Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:11

Бишкек – Ош жолу убактылуу жабылды


17-октябрда жааган кардан улам Бишкек – Ош жолунда машинелердин тыгыны пайда болду.

Түнкү ызгаардан бери Төө-Ашуунун эки тарабында каз катар тизилип турган жүздөгөн машинелер 18-октябрда таңга жуук гана кыймылга кирди. Бирок түшкө маал жол кайрадан жабылды.

Синоптиктердин күн мурунтадан утур-утур эскерткенине карабай, айдоочулар да, чукул кырдаалдар кызматтары да тоолуу жолдорго жааган карга даяр эместиги байкалып калды. Мисалы, дөңгөлөгү жешилген унаалар тайгаланып, артынан ондогон машинелер тизилип турду.

Деңиз деңгээлинен 3500дөн ашуун метр бийиктиктеги Төө-Ашуунун эки тарабында 17-октябрда түш оогондон тарта жүздөгөн машине тыгылып калды. Бишкектен Ошту көздөй сапар тартып бараткан жүргүнчү Каныбек Данияров түнү бою тыгында туруп, эртең менен гана Суусамырга өткөн экен:

- Тыгында 2000-3000 машина бар десек болчудай го. Аркы бетинде да тээ этекке чейин чубалжыган машинелер турат. Айрымдары каршы тараптагы жолго өтө калып, анын айынан артындагы машинелер да туруп калууда. Ошентип бүгүн эртең менен саат тогуздан өткөндө Тешкен тоонун берки бетине өттүк.

Каныбек Данияров мындай маалыматты “Азаттыкка” күн шашкеде билдирген эле. Ал эми түш оогондон кийин Төө-Ашуудагы тыгын бир аз сээлдеп, машинелер акырындап жылып жатканы маалым болду.

Кыргызстандын түндүгү менен түштүгүн бириктирген жападан жалгыз жолдо тазалоо, кум себүү иштери 18-октябрда башталганын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынын өкүлү Ыкыбал Абдираимова билдирди:

- 2012-жылдын 17-октябрь күнү Жайыл районунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 124 жана 129-чакырымында калыңдыгы 40 сантиметрге жеткен кар жааганына байланыштуу унаалардын жүрүүсү кыйындады. Азыр Бишкек – Ош жолу убактылуу жабык.

Жол Бишкек тараптан Жайыл районунда, Жалал-Абад тараптан Чычканда жабылды. Төрт саат тыгында калып Бишкекке кирип келаткан Кантөрө Маматалиев жолдо жайкы кийимчендер, балдар, азыгы жок жарандар бар экенин кабарлады.

- Төө-Ашуунун аркы тарабында таңкы саат төрттөн онго чейин 4 саат турдук. Ала-Белден баштап Төө-Ашуудан түшкөнгө чейин кар, жолдор муз. Тыгын азыр деле турат.

Күрөө тамыр саналган Бишкек – Нарын – Торугарт, Тарас – Талас – Суусамыр, Ош-Эркештам жолдору жабылганы тууралуу маалымат айтыла элек. Бирок Гидрометеорология боюнча агенттиктин метеорология бөлүмүнүн башчысы Махмуба Касымова бардык бийик жерлерге 20 сантиметр калыңдыкта кар түшкөнүн билдирди:

- Бийиктиги деңиз деңгээлинен 1500 метр болгон аймактарда кар, андан төмөн болгон жерлерде жамгыр жаап жатат. Бардык жерлерде күн бүркөк. Ошондой эле бийиктиги 1500 метрден жогору аймактарда абанын температурасы минус, андан төмөн жерлерде абанын температурасы нөлдөн жогору болуп, жаан жаап жатат.

Бишкекте каар жаап жатат. Бирок Оштон Бишкекке жана ал жактан бери карай каттагандар эми деле жөнөп жатканы айтылууда.

Кыргызстанда тоолор жана капчыгайлар аркылуу созулган Бишкек - Ош каттамы кыш башталгандан жазга чейин көйгөй жаратат. Жыл сайын тайгактан жана кар көчкүдөн карабашыл адамдар курмандык табат.

XS
SM
MD
LG