Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:04

Канадалык компания кыргыз өкмөтүн доого жыкты


Таластагы Жерүй алтын кени. Бул кен боюнча да кыргыз өкмөтүн “Визор” компаниясы Гаагадагы эл аралык арбитражга берген.
Таластагы Жерүй алтын кени. Бул кен боюнча да кыргыз өкмөтүн “Визор” компаниясы Гаагадагы эл аралык арбитражга берген.

Москвадагы соода жана өнөр-жай палатасынын арбитражы канадалык Stans Energy Corp. компаниясынын доо арызын канааттандырып, кыргыз өкмөтүн 118 млн. доллар доого жыкты.

Канадалык ишкана Кеминдеги Куттуу-Сай жана Кале-Сай кендеринде сейрек кездешүүчү металл казууга, геологиялык чалгындоо жүргүзүүгө уруксат алганын, бирок кыргыз бийлиги активдеринен мыйзамсыз ажыратканын билдирип келген.

Кыргыз өкмөтүнө каршы 2 млрд. долларлык доо бар...

Кыргыз өкмөтү болсо аталган сот чечимине каршы жогорку инстанцияга доо-арыз менен кайрыларын билдирүүдө.

Юстиция министри Алмамбет Шыкмаматов Москвадагы сотту Бириккен улуттар уюму тааныбай тургандыгын айтат:

- Канадалыктар Москвадагы сотко берип жатышат. Мыйзам боюнча бул ишти алардын караганга акысы жок. Маселен, бир ишкана Орусия өкмөтүн сотко берсе, доо арызды биздин соттор карай албайт да. Эмне үчүн биздин чырыбызды Москвадан барып чечиш керек? Ошондуктан биз аларды Бириккен улуттар уюму тааныган сотко берип, мыйзам чегинде териштирели деп жатабыз. Москвадагы сотту БУУ тааныбайт.

Шыкмаматов кошумчалагандай, учурда кыргыз өкмөтүнө каршы эл аралык соттордо 9 иш бар жана алардын жалпы доосу 2 млрд. доллардын тегерегинде. Жакында эле британиялык Premier Gold Resources компаниясы кыргыз өкмөтүн инвесторлорду коргой албады деп эл аралык арбитражга кайрылып, 35 млн. долларлык доо койгон.

Канадалык компаниянын өкүлдөрү соттон кийин биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев менен жолугушкан. Бирок сүйлөшүүлөрдөн эч кандай майнап чыккан эмес.

Кыргызстандын тоо-кенчилер бирикмесинин төрагасы Орозбек Дүйшеев убагында кыргыз бийлиги тоо-кен тармагын иштетүүгө кызыккан чет элдик ишканалардын лицензияларын мыйзамсыз тартып алганын айтып, эл аралык сотто кыргыз өкмөтүнүн утуларын эскертет. Ал чыр-чатактарды сотко жеткирбей эле чечишип алуу эки тарап үчүн тең пайдалуу деген ойдо:

- Аталган кендерди убагында Жогорку Кеңештин депутаттары түшүнбөй туруп эле токтотуп салышкан. Жерүй сыяктуу кендерди Максим Бакиевдин убагында иштеп жаткан жеринен эле тартып алышкан. Эми болору болду, бирок кыргыз өкмөтү дагы деле инвесторлор менен тил табыша албай келет. Чет элдик компаниялар соттошпой эле мунасага келели десе кыргыз өкмөтү кепке келбей жатат.

Инвесторлор качып жатабы?

Тоо-кен тармагынан түшчү кирешеге үмүт артып жашап жаткан Кыргызстандын эл аралык сотто доого жыгылышы өлкөнүн аброюна терс таасирин тийгизет. Мындай пикирин экономикалык маселелер боюнча эксперт Азамат Акелеев билдирди:

- Азыркы соттошуулардын баары убагында инвесторлор менен туура эмес иштегендин жыйынтыгы. Ошондуктан мунун баары өлкөнүн инвестициялык климатына терс таасирин тийгизет. Forbes журналы да эки-үч жылдан бери Кыргызстанды экономикасы чабал, инвестициялык климаты начар өлкөлөрдүн катарына кошуп келет. Бул өлкөгө инвестиция салууну каалаган чет элдиктерди айнытат.

Жерүй алтын кени боюнча кыргыз өкмөтүн “Визор” компаниясы Гаагадагы эл аралык арбитражга берген. Бул сот ишти кароого кирише элек. Учурда документтерди топтоо жана иликтөөнүн үстүндө иш жүргүзүүдө.

Эл аралык арбитраждарда Кыргызстандын кызыкчылыгын коргоо үчүн кыргыз өкмөтүнүн алдында соттук териштирүүлөр боюнча борбор түзүлгөн. Мына ошол борбор Кыргызстандын кызыкчылыгын коргоону уюштуруп келет.

XS
SM
MD
LG