Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:44

Парктын сатылган жери улутташтырылабы?


Ата-Түрк паркындагы бак-даракты аеосуз кыйып үй салуудан бир көрүнүш.
Ата-Түрк паркындагы бак-даракты аеосуз кыйып үй салуудан бир көрүнүш.

Депутат Дастан Бекешов Бишкек шаарындагы сейил бактардагы мыйзамсыз менчиктештирилген жерлерди улутташтыруу демилгесин көтөрүүдө.

Жогорку Кеңештеги “Ар-намыс” фракциясынын депутаты Дастан Бекешов сунуштаган мыйзам долбоорго ылайык сейил бактардагы менчиктештирилген жерлер улутташтырылып, мамлекеттин менчигине өткөрүлөт. Бирок ээлери жер тилкеси үчүн мамлекетке ижара акысын төлөп турмакчы. Дастан Бекешов муну маселени чечүүнүн эң цивилизациялуу жолу деп атады:

- Сот алар жерди мыйзамдуу алган деп чечип берген. Эгер биз ал жердеги үйлөрдүн баарын талкаласак, башка мамлекеттер аны көрүп, биз жөнүндө жаман ойдо калышы мүмкүн.

Бекешовдун айтымында, сейил бактарда мыйзамсыз салынып калган үйлөрдү мамлекет толук буздура албайт. Анткени сот чечимди жер ээлеринин пайдасына чыгарып берген. Депутат Дастан Бекешовдун демилгеси Бишкектеги Ата-Түрк, Кара-Жыгач, Фучик жана Жаштар сейил бактарындагы менчиктештирилип кеткен жерлерге тиешелүү.

Маселен, Ата-Түрк 1991-жылдан бери эки эсе, атап айтканда 107 гектардан 64 гектарга кыскарган. Буга чейинки Бишкектеги мэрлердин баары парктын канча бир бөлүгү мыйзамсыз менчиктештирилгенин моюнга алганы менен үйлөрдү буздуруп салууга батына алган жок. Экс-мэр Иса Өмүркуловдун Ата-Түрк паркындагы бүгүн-эртең бузулат деп убада кылган үйлөрү, тескерисинче, бийиктеп жана кеңейип отурду. Аталган сейил бакта азыркы мэр Кубанычбек Кулматовдун апасына таандык жер да бар.

Мамлекет өз жерин өзү улутташтырабы?

Сейил бакта мыйзамсыз менчиктештирилген жерлерди кайра алуу боюнча акцияларды уюштуруп келген активист Мавлян Аскарбеков мамлекеттин өз энчиндеги жерин өзү улутташтыруу демилгесин кабыл алгыс деп баалады:

- Ал жерлер мыйзамсыз алынган деп жүрүшпөйбү.Эми ошол мыйзамсыз иштерди мыйзамдаштырып, дагы бир ирет улутташтырабыз дегени эмне? Бул саясий коррупция жана саясий популизмдин жеткен чеги. Тыюу салынган жерлерди саткандар жоопко тартылып, ошол жердин баары мамлекеттики болушу керек.

Карапайым эл муктаждыгы

Ошол эле кезде Бишкек шаарынын четинен жер тилкесин сатып алып, үй салууга уруксат ала албай жүргөн карапайым адамдар көп. 32 жаштагы Жаныбек Калыков депутаттар саясий элитанын гана эмес, карапайым калктын да маселесин караса деген үмүттө:

- Бизге мамлекеттик каттоо кызматы 4 соткалык жерге айыл-чарбасына колдонуучу үчүн деп документин берген. Бирок ал жер трансформация болгон эмес деп, үй салганга уруксат бербей жатат.

Өткөн жумада премьер-министр Жоомарт Оторбаев Кара-Жыгач сейил багын кыдырды. Ал калаа башчысы Кубанычбек Кулматовго эки айдын ичинде сейил бакты тартипке келтирип, мыйзамсыз курулуштарга каршы чечкиндүү чара көрүү тапшырмасын берди. Бирок буга чейинкиге көңүл чаптырсак, мындай тапшырмалар бир нече жолу берилген, бирок ошо бойдон аткарылган эмес.

Иса Өмүркуловго прокурор 8 жыл сурады

Экс-мэр Иса Өмүркулов да Дайыр Асанов атындагы Жеңиш паркынын аянтын 16 гектарга кыскарткан токтомду мыйзамсыз кабыл алган деп айыпталууда. 12-июнда Бишкектин Октябрь райондук сотунда мамлекеттик айыптоочулар Өмүркуловдун үй-мүлкүн конфискациялоо менен 8 жылга эркинен ажыратууну соттон суранды. Ошондой эле экс-вице-мэр Бакыт Дүйшембиевди 6, шаардык каттоо кызматынын мурдагы башчысы Молдокмат Тезекбаевди, муниципалдык менчик башкармалыгынын мурдагы башчысы Мелис Кадырмамбетовду жана Бишкек башкы архитектура мекемесинин мурдагы башчысы Алмазбек Абдыкаровду 5 жылга эркинен ажыратуу суралды.

Ал арада Иса Өмүркулов өзүнө коюлуп жаткан айыптоолорду четке кагууда:

- 2010-жылы эл шаарды талап баштаганда бир да чарчы жерди бербей сактап калганбыз. Ал эми парк боюнча эч кандай мыйзам бузуу жок. Бардык жер муниципалдык менчикте.

Сейил бактардагы айрым жер тилкелери колдон колго өтүп, баштапкы кожоюндары алмашып кеткен. Ошондуктан аны кызылдай акчага сатып алгандардын да укугу сакталуусу керек деген пикирлер бар.
XS
SM
MD
LG