Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:19

Депутат мэрдин отставкасын талап кылууда


Кубанычбек Кулматов.
Кубанычбек Кулматов.

Бишкек шаардык кеңешинде калаа башчы Кубанычбек Кулматовго ишеним көрсөтпөө демилгеси көтөрүлдү.

Бишкек шаардык кеңеши 29-апрелде мэрдин калааны өнүктүрүү боюнча толукталып, иштелип чыккан долбоорун талкуулаганы жатат. Мунун алдында Шаардык кеңеште калаа башчыга ишеним көрсөтпөө демилгеси көтөрүлдү. Оппозициялык “Республика” фракциясы бул сунушту ушул жума ичинде талкуулап, чечим чыгарат. Ал эми коалициялык көпчүлүктөгү депутаттар долбоорду сессияда карай электе мындай демилге көтөрүү эртелик кыларын эскертишүүдө.

Мэрге ичи чыкпаган эл өкүлү

Калаа башчысы Кубанычбек Кулматовго ишеним көрсөтпөө демилгесин ачык көтөрүп жаткан депутат Эрнис Докенов шаар кеңешиндеги оппозициячыл “Республика” фракциясынын мүчөсү. Ал мэрди биринчи кезекте шаарды өнүктүрүү боюнча убада кылган долбоорун айдан айга создуктуруп, ишке жөндөмсүздүгүн көрсөтүп жатат деп сындады:

Эрнис Докенов.
Эрнис Докенов.

- Шаардык кеңештин депутаттары калааны көрктөндүрүү, өркүндөтүүгө багытталган сунуштарды киргизгенбиз. Мэр эч качан бизди укпайт. Өз билгенинен баш тартпайт. Реклама департаментин, Унаа токтотуучу жайларды тейлеген дирекциянын ишин кыскартууну сунуштап жатат. Биз ага каршыбыз. Бул ишканалар калаа үчүн керек. Жолдордун абалы кейиштүү. Кулматов шаарды талкалаганы келгенби, билбейм.

Докенов Кубанычбек Кулматов калаа башчы болуп келгенден бери таштанды тазалоо, жолдорду оңдоо маселеси начарлап, көрктөндүрүүгө көңүл бурулбай, Бишкек эң кир шаарга айланып жатканын кошумчалады.

Депутат өз демилгесин бир топ депутаттар колдоп жатат деп ишендирди. “Республика” фракциясынын лидери Мирлан Жээнчороев мэрге ишеним көрсөтпөө сунушу ушул жумадагы фракциялык жыйында каралып, андан соң бир чечим кабыл алынарын билдирди.

Мэрдин отставкасын талап кылууга али эрте

Ал эми каолициялык көпчүлүктөгү КСДП фракциясынын депутаты Жусуп Бошкоев ишеним көрсөтпөө маселесин долбоорду сессия карагандан кийин көтөрүү жөндүү деп эсептейт:

Жусуп Бошкоев.
Жусуп Бошкоев.

- Мэрди кетирүү Докеновдун жеке пикири, жеке демилгеси эле болуп жатат. Кулматов алты ай мурун сунуштаган өнүгүү долбоорун депутаттар канааттандырарлык эмес деп таап, артка кайтарганбыз. Кайра иштеп чыкты. Жакында сессияда карайбыз. Сыныбыздан өтпөй калышы да мүмкүн. Ошондуктан чечим чыгарууга эрте.

Экономист, Жаш ишкерлер ассоциациясынын төрагасы Руслан Акматбек мэр сунуштаган долбоорлордун ишке ашышына бир аз убакыт берип, сыноо керек деген пикирде:

- Жарандарга кызмат кылуу системасын өзгөртүү өтө оор. Мэрдин жасаган жумуштарынын баарын начар деп айтууга болбойт. Ишкерлерди колдоп келатат. Калаанын өнүгүшүнө ишкерлердин салымы керек. Ошондой эле коомчулук да мэрдин сунуштарын сындай бербей, аны аткарып көрүшү зарыл. Майнаптуубу же жокпу, ошондо билинет. Демилгенин ишке ашышы үчүн убакыт талап кылынат.

Тешик жолдордогу жазуулар

Социалдык желелерде жарыяланган сүрөттөрдүн бири.
Социалдык желелерде жарыяланган сүрөттөрдүн бири.

Анткен менен калаа башчысынын ишине коомчулук арасында да нааразы пикирлер арбын. Айрыкча, таштанды жана жол маселесине сын айткандар көп. Ал эмес активисттер жолдордогу чуңкурларга мэрдин фамилиясын жазып коюу демилгесин көтөрүп, анын эскиздерин интернетке жарыялай баштады.

Азырынча Кубанычбек Кулматов ага ишеним көрсөтпөө демилгесине байланыштуу пикирин билдире элек. Бирок Фейсбуктагы баракчасына быйыл жарандардын суранычы менен шаардагы 70тен ашуун көчөлөрдө жамоо иштери жүрөрүн, көрктөндүрүү жумуштары жаан-чачынга жана тендер өткөрүүдөгү көйгөйлөргө байланыштуу артка сүрүлүп келгенин жазды.

Кубанычбек Кулматовдун 20-апрелде "Фейсбукка" жазган билдирүүсү.
Кубанычбек Кулматовдун 20-апрелде "Фейсбукка" жазган билдирүүсү.

Кулматов Бишкектин мэрлигине 2014-жылдын башында шайланган. Былтыркы сессиялардын биринде мэрдин ишмердигин төрага Марат Аманкулов башында турган коалициялык көпчүлүк да сындап чыккан эле. Шаардык кеңештеги коалициялык көпчүлүк КСДП, “Ата Мекен” жана “Замандаш-Современник” саясий партияларынан турат. “Республика” фракциясы оппозицияда.

XS
SM
MD
LG