Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:35

Кулматов таштанды үчүн президенттен жеме укту


Президент Атамбаев менен Бишкек мэри Кубанычбек Кулматов. 1-сентябрь, 2015-жыл
Президент Атамбаев менен Бишкек мэри Кубанычбек Кулматов. 1-сентябрь, 2015-жыл

Өлкө башчысы 1-сентябрдагы билим күнүнө карата куттуктоо сөзүн мектеп менен баштап, аягын калаа башчысы Кубанычбек Кулматовго карата сын менен бүтүрдү.

Таштандыга толгон шаар, баш ийкеген мэр...

Президент Алмазбек Атамбаев шаар башчы Кубанычбек Кулматов убагында Бажы кызматында жакшы иштегенин, бирок мэр катары өзүн көрсөтө албаганын айтты. Соңку 1, 5 жылда таштанды маселесин шаар бийлиги менен талкуулабаганын моюндаган президент Кулматовго Бишкек тазарбаса, башка жумуш издеңиз деп талап койду.

- Эгер Кубаныч Кеңешович, жыл соңуна чейин шаарды таштандыдан тазалоо ишин тартипке келтирбесеңиз, башка жумуш издешиңиз керек. Алыңыз жеткен, мүнөзүңүзгө жараша иш кыласыз. Шаар деген такыр башка иш, кагаз, чиновниктер менен эмес, биринчи кезекте шаардыктар менен иштөөгө туура келет. Эгер шаардыктар сизге ишенбесе, колдобосо, анда кызматтан кетүүгө туура келет. Дагы үч-төрт айыңыз бар, шаарды тартипке сала албасаңыз колуңуздан келген башка иш кылыңыз.

Бишкектин көчөсүндөгү жазуу
Бишкектин көчөсүндөгү жазуу

​Мэр Кулматов Атамбаевдин сынын объективдүү деп эсептейт. Ал шаардын акыр-чикирден арылбай жатышын өзүнөн эмес, тиешелүү техниканын аздыгынан көрөт. Атамбаев менен буга чейин таштанды тууралуу сүйлөшүп келгенин баса белгилеген Кулматов жаңы жылга чейин Бишкек тазарат деп ишендирүүдө.

- Таштанды чыгарууга машинелер жетишпей жатат. Аны буюрса чечебиз. Анткени менчик компанияларды да киргизебиз. Үч-төрт айда реформаларыбызды аягына чыгарып, Бишкекти таштандыдан тазалайбыз. Жолун билебиз. Муниципалдык жана жеке ишканалар бирге иштешет.

Кулматовдун таянганы Орусиябы?

Калаа башчысы мурункуларга салыштырмалуу куурай башын сындырган жок. Мындай пикирин шаардык кеңештин депутаты Мирлан Жээнчороев ортого салды. Ал “Республика” фракциясы Кулматовдун иши канааттандырарлык эмес деп буга чейин эле тапканын, үч-төрт айда убадасын аткара албасын айтууда.

- Шайланганына 1,5 жыл болсо анын төрт айын программасына кетирди. Ал кызматка келери менен эч кандай каражаты жок эле көчө чырактарды, таштандыны чечем, бир гана менеджмент керек деген. Ал шайлоо алдында ушундай убада берген. Бирок арадан алты ай да, бир жыл да өттү. Эч нерсени чече алган жок. Алдыда деле чече албайт.

Бишкектеги таштанды талаасы
Бишкектеги таштанды талаасы

Таштандылар убагында тазаланбайт деп нааразы болгон шаардыктардын көптүгүнө карабай президенттин Кулматовго эми гана сын айтышына таң калгандар аз эмес. Саясий эксперт Бакыт Бакетаев Атамбаев кескин билдирүүсү менен Орусияга таянган Кулматовдун кетерин кыйытты деп эсептейт.

- Албетте, Кулматовдун артында Орусиянын таасирдүү адамдары турат. Бирок шаарга ушундай шалаакы мамиле кылса, президент анын ким экенине карабайт. Менимче, буга чейин Атамбаев эч кимге минтип катуу сын айткан эмес. Бул Кулматовдун ордуна башка мэр карай бергиле дегенден кабар берет.

Кубанычбек Кулматовду 2014-жылдын 15-январында шаардык кеңеш мэр кызматына шайланган. Андан бери айрым депутаттар ага ишеним көрсөтпөө маселесин бир нече ирет көтөрүшкөн. Кулматов калаа башчылыгына чейин Чүйдүн губернатору, Бажы кызматынын төрагасы болуп иштеген.

XS
SM
MD
LG