Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:28

Эки министр кызмат менен коштошту


Эмгек, миграция жана жаштар министри Алиясбек Алымкулов 12-декабрда кызматтан алынды.
Эмгек, миграция жана жаштар министри Алиясбек Алымкулов 12-декабрда кызматтан алынды.

Президенттин жарлыгына ылайык билим берүү министри Канат Садыков менен эмгек, миграция жана жаштар министри Алиясбек Алымкулов ээлеген кызматынан бошотулду.

Алымкулов эми илимпоз болот

Бир күндө эки министрдин кызматтан алынышы коомчулукта кызуу талкуу жаратып, ар кандай жоромолдорго жем таштады. Дээрлик беш жыл бою Эмгек, миграция жана жаштар министрлигин жетектеген 43 жаштагы Алиясбек Алымкулов кызматтан өз эрки менен кеткенин айтууда. Ал өз каалоосу менен креслону бошотуп, башка министрлерге үлгү болууну чечкен.

- Биринчиден, мени эч ким кызматтан алган жок, өз арызымдын негизинде кеттим. Бийликте эле жармашып отура бербей, башка министрлерге үлгү болоюн дедим. Жаңы жылда жаңы министр келсин, башкалардын иштөөсүнө да мүмкүнчүлүк берүү керек да. Мени эч ким кет деп кысымга алган жок. Кечээ атам менен кеңешип туруп ушундай чечим кабыл алдым.

Алымкулов мындан ары саясаттан оолак болуп илимий иштер менен алек болорун кошумчалады.

КСДП "тазаланып" жатабы?

Парламенттеги Социал-демократтар фракциясы тарабынан көрсөтүлгөн эки министрдин кызматтан алынышын келерки шайлоого байланыштыргандар да жок эмес. Алардын бири эркин депутат Өмүрбек Абдрахманов. Ал КСДП фракциясы ичинен тазаланып, чабал министрлерди шайлоодо добуш топтой алчуларга алмаштыруу болуп жатат деген ойдо.

Өмүрбек Абдрахманов.
Өмүрбек Абдрахманов.

- Ушул эки министрдин реформа дегенден түшүнүгү жок. Өз ишин билбей эле коррупцияга аралашып, чектен чыгып баратышкан. Муну эл эле эмес, президент да сезди болушу керек. Бирок бул орун алмаштыруу жөн гана элди алаксытуу жана келерки парламенттик шайлоого даярдык. Анткени шайлоодо өзүн гана ойлогон министрлердин кереги жок. Бийликке элден добуш топтоп, партия үчүн иштеп бере тургандар керек да.

Абдрахманов Алымкуловдун кызматтан кетишине анын мурдагы ИИМ башчысы Абдылда Суранчиев менен жеке иштерин өкмөт жыйынында териштирүүсү жана парламенттеги этикадан тыш жорук-жосундары “чоң салым” болгонун кошумчалады.

Социал-демократтар фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков Садыков менен Алымкуловдун чарчап-чаалыкканын эске салып, алардын кызматтан кетишине өздөрүнүн жүрүм-турумдары себеп болгонун айтууда.

- Бул бир чети табигый көрүнүш. Анткени өз ишинен чарчап, коомчулукта кепке калган министрлер өз арызы менен кетип жатышат. Буюрса, алардын ордуна татыктуулар келет деп ишенем. Анын үстүнө Садыковдун жоопкерчилигин кароо боюнча Башкы прокуратурадан кат келген. Анан ал деле ой калчап, чечим чыгарды да. Албетте ар бир адамдын кылган иши, баскан-турганы анын тагдырына түздөн-түз таасир этет.

Алиясбек Алымкулов менен мурдагы ИИМ министри Абдылда Суранчиевдин чекишүүсү. 22.08.2014
Өкмөт жыйынында министрлер чекишти
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:18 0:00

Садыковдун санаага салган кылмыш иши...

Башкы прокуратура 25-ноябрда Кыргыз-орус славян университетине 24 абитуриенттин мыйзамсыз өткөнү боюнча депутат Каныбек Осмоналиевге кылмыш ишин козгоп, ага кол кабыш кылган билим берүү министри Канат Садыковдун жана аталган окуу жайдын ректору Владимир Нифадьевдин жоопкерчилигин кароо боюнча өкмөткө кат жолдогон.

Билим берүү министри Канат Садыков.
Билим берүү министри Канат Садыков.

Прокуратуранын маалыматында, Осмоналиев абитуриенттерден 14 миң доллар пара алып, аларды окуу жайга кабыл алуу өтүнүчү менен Садыковго кат жолдойт. Министр өз кезегинде депутаттын катын тиркеп, Нифадьевге кайрылат. Ошентип 24 абитуриент медициналык факультетке контракттык негизде кабыл алынат.

Кыргыз-орус славян университетинин профессору, саясат талдоочу Марат Казакбаев коррупциялык иш үчүн Садыковду кызматтан алуу аздык кыларын, керек болсо министрди да, ректорду да кылмыш жообуна тартуу керек деген пикирде:

- Медициналык факультет абдан престиждүү. Анан ошончо абитуриент кандайча өтүп кеткени суроо жаратат. Бул жакта коррупциялык схема бар экени көрүнүп турат. Башкы прокуратура туура кылууда. Министрди да, ректорду да жоопко тартуу керек. Нифадьевди кызматтан алуу үчүн Орусиядан макулдук алуунун кажети жок.

Бул боюнча Канат Садыковдон түшүндүрмө алууга мүмкүн болгон жок. Каныбек Осмоналиев болсо кылмыш иши саясий негизде козголгонун, абитуриенттерден эч кандай пара албаганын айтып келет.

XS
SM
MD
LG