Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:53

Чет элдиктердин менчик укугу кайрадан талкууда


Ош шаарынын көрүнүшү
Ош шаарынын көрүнүшү

Парламентте башка өлкөнүн жарандыгын алган кыргызстандыктарга кыймылсыз мүлккө ээ болуусун кепилдөө боюнча мыйзам долбоору сунушталып жатат.

Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын бир катар депутаттары чет жактын жарандыгын алган кыргызстандыктардын укугун кыргыз жарандарына теңөө боюнча мыйзам долбоорун сунуштап жатат. Жер жана турак жай кодексине сунушталып жаткан өзгөртүүлөрдүн максатын демилгечилердин бири Бактыбек Калмамамтов мындайча түшүндүрдү:

- Мыйзамда Кыргызстандын мурдагы жарандары деп так көрсөтүлгөн. Бул мыйзам чет мамлекеттин жарандары үчүн иштебейт. Тагыраак айтканда, чет өлкөлөрдө иштеп жүрүп, айласыздан ошол жактын жарандыгына өтүп алгандарга гана тийиштүү. Аларды да түшүнүү керек. Анткени эмгек мигранттары бул жерде иш жок болгондуктан гана жарандыгын өзгөртүүгө мажбур. Бирок өлкөгө кайтып келгенде чет мамлекеттин жараны катары саналып кыймылсыз мүлк сатып ала алышпай кыйналып жатышат.

Сунушталып жаткан өзгөртүү парламентте 1-окууда колдоо тапкан жана жакын арада 2-окууга киргизилет.

Аты ижара, заты менчикпи?

Кыргызстанда кош жарандуулукка тыюу салынган. Бирок бир эле учурда өз мекенинин да, башка өлкөнүн да паспортун көтөрүп жүргөндөр аз эмес. Кыргыз мыйзамдары жарандыгын өзгөрткөндөрдүн чет өлкөлүктөр сыяктуу эле айрым менчик укуктарын чектейт.

Чет элдиктерге берилчү жер ижара деп аталганы болбосо, дээрлик менчик укугуна барабар экенин айрым адистер белгилешүүдө. Жогорку Кеңештин Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү комитетинин төрага орун басары Абдыжапар Бекматов чет элдиктер үчүн жерге, турак жайга менчик укугун берүү Баш мыйзамга каршы келет деген пикирде. Ал бул сунушту шайлоо алдындагы популизм катары баалады.

- Биздин мыйзамдар боюнча чет өлкөлүктөргө жер сатылбайт, болгону ижарага берилет. Биз ушул нормадан сыртка чыкпашыбыз керек. Айрым депутаттар кайрылмандарды, этникалык кыргыздарды жана эмгек мигранттарын кошуп эптеп эле ушул чектөөнү алып салууга жан үрөп жатышат. Бул менимче, шайлоо алдындагы популизм. Болбосо биз мыйзамдык принциптерден тайбашыбыз шарт.

Өкмөт токтому өзгөлөргө жан тартабы?

2013-жылдын ноябрында ошол кездеги өкмөт башчысы Жантөрө Сатыбалдиев кол койгон токтомго ылайык, чет элдиктер узак мөөнөткө жер тилкесин ижарага жана имараттарды жеке менчикке алууга укук алышкан.

“Ар-намыс” фракциясынын депутаты Кожобек Рыспаев мына ушул токтомду жокко чыгарып, чет элдиктердин кыймылсыз мүлк сатып алуу укугун чектөөнү сунуштап келет.

- Сатыбалдиевдин токтому менен Юстиция министрлигинин алдындагы атайын комиссия жоюлган. Аталган комиссия чет өлкөлүктөрдүн беш жылдык ишмердигин талдап туруп анан кыймылсыз мүлк алууга укук берчү. Азыр болсо баары эле сатып алып жатышат. Эч кандай чектөө жок.

Анткен менен мындай токтом Кыргызстанга чет элдик инвесторлорду тартууга түрткү болгонун ишкерлер белгилешет. Мисал үчүн “Бишкек парк” соода борборунун имараты түрктөрдүн жеке менчиги болуп саналат. Ал эми алдындагы жер мамлекеттики, эч убакта менчик деп саналбайт, болгону 49 жылга ижарага берилет.

Чет өлкөнүн жарандарына кыймылсыз мүлктөрдү сатуу жер тилкелеринин жана турак жайлардын кымбатташына себеп болот. Мындай пикирин “Эркин эл” саясий партиясынын лидери Мавлян Аскарбеков ортого салды.

- Өзүбүздүн жарандар жер, үй ала албай кыйналып жүрүшөт. Эгер чет өлкөлүктөргө мындай укук берилсе, кыймылсыз мүлктөрдүн баасы дагы асмандайт. Бул сунуш карапайым элдин кызыкчылыгына каршы келет.

Чет өлкө жарандарынын кыймылсыз мүлккө болгон укугу көптөн бери талаш жаратып келет. Акыркы убактарда буга кайрылмандар менен чет өлкө жарандыгын алган кыргызстандыктардын жерге болгон укугу кошулду. Бейрасмий маалыматтар боюнча миллионго жакын кыргызстандык чет өлкөлөрдө эмгек көчмөндүгүндө жүрөт.

XS
SM
MD
LG