гө жакын саясий партия бар. Талдоочулардын баамында, 2015-жылдагы парламенттик шайлоого партиялар эмитен кызуу кам көрүүдө. Буга далил катары “Ата-Журт” менен “Республиканын”, “Бүтүн Кыргызстан” менен "Бир болдун” саясий баш кошууларын айтып келишет.

XS
SM
MD
LG